ЫҢГАЙСЫЗ СУРООЛОРГО ЫКЧАМ ЖООП

Бакай бабаны кыргыз эли караңгыдан көз тапкан, капилеттен сөз тапкан даанышман катары баалап келген. Бабабыздын ушул сапаты урпактарына да өттү бекен? Эгер күтүлбөгөн учурда сизге бирөө ыңгайсыз суроо узатып калса, татыктуу жооп берип, абалдан чыгып кете аласызбы? Дал ушул өңүттө биз айрым белгилүүлөргө капилет суроо узаттык. Кандай жооп беришти, байкап көрүңүз.


Айя Садырова, ырчы:

Сүйгөнү үчүн тамеки тартуудан баш тартууга болобу?
– Албетте, болот. Сүйгөн ада­мың сенин жарымың болуп калат да. Анан кантип өзүңдүн жарымыңа каршы чыгасың? Мисалы, мен жигитим үчүн бардыгына даяр­мын.


Съездбек Искеналиев, ырчы:

Күйөөсүнүн башына чай кайнаткан аялдарга мамилең...
– Андай аялга туш келген эркектердин шорунун шорподой катканы. Бирок аял деген жөн жерден эле чай кайната бербейт да. Күйөөсү каалаган нерсесин аткарып, жашоого тың болсо эле жаңжал аз болот. Анан аялдан өтүп жүдөп турса, анын башына чай эмес, баарын кайнатса да болот. Ошентсе да айрым аялдар табиятынан эле тажаал келишет. Андайлардан безе качып кетип эле кутулбасаң...


Алькамиль, ырчы:

Эркек жандуу эркектерге көз карашыңыз...
– Мм-м, эми ар бир адам өз жашоосун өзү тандайт эмеспи. Эркектерге жакын эркекти же аялзатына жакын айымдарды сындап же кемсинткенге эч кимдин акысы жок деп эсептейм. Мындай же тигиндей көз караштамын деп айта албайм. Ар ким өз жашоосуна өзү кожоюн.


Өмүрбек Текебаев, “Ата Мекен” партиясынын лидери:

“Аял үндүү эркек эл башкара албайт” деп айтылып келет. Ата-бабаларыбыздан калган бул сөзгө кошуласызбы?
– Бул жөн салды эле айтылып калган сөз. Учурда аял үндүү эркек эмес, аялдар деле эл башкарып жатышпайбы. Мисалы, Курманжан датканы алып көрсөк болот. Кээде мааниси жагынан туура айтылбаган сөздөр да эл ичинде колдонула берет. Анын сыңары, жогорудагы сөзгө мен кошула албайм.


Бакыт Бешимов, ЖКдагы СДПК фракциясынын жетекчиси:

Пара берип көрдүңүз беле?
– Жок, эч качан. Кудай алдында турам. Мен мындай көрүнүшкө дайыма каршы болуп келгем. Ошого жараша эч качан эч бирөөгө пара берип көргөн да эмесмин.


Замира Молдошева, стилист:

Сизде ушакчыларга, ич күйдүлөргө каршы иммунитет барбы?
– Бар болуш керек. Эгер башың ар түрдүү пландар, иштер, кыял-тилектер менен алек болсо, адам ушакчылардын, көрө албастардын провокациясына алдырбайт болуш керек. Башкаларды билбейм, мисалы, мен өзүмдү ич күйдүлөрдүн негативинен ушундай жол менен сактайм. Негизи, ушакчылыкты жасарга иши жок, бекерчиликтен улам чыккан жагымсыз адат деп билем.


Турсунбай Бакир уулу, Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси:

Шариятта “багар-көрөрү жок жесир аялзатын экинчи аялдыкка алуу сооп” делет. Учурда муну мыйзамдаштырса болобу?
– Алган аялдарына бирдей мамиле жасап бага алса, исламда көп никелүүлүккө уруксат берилет. Ал эми багар-көрөрү жок жесир айымды аялдыкка алуу – сооп иш. Бирок учурда көпчүлүк эркектер теңирден тескери кылып жатышпайбы. Айрыкча капчыгы калыңдар никесиз эле жапжаш кыздарды үчүнчү, төртүнчү аялдыкка алып жашап жатышат. Мунун айынан үйбүлөлүк чыр-чатактар чыгат. Бул шариятка туура келбейт. Андан сырткары, канчалаган жесир, жетим кыз-келиндерибиз сойку болуп жүрүшөт. Алар деле жыргап кеткенинен бул ишке барышкан жок да. Эгер ислам дининин мыйзамдарын сактасак, мындайлардын саны да азаймак. Ал эми шариятка тиешелүү нерселерди мыйзамдаштыруу биздин мамлекетке туура келбесе керек.


Каныкей, ырчы:

Сенин ырларыңды угуп, клибиңди көргөндөр “Город 312” тобуна окшоштурушат. Өзүңө байкалабы?
– Өзүмө байкалбайт, себеби менин стилим өзүнөн-өзү пайда болгон десем жаңылбайм. Кээ бирөөлөр мени Шакиранын ырдаганына, дагы бирлери “Город 312” тобуна окшоштуруп жатышканы тууралуу маалыматым бар. Бирок бул угармандарымдын жөнөкөй салыштыруусу деп кабыл алам. Мен эч кимге окшобогон өзгөчө ырдоо стилим менен элге таанылгым келет.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Arman
2011-04-20 01:37:11
kanikeidi men leidi gaga ga okwotom glamurnyi ekoobu ten!
0
№ 348, 3-9-июль, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан