Эркинбек Алымбеков, ЖКнын депутаты:«КЫРГЫЗСТАН ТУУРАЛУУ БЛОКБАСТЕРДИН СЦЕНАРИЙИН ЖАЗГЫМ КЕЛЕТ»

Адатта, депутаттар менен министрлер өмүр таржымалы тууралуу маек берүүдө айланып отуруп эле саясатка, ишмердүүлүгүнө токтолуп калышат. Же учкай гана айтып беришип, кенен баяндоодон качышат. Бирок кезектеги каарманыбыз Эркинбек мырза көп жыл мурунку окуяларын мына кечээ болгондой, кээде капа болуп, кээде каткырып айтып отурду.

Каарманыбыз 1961-жылдын 5-ноябрында Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун Жаңы-Арык айылында туулган.
Жогорку билимдүү, шаардык чарбачылык жана курулуш башкаруусун уюштуруу боюнча адис.
Иш тажрыйбасын Айыл чарба министрлигинде экономист катары баштаган.
Үч кыз, бир уулдун атасы.
ЖКнын V чакырылышындагы «Ата Мекен» фракциясынын депутаты, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары боюнча комитетинин төрагасы.

«АТАМ БИР КАТУУ СӨЗ АЙТПАДЫ»
– Кичинемде кыйла эле тентек элем. Менден кийинки иним жети жылдан кийин төрөлгөнүнө байланыштуу көп эркелетишти. Кээде шоктуктун айынан атамды мектепке чакырып калышса да, чыккан соң «нормальный бол» деген сөздү гана айтып, мени урушчу эмес. 77 жаштык өмүрүндө бир да жолу мага катуу сөз айткан күнү болбоду. Сый-урматтын деңгээлинде тарбия беришти. Азыр өзүм да балдарымды тилдебейм, жазалоо керек болсо, кабагымды чытып, сүйлөбөй калмайым бар. Анан алар бир күн өтпөй кечирим суроого чуркап келишет.
Апам оорудан улам эрте кайтыш болгон. Аны тааныган кишилер мени апамдын мүнөзүн тарткан деп калышат, айрыкча адамдарга жок деп айта албаганымды. Өзү башталгыч мектепте мугалим болчу, өзгөчө жөнөкөй жана мээримдүү жан эле. Ошол мектепке апамдын ысымы ыйгарылган.
Атам колхоздо бригадир болуп иштеген. Сегиз бир тууганбыз, анын үстүнө жаш туруп аялы жок калгандыктан, кийин уулдуу бир келинге үйлөндү. Кыздуу болушкан. Ошентип, баш-аягы ондун ичинде жетинчисимин. Улуу ага-эжелеримдин баары жогорку билимдүүлөр.

«АТАМБАЕВ МЕНЕН КАР КҮРӨДҮМ, КОРОО ТАЗАЛАДЫМ»
– Себеби эмне экенин билбейм, бала кезимде «автобазанын начальниги болом» дечүмүн. Акыл-эс киргенден баштап «Москвага барам, ошол жактан окуп, экономист болуп келем» деген максатка бекем кармандым. Мектепти бүткөндөн кийин Фрунзени бир-эки жолу көргөнүм эле болбосо, түз эле Москвага толтура китеп салынган кара портфель менен жөнөдүм. Ал мезгилде багыт берилип, сынактар Кыргызстанда тапшырылчу. Бирок мен өзүм эле Оржоникидзе атындагы Москва башкаруу институтуна өтүп кеткем.
Мектепти кыргызча бүткөнүм үчүн орусчаны жакшы билчү эмесмин. Андыктан башында кыйла кыйналып, убакыт сабак окуу менен гана өтчү. Чоң курстардын студенттери окуусунан тышкары иштешер эле. Анын арасында Алмазбек Атамбаев да бар болчу. 2-курста окуп жүргөндө ага келип «өзүң иштеген жерге орноштуруп койчу» дедим. Ошентип, аны менен чогуу короо тазалап, кар күрөп калдым. Айтмакчы, ал учурда короо шыпыруучуларга үй да бөлүнчү. Бизге үч бөлмөлүүсү берилди, ага бош калган үйлөрдөгү
эмеректерди ташып, ичин сонун кылып толтурдук, магнитофонубуз да бар эле.

«НИКЕ ТҮНҮ КАКТУС ГҮЛДӨДҮ»
– Жубайым Галия менен жакындашып калуума башка бир окуя түрткү болгон. Мектепте окуп жүргөндө параллель класстагы бир кызды жактырчумун. Кокустан мугалим сабакка келбей калса, ал окуган класс менен бизди бириктирип коюшчу. Өзүмдүн классташтарым мени жакшы билишет да, атаманмын, лидермин дегендей, кыздар кат жазышчу мага. Бирок эки класс чогуу отуруп калганда эле сөзүм оозуман түшүп,
дендароо болуп, атүгүл «2» да алып калчумун. Мугалимдер «Ай, Алымбеков?..» деп таң калышат, тиги кыз турганда мен тилимди жутуп алгандаймын.
Анан бүтүрүү кечесинде, ал мезгилде кайдагы ресторан, мектептин 2-кабатынын балконунда туруп алып, даап сүйлөй албаган ошол кызга сезимимди билдирдим. Кийин ал Алматыга, мен окууга Москвага кеттим. Бирок кат жазышып, каникулдарда кезигишип жүрдүк. Жаш балабыз да, урушуп калганда ал тултуюп калчу. Мен анын таарынычын жазам деп далай ыр жазгам. Ошондой кризистердин биринде Галия маанайым чөгүп турганын байкаганбы, ал-абал сурашып жүрүп эле достошуп кеттик, кийин сезим от алып кетти.
Жатаканада чогуу турчубуз, бөлмөлөрүбүз да жакын. Университетти аяктаарда Москвада студенттик той өткөрүп, ЗАГСтан каттоодон өттүк да, бир күндөн кийин эле мен үч айлык аскердик кызмат өтөөгө кеттим, ал өз үйүнө. Ата-энелерибиз менен макулдашкан эмеспиз, Галиянын паспортунан менин фамилияма өтүп алганын көрүп, аны үйдөн кууп чыгышыптыр. Ошентип, ал Түркмөнстандан кайра Москвага келди, мен аскердик кафедранын начальнигинен суранып, аны тосуп алдым. Биздин абалыбызга туура түшүнүшүп, кызмат өтөөм аяктаганга чейин офицердик үй бөлүп беришти. Андыктан жубайым да армияда кызмат өтөгөн деп тамашалашып калабыз.
Кыргызстанга келгенден кийин атам туугандарды чакырып, нике кыйышты. Эсимден кетпегени, ошол нике түнү терезеде турган кактус гүлдөгөн. Билгендер «кактус жакшылыктын белгисин билдирип гана гүлүн ачат» дешкен. Тагдырдын бул белегине өзүмчө сүйүнүп алгам.

«БАЛДАРЫМ – МЕНИН СЫЙМЫГЫМ»
– Үч кыз, бир уулдун атасымын. Улуу кызым Москвадагы Орусиялык элдер достугу университетинин саясат таануу бөлүмүн артыкчылык менен аяктаган. Балдарымдын ичинен ушул кызыма гана туура эмес багыт берип койдум окшойт, анткени аны саясат көп кызыктыра бербейт. Бирок 2005-жылы дипломдук ишин жазуу үчүн Кыргызстанга келгенде мага чоң жардам берген. Ошол жылы мен бешинчи ирет депутаттыкка аттанып, даярдык көрүп жүрүп, пиар иштери аксап жаткан болчу. Кызым бир аптанын ичинде пиар стратегиясын түзүп чыкты. Анын алкагында иш-чараларды уюштуруп, бир тыйын коротпой жеңишке жеттим. Кыстара кетчү жагдай, ага чейин төрт ирет депутаттыкка талапкерлигимди коюп, өтө албай койгом, бул жаатта чемпионмун десек болот. Мендей өжөр талапкер Кыргызстандын тарыхында болбосо керек.
Андан кийинки уулум быйыл юридикалык факультетти аяктайт, Кытайда да окуп келген. Үчүнчүбүз Борбор Азиядагы Америкалык университетинде билим алат, программист болуп чыгат. Жаштар арасындагы дебаттарга активдүү катышат, жакында эле алар иш алып барган креативдүү топ сулуулар сынагын уюштурушту. Эң кичүүбүз түрк лицейинде окуйт.

«ТАМАКТЫН ТҮРҮН БЫШЫРАМ»
– Акыркы үч жылдан бери жазында тоо койнуна чыгып, пикник уюштуруу, шишкебек даярдоо деген токтогон. Депутат болгонго чейин үй-бүлөм менен эс алууга такай барып турчубуз. Азыр жумуш көп, күнүмдүк иштер бүтпөй калса, эс алуу күндөрү да бошобойм. Башкаларга окшоп баарын жардамчыма ишене бербейм, кагаз алып келсе, башын окуп коюп кол коё берген адам эмесмин. Сөзсүз окуп, текшерип чыгышым керек.
Жайкы каникулда партиялык иштер бүткөндөн кийин эки аптага Ысык-Көлгө жөнөйбүз. 1997-жылы Чолпон-Атадан бир орус кемпирдин үйүн сатып алган элем. Мына ошол жерге жайында дос-тууган болуп отуруп 35-40тай жаш балдар чогулат. Аларга тамак жасайм, аш, дымдама, шишкебек. Камырын даярдап берсе, бешбармакты да катырам. Бул жагына апам кайтыш болуп кеткенден кийин бышып калганмын. Камыр жууруп, нан бышырып, уй саап, кыскасы, үй иштерин жасачумун.

«ОЙЛОР КЕЛИП КАЛСА, ЖАЗЫП БҮТКҮЧӨ УКТАБАЙМ»
– Кээде түн ичинде ойлор пайда болуп калат, андайда нетбукту алып чыгып, аны жазып бүтмөйүнчө уктамай жок. Кудай өмүр берсе, улгайганда мемуар жазгым келет. Күнүмдүк иштерден эле бошобой жүрбөймүнбү, антпесе өлкөбүздүн соңку 20 жылдык тарыхы жөнүндө тартылчу тасмага сценарий жазмакмын. Акаевдин доору, Мисир Ашыркуловдун үйүндөгү жардыруу, Март окуясы, драмага жыш толгон Бакиевдин заманы, Рыспек Акматбаевди атып кетиши, Медет Садыркуловдун көзүнүн тазаланышы – бул чети
гана, мунун баары кантип блокбастер болбосун?! Азырынча сценарийдин топурагын камдоонун үстүндөмүн.
Башка кызыгууларга келсек, спортко жакынмын. Окуучулук кезимде эмнеге гана катышпадым?.. Учурда деле залга машыгууга барып турам, күндө таңга маал бир саат чуркайм. Жумуштук сапарларда чемоданга биринчи спорттук кийимим салынат. Нью-Йорк, Москва, Улан-Батор не деген шаарлар, не деген көчөлөр?! Эч нерсеге карабай чуркаганды таштабай келем.

Эльвира Караева
politika@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Кыргызстан тууралуу блокбастердин сценарийин жазгым келет" дейт ЖКнын депутаты Эркинбек Алымбеков
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 547, 26-апрель-2-май, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан