«ТҮНКҮ КӨПӨЛӨКТӨР» ТОРГО ТҮШТҮ

Чүй облустук ИИББинин кызматкерлери тарабынан өткөрүлгөн рейд учурунда бир нече жашыруун борделдер табылды. Кейиткени, сойкулук менен алектенген деп кармалгандардын арасында кош бойлуулар да, күйөөсү барлар да жолукту.

СОЙКУЛАР ҮЧҮН МЫЙЗАМ ЖОК
12-13-апрель күндөрү Чүй ОИИББинин жашы жете электер менен иштөө бөлүмүнүн кызматкерлери СОБРдун кызматкерлери болуп «Өспүрүм» аталыштагы сойкулук менен алектенген жаш өспүрүм кыздарды аныктоо, алардын сойкулукка берилип кетүүсүнө бөгөт коюу, притондорду аныктоо боюнча рейд өткөрүштү. Анын алкагында облустагы көптөгөн сауна, сойкулар иштеген мейманканалар текшерилди. Маалымат сыртка чыгып, сауналардын жетекчилиги мекемелерин жаап салбашы үчүн рейд жашыруун пландалып, райондордогу кесиптештерине да айтылган эмес. Себеби сауналарга «крыша» болгон милиция кызматкерлери да жок эмес.
Мындан бир нече ай мурун ошол убактагы Ички иштер министри Шамиль Атаханов да сауналарга, сойкуларга «крыша» болгон милиция кызматкерлери жөнүндө фактылар бар экендигин айткан эле. Ошентсе да рейд болуп жатканын угуп, көпчүлүк сауналар жабылып калган. Жалпысы 15-20 сауна, шектүү 3-4 мейманкана текшерилип, 30дай кыз-келин кармалып, ал эми өздүгүн аныктоочу документтери жоктордон 5 кыз «приёмник-распределителге» камалган. Рейд журналисттер менен чогуу өткөрүлгөндүктөн, бир да сауна-мейманкананын ээси келип, чечишип кеткен жок, бирок телефон чалып «разводить» эткенге аракет кылгандар болду. Сойкулар үчүн атайын мыйзам жок болгондуктан, кармалгандардын манжа издери алынып, каттоого алынат да кайра эле коё берилет. Андан соң алар кайра өз иштерин уланта беришет.

НИКЕ ШАКЕГИН ТАГЫНЫП ИШТЕГЕНДЕР ДА ЖОЛУКТУ
Милиция кызматкерлери кайсы жерде кандай сауналар бар экендигин алдын ала аныктап алышкан. Алардын көпчүлүгүндө сойкулар жашашкан. Кээ бирлеринде жыгач сөрүлөрдө жатып иштешсе, кээ бир жерлерде кыздар саунанын бир бөлмөсүнө коюлган 2 ярустуу темир керебеттерде тыгылып кир шейшептерде жашашкан.
Сойкулардын орточо жашы 18-20 жаш болсо, бирок арасында жашы өтүп калгандары, жакында эне болом деп тургандары да бар болуп чыкты. Торсоюп чыгып калган курсагы да сойкулук менен иштөөгө жолтоо болгон эмес. Кармала берип көнүп калышканбы, айтор, кээ бирлери формачан кирген милиция кызматкерлеринен да, камералардан да оңтойсузданып калышкан жок. «Мындай туруп берейинби же мындайбы?» дешип камерага «позага» туруп беришкендери да болду.
Кармалгандардын арасында жаш өспүрүмдөрдөн тартып, нике шакегин тагынып, 2-3 баланын энесимин дегендерге чейин болду. Сокулук районундагы бир саунада иштеп жаткан 16 жаштагы өспүрүм кыз кармалган. Аны милиция кызматкерлери ата-энесине алып барып тапшырышканда, алар кызынын бул жолдо иштеп жатканын билбегенин айтып ооздору ачылган.
Рейддер дайыма өткөрүлүп турганы менен, кармалгандарга карата эч кандай чара көрө алышпайт. Ал үчүн мыйзамга өзгөртүү киргизүү керек. Болгону притон кармаганы үчүн мекеменин администраторун жоопкерчиликке тартуу мүмкүн. Бир канча убактан кийин анын ордуна башкасы иштей бермекчи. «Эмне үчүн бул кадамга бардың?» деген суроого сойкулардын дээрлик бардыгы «жумуш жоктугунан, акча тартыштыгынан» деп жооп беришет. Бирок илгери деле мындан оор жашоо, ал тургай ачарчылык заман болгон. Анда деле
кыздар денесин сатпастан таза эле жашап келишкен. Ошондуктан турмуштук көйгөйгө жамынып, ушундан келип чыкты деш бул – жөн гана арамзалык, жалкоолук...

ДҮЙНӨЛҮК СТАТИСТИКАДА
Дүйнөлүк статистикага таянсак, мыйзамсыз адам трафиги киреше алып келүү жагынан баңги бизнеси жана курал сатуудан кийин үчүнчү орунда турат. Чет өлкөгө алып кетүүнүн эң көп таркагандары – «бийчилик», «фотомоделдик», «тейлөө кызматтары» жумуштары. Барган соң кыздардын паспорт, телефон, акчаларын алып коюп, билет, тамак-ашка болгон карыздарын актап бүткүчө бекер иштетишет. Карызын өмүр бою актай албашы да толук мүмкүн. Акча талап кылбашы үчүн кээ бир сутенёрлор кыздарды баңгиликке берилтип койгон учурлар да кездешет. Андайлар акча эмес, доза жана тамак үчүн гана иштеп калышат. Анча-мынчасы гана ийгиликтүү болуп ири притондорго туш келип акча таап келбесе, калгандары андан ары жок болушат.


Чубак ажы Жалилов, дин аалымы:«СОЙКУ БОЛГОНЧО АБЫШКАГА ТИЙИП ЖАНЫН БАГУУ АБЗЕЛ»
Коомубуздагы бул терс көрүнүштү кандайча токтотууга болот же шариятта кандай жаза болот деген соболубузга дин аалымы ЧУБАК АЖЫ ЖАЛИЛОВ төмөндөгүдөй жооп берди:
– Сойкунун тапканы шарият боюнча арам деп таанылат. Уурулук кылып, коррупция менен же мародёрлук кылып, чочко багып тапкан сыяктуу эле арам оокат. Ал тамак менен бала-чаканы багууга болбойт.
Экинчиден, шариятыбызда сойкулук менен жан баккан эркекпи же аялбы, айырмасы жок, эгер үй-бүлөлүүлөр болсо таш бараңга алынып, өлтүрүлөт. Алардын тирүү жашаганга укуктары жок болуп саналат. Анткени үй-бүлөлүү болуп туруп коомду бузуп жатышат. Ал эми бойдоктордун ар бирине жүздөн балак уруп, анан үйлөнтүү керек. Учурдагы заман менен алганда, сойкулук менен алектенгендин ордуна эгерде тыйынга муктаж болуп турса, акчасы көп абышкаларга турмушка чыксын. Эгер эркектин кучагына муктаж болуп турса, анда экинчи же үчүнчү болуп эрге тийсин. Эркектер да сойкуга барып, өз аялынан башкалар менен ойноштук кылуунун ордуна ошол аялды экинчи, үчүнчү же төртүнчү кылып никелеп алсын. Адал болот! Адамдар бир нерсени түшүнбөйт. Сени менен жаткан сойку сенден башка менен да жатат, аны менен жатмак турсун өбүшүүнүн өзү канчалык жийиркеничтүү.
Үчүнчүдөн, сойкулуктун түбүн соолутуу үчүн ыймандан башка жол жок. Жумушсуздукту шылтоо кылалы десек, курсагы ток сойкулар бар, демек, маселе Кудайдан коркууда турат. Ошондой эле шарият өкүмдөрүн мыйзам аркылуу киргизүү керек. Сойкуларды таш бараңга алып уруп өлтүрсөк, калгандары сопу болуп калат. Башка жолу жок.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (41)
Nurbek88
2013-05-02 09:17:24
журогубузго ыйман берсинчи
0
jyldyz.25
2013-05-02 11:05:52
кыздын кыздай, кыштын кыштай болгону жакшы.ушул жолдо жургондун баары эне деген атка татыктуулар.элестетип корушпойбу оз кызынын ушул жолдо жургонун анан энесинин сыздаган журогун тушунушот эле
0
jyldyz.25
2013-05-02 11:07:42
заманга шылтап оной акча табуу жолун тандагандары уят да андан коро кудай сурап кочдо отурса байкуш деп боорум оорумак.Кудай сактасын.Дилибизге тазалык,журогубузго ыйман берсин
0
aik-mili
2013-05-02 16:28:51
эркектер да сойкуга барып, өз аялынан башкалар менен ойноштук кылуунун ордуна ошол аялды экинчи, үчүнчү же төртүнчү кылып никелеп алсын. Адал болот! . Ошондой эле шарият өкүмдөрүн мыйзам аркылуу киргизүү керек. Сойкуларды таш бараңга алып уруп өлтүрсөк, калгандары сопу болуп калат. Башка жолу жок. бул созго кошулам
0
STARS-BOYS88
2013-05-02 17:52:04
Ошол чондор,депутаттар оздору сауналарда сойку сатып алышат,80 % кепилдик берем,анан калпеле эл алдына "умный дурак" болушпасынчы
+1
kyrgyz4ik
2013-05-02 17:53:12
Биздин мамлекеттин кызматкерлерине башка иш калбаганго э. Акыркы кундору сойкулар деп ролик тартып оздору интернетке киргизип биз иштеп атабыз сойкуларды кармап деп мактангандай. Бул нерсени эч ким эч бир мамлекетте токто алган эмес.. Мына интернет жогунда эч ким алар м.н иши жок эле болчу. Жакшы эле болчуубуз. Эми баарыбыз эле макалчы акын болуп комментарий жазып болбой эле. Жон эле койсок боло.
+1
arisim
2014-01-22 12:21:06
kyrgyz4ik, менин оюмча эн туура деп эсептеймин ушул видиолорду коргондо кээ бироолор ээси барда этегин жыйып алышаар бул видиолорду адамдар корбосо мынчалык сойкулар кобойуп баратканын эч ким биле алмак эмес.мамлекеттик кызматкерлер бул кызарды 2 3саат кармабай эле биротоло жазалаш керек мындай нерсени
0
sanay
2013-05-05 03:35:24
Adam bul jashoodo turduu jol menen kunoogo batabyz,bular da bul jol menen ozdoruno kunoolordu moiuna ilip jatyshat.Kech bolo elekte Allahty esinerge alyp,tuura jolgo tushkulo.Allah baarybyzdy kechiret.Yiman jurogubuzdon ketpesin.
0
tengara
2013-05-05 04:32:27
esibiz barda etegibizdi jabaly , Urmattuu kyrgyzymdyn kyrk 4a4y uluu kyzdary
0
admin_media
2013-05-08 14:23:13
aikow1994 - эскертүү!
Баш тамгаларды ашкере колдонгондугуңуз үчүн билдирүүңүз өчүрүлдү.
0
meder-2012
2013-05-10 21:37:39
))))сойку кыздар дуйнонун баардык бурчунда бар и аны эчким жок кыла албайт)))
0
meriem
2013-05-11 04:12:12
kyzyk,'alar'(atyn da atagym kelbeit)uwundai iwterdi kylyp jatkanda neni oylonuwat boldu eken?je tamak menen kumardan bawka e4 nerseni oylobogon janybardan aiyrmasy jokpu?Uwun4a adamdyn sozunon,jutup jiberi4uu koz karawtaryndan,erkekterdin sogup,kordop,kaalagan4a koldongonundan,ata-enesinin koz jawyndan kiyin kantip jawap juruwot..bulardyn dele jurogunu oyugon,janyny tyn4 koybogon uiaty boluw kerek....Allah yiman bersin kyrgyzdyn kizdaryna ele emes erkekterine da
0
Farhadmyrza
2013-05-12 16:26:28
Пацаны я знаю каждый из нас шею свернет любому за свою сестру. Так давайте помнить, что каждая чья-то сестра и не будем прикалываться над мимо проходящей девушкой и тем более распускать сплетни. УВАЖАЙТЕ КАЖДУЮ ДЕВУШКУ КАК СВОЮ СЕСТРУ!!!
0
edico22
2013-05-13 13:08:31
Бул рейд жон гана корсотмо(показуха) рейд. Баарына эле белгилуу, органдын адамдары аларды коргоп (крышовать этип) тураары! Бул кыздар жонундо айтаарым акча табуунун женил жолуна кызыгып алышкан.Башка жумуш таап берген кундо дагы иштешпейт!
0
arisim
2014-01-22 12:14:21
бирок акыркы кундору кыздар эмес эркек сойкулар кобойуп жатат эки эркек баш кошкон тоюн коруп алып ээсим ооду булда болсо акыры замандын белгилери деп тушуном.Ошондуктан баарыбыз озубузго жана жаман жолдо жургон кыздар балдарга Аллахтан ынсап тилейли баарыбызга Алла Таалам ынсап ыйман берсин.
0
kanatake
2015-11-18 20:43:43
оба балдар
0
№ 547, 26-апрель-2-май, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан