КЫЛМЫШТАР ЖАНА КЫРСЫКТАР

ПАРА БЕРЕМ ДЕП КАРМАЛДЫ
Өткөн аптада Баткен ОИИББинин Мыйзамсыз кирешелерди легалдоого каршы бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кадамжай РЭСинин жетекчилеринин бири пара берди деп шектелип кармалды. ИИМдин маалымат кызматынын билдиришинче, анын үстүнөн жергиликтүү элдин жарыгын өчүрүп, мыйзамсыз айыптарды салып жүргөнү тууралуу аталган райондун жашоочуларынын биринен арыз түшкөн. Ал арыздын негизинде Кадамжай РЭСи текшерүүгө алынып, анын жетекчилеринин бири чындап эле мыйзам бузуу аракети менен элден акча алганы аныкталган. Кыңыр иши билинген соң бул фактыны жаап берүүнү суранган Кадамжай РЭСинин кызматкери миң доллар өлчөмүндөгү параны милиция кызматкерлерине сунуштаган. Тилеги таш каап, үстүбүздөгү жылдын 20-апрелинде милиция кызматкерлери анын ишин жаап бергендин ордуна колуна кишен салышты. Учурда кылмышка шектүү Кылмыш жана жаза кодексинин 314-беренеси (пара берүү) менен айыпталып, убактылуу кармоочу жайга камалды.

КРИМАВТОРИТЕТТИ АТКАНДАР КОЛГО ТҮШТҮ
2013-жылдын 2-апрелинде болжол менен саат 18:00 чамасында Кочкор-Ата шаарындагы үйлөрдүн бирине 3 бейтааныш адам кирип келип, үй ээсин тапанча менен атып жарадар кылып, андан соң күч колдонуп БМВ үлгүсүндөгү автоунаага салып кеткендиги тууралуу милиция кызматкерлерине маалымат келип түшкөн. Көп өтпөй Кочкор-Ата шаарынын чет жакасында жайгашкан Кара-Булак деген аймакта катуу төпөштөлгөн белгисиз киши табылганы тууралуу дагы бир кабар жеткен. Жабырлануучу аймактык ооруканага жеткирилгени менен, денесинен алган жарааттардан улам ошол эле күнү көз жумган. Маркумдун аты-жөнү такталып, ал Кочкор-Ата шаарынын тургуну, 1977-жылы туулган И.Т. аттуу (каймана аты Ика) мурда бир нече ирет сот жообуна тартылган жергиликтүү кримавторитет болуп чыккан.
Бул иш боюнча Ноокен РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүүлөр изделип, натыйжада 2013-жылдын 20-апрель күнү мурда бир нече ирет соттолгон, 1985-жылы туулган Ж.А. жана 1983-жылы туулган П.С. аттуу аталган райондун тургундары кармалды. Алардын жанынан кылмышка далил буюм – травматикалык тапанча табылган. Ал эми БМВ автоунаасы айып аянтчасына токтотулган. Маалыматтарга караганда кылмыш «разборка» учурунда болгон. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

СТУДЕНТТЕР МАЙ КУЮУЧУ ЖАЙДЫ ТОНОШКОН
Бишкек шаардык Октябрь РИИБинин кызматкерлери мындан 2 ай мурун болгон кылмыштын бетин ачышты. 2013-жылдын 21-февралында болжол менен түнкү саат 3төр чамасында Бишкек шаарындагы май куюучу жайлардын бирине 20-25 жаштардагы 4 жигит Ауди-С4 үлгүсүндөгү жеңил автоунаа менен келип май куйдурган соң кызматкерлерин тапанча менен коркутуп 40 000 сом акчаны тоноп кетишкен. Мындан тышкары алар видеокөзөмөл кылуучу мониторду талкалап, андан соң из жашырышкан. Кылмышка шектүүлөрдүн артынан сая түшкөн милиция кызматкерлери 20-апрелде тузакка илишти.
Кылмышка шектүү деп кармалган 1993-1994-жылы туулган 4 жигиттин үчөө КУУнун, ал эми бирөө Дене тарбия жана спорт академиясынын студенти болуп чыкты. Азыркы тапта алардын үстүнөн тергөө жүрүп жатат.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 547, 26-апрель-2-май, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан