ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН

(Башы өткөн сандарда)

Асман чынында эле сүйүүдөн жолсуз болду. Көңүлү калып, бирок көөдөндө дале үмүт бар. Болгондо да кандай үмүт, кандай каалоо. «Мен жеңилбейм, кайгырып көз жаш төкпөйм, болбогон нерсеге бырылдап ыйлап жеңилип калган адам эмесмин. Мага душмандык түр көрсөтсө, мен андан ашып барып жолун тосом, бууйм» деп өжөрлөнүп отурат. Ырчы деген атка жетиш үчүн баары алдыда, болгону жаштайынан кыйналып-кысталып басып жүрөт. Мына эми бакыт кушу жылмайгансыганда кайра алданып калды. Өзүн жемелеп, кайраттанды, «жетишет, сен баарын жеңесиң, күчтүү бол. Керекпи, менмин деген мырзалар сага башын ийип таазим кылсын» деди чымыркана. Чынында, аны алдыда эмнелер күтүп турганы, келечек кандай болору азыр бүдөмүк эле...
Ошентип, арадан күндөр өтө берди, бир күнү белсенип бир кезде апасы экөө келген министрликке келди. Министрлик деген аты эле болбосо имараты деле эски, кире бериште «кимге? Кайда?» деп тескей турган киши жок. Бар экен, бирок күзөттө отурган киши Асмандын бутунан башына чейин карап, жалдыраган боюнча кала берди. Түз эле экинчи кабатка чыкты, коридордо пол жууп жүргөн айымдан сурады.
– Здрасти, эже, приёмный каерде?
– Түз барсаң акыркы эшик. Кимге келдиң?
– Министрге!
 Жарашыктуу кийинип, тыкылдаган кызды кыртышы сүйбөгөнүн дароо билген Асман ушинтип жооп берип басып кетти.
– Хм, мунусу ким болуп кетти, керсейбей кал!
Кызга угуза эле тиги аял ушул сөздөрдү айтып салды.
Катчы кыз жок окшойт, күтүп отурбай оң тараптагы эшикти какты эле, ичкериден «да-да» деген үн чыкты. Министр стол үстүндөгү кагаздарды карап отурган экен, башын көтөрбөй
туруп «кофени муздатып, анан алып келдиңби? Айтканыма аш бышым убакыт болду го» деп корулдап калды.
– Кечиресиз, сыртта эч ким жок экен, мен...
Катчы эмес, башка бирөө киргенин эми көрдү министр. Башын көтөрө саамга тиктеп туруп калды, таң калган адамдай түр көрсөтүп. Чынында, бир көрүп эле тааныды «баягы чүрөк
го! Өзү келиптир!
» деген оюнан өзү чочуп кетти.
– Келиңиз, мен катчы деп ойлосом... Отуруңуз, та-ак, кулак сизде. Адатта мага жолукчу адам алдын ала жазылып кирчү эле. Түз мага киргениңизге караганда өтө маанилүү
маселеңиз бар окшойт.
Көптү көргөн неме да, дароо эле кыйытып да, какшыктап да, анан тамашалап да сүйлөп койду кызга.
– Өтө деле зарыл жумуш эмес. Колуңузду кармасам, кечирим сурайм.
– Атайын келген соң кет демек белем, кана угайынчы... Апаң жакшы жүрөбү?
– Рахмат, жакшы.
Кыз уялыңкы жооп берип отуруп эле эски тааныштардай бир укмуш кептин кызуусуна кирип кетишти. Улам кыздын карагат көздөрүн тике багып карайт, кыз ансайын наздана жүзү
балбылдап отурат.
– Мен жардамымды аябайм, мындан кийин түз эле мага чал!
– Ошентейинчи, болбосо жардамчыңыз аркылуу сүйлөшүш туура эмес го...
Министр Ардак Рахимович менен Асмандын мамилеси ушул күндөн башталды. Алгач «кемчилик жокпу?» деген суроо менен чалган министр «эч ким капа кылбай элеби?» деп ал
жай сурашканга өттү. Бир күнү «жабык кече болот, бирөөнү жөнөтөм, келип беришиңди суранам» деген билдирүүсүн жөнөттү. Буга кыз асман-айдан түйүлүп кыйкырык салып,
жанында жакыны болбоду, эжеси өз турмуш-тиричилиги менен алек, апасы бизнесинен башы чыкпайт, агасы чет жакта жүрөт. Курбусунун кылганы болсо ал, жигитин азгыргангамаш. Бирөөнө сырын айтса, бат эле башка бирөөдөн угуп, сыры ачылып калат. Бирок Асман жеңил ойлуулукка алдырбаймын деп чечти, жөн гана жан дүйнөсүнө жаккан, керек учур
да жардамын аябаган адам менен сырдашканга даяр эле. Сулуулуктун курмандыгы болгондугун тана албас, анткени жолунан жакшы бир жигит жолуктурбады. Ушуга ичи ачышты,
аруу махабат үчүн жанын сабап деле көрдү, окшошподу. Эмнегедир ага мырзалар кыянаттык кылып туруп алчу. Ушулардын баарын унутуп, жылдыз болууга бел байлаган соң
Исманды да аттап өттү, артын карабады, бир кездеги бактылуу мүнөттөрүн эсине салгысы келбеди, бүгүнкү күндүн баркын билип, эртеңкини ойлогонго өттү.
Татынакай кийинип күзгү алдында отурат. Апасы да Канттан келип калган экен, «жабык кечеге барам» деп айтып жооткотту.
– Кызым, караңгыда жүргөндөн абайлачы. Дегеле концерт деп күн-түн дебей жүрөсүң, бирөөнүн көзү тиет, биринин сөзү тиет.
– Мага көз тийиши мүмкүн, сөз тийгизбейм, кайгырбаңыз.
– Колуңду сурап кудалар келишүүдө.
– Ким? Космос дей көрбөңүз, хе-хе.
– Ал үйлөнгөн, булар башка. Бишкектен. Таежеңдин тааныштары. Бала жакшы деп макташты эле, «кызым максат койгон алдына, быйыл окууга тапшырат, анан ырчылыгын
улантат, азыр эрте
» дедим.
– Ырас кылыпсыз! Чындап быйыл окууга тапшырам! Мен баарына жетишем, буюрса, баарына, апа!
– Ошент кагылайын, тилегиң ишке ашсын.
Эне-баланын сөзү көпкө созулбады, бирөө телефон чалып «мен Ардак Рахимовичтенмин» дегенде апасы менен коштошуп сыртка чыкты. «Бүгүн кеч келем, уктай бергиле мени
күтпөй
» деп айтты апасына. Килтейген кара машинага түшүп кыз ойлуу баратат, алдыда аны эмне күтүп турат, белгисиз.
– Кайда баратабыз ошондо?
Кыз акырын үн катты айдоочу балага.
– «Жаннатка». Бүгүн Ардак байке алыстан алып келген сыйлыгын тар чөйрөдө майлап жатат. Сиз ырчы болосузбу?
– Аа, түшүнүктүү. Ооба, мен ырдайм.
Болду, булардын сүйлөшүүсү кыска болду. Шаардагы бакыйган бул конок үйдө баары бар, мейман тейлөөчү VIP залына көтөрүлүштү. Атайын фуршет да даярдалыптыр, кире
бергенде эле жалаң костюм-шым кийгендер, бирин-серин гана кериле басып керме каштар жүрөт. Бул кечени тейлеп жүргөн жигит келип Асманды министр отурган тарапка ээрчитип
жөнөдү. Чынында, Асман бул жердегилердин бирин да тааныбайт экен, мурда-кийин көргөн да эмес. Жалгыз таанышы Ардак мырза. – О, куш келдиң, Асмантай.
– Саламатсызбы?
Кыз уялыңкы башын ийкеди эле, министр колун сунду кызга.
– Кел, тартынба, кадимкидей эле жүрө бер, биз ашыкча көздөн алыспыз, бул жердегилер баары тааныш.
– Куттуктайм, сыйлыгыңыз кут болсун!
– Рахмат. Жүрү, мен тааныштырайын сени,- деди кыздын белинен кармап.
– Азырынча Айка сага жардам берет, эмне керек болсо ушул кызга кайрыласың,- деп ары жакта турган кыска чачтуу бир айымды көрсөттү. Көзү менен ымдаганда айым алардын
жанына келди.
Мындай кечеге биринчи жолу келген Асманга аба жетпегенсип турду. Бири саясатты сүйлөп, экинчиси кай жакка барып эс алганынан айтып, айтор, бул компания ырчы кызга кызык эмес эле. Бир убакта баары столго отура башташты. Айка деген айымдын жанынан чыкпаган Асман да эл менен кошо столдон орун алды.
– Сен Ардак байкенин жанына отур, эч нерсе болбойт,- деди тиги айым Асманга акырын шыбырап.
Ыңгайсыз сезип же отурарын, же сыртка чыгып кетерин билбей турганда ичкериге кирип келаткан Исманды көрө калды. Мына эми аргасыздан эмес, ачуусунан да барып Ардактын
жанына отурат. Мындан үч ай мурун эле жанында эркелеп жүрчү Асманды көргөндө Исмандын көзү чанагынан чыгып кете жаздады. Асман үн катпай министрдин жанына барып
отурду. Укмуш бир тосттор, мактоолор айтылып, айтор, баары шаңдуу отурушат. Асман да алда канча өзүн эркин сезип, мурунку жигитинин ачуусуна тийиш үчүн да улам министрге шынарлай берди. Министр нени билсин, кыз жакындап жылмайган сайын ичинен кудуңдайт. Ошентип, кече аяктап, кетмей башталды. «Айдоочу сыртта турат, сен машинага отура бер, азыр чыгам» деди Ардак кыздын кулагына шыбырай. Бул экөөнүн мындай жоругун көргөн Исман ого бетер көзүндө огу болсо мына азыр атып ийчүдөй түрдө эле...

Жаңыл Калыкова

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (31)
nusi95
2013-04-29 16:59:22
Бул сериал м.н бир гана ырчылардын эмес, азыркы жаш кыздардын да жашоосуна сабак болсун, алданбаныздар деп берип жатат.
0
Kg.lady
2013-04-29 17:13:02
Менин жазганым кайда кеткен;(
0
admin_media
2013-04-29 17:30:47
Kg.lady,
Бул жакта, ордунда эле турат)))
http://www.super.kg/article/?article=21689
0
Gulichka.milichka
2013-04-29 17:31:43
ууф мынча аз жазгансыздар.
+1
aizish
2013-04-29 20:49:27
Раев бир жылдары чет жерден сыйлык алып келди беле?... Оа точно эсимде.
0
sanakg
2013-04-29 22:03:40
Эээ... коп эле жазышкан, бирок ааз мааниде жазыптырдаа(((((!?
0
aidi949303
2013-04-29 23:17:26
Кызыгына келгенде жазбай коюптурго
0
jonsons
2013-04-30 10:46:49
эмнеге Бадыева экенине козунор жетип жатат? может подскажете
-1
saltanat.
2013-04-30 12:54:36
сонун жерине келгенде ушинтесинер да
0
adah
2013-04-30 15:41:20
Кандай уланат экен эми?
0
Ayana07
2013-04-30 16:05:25
Дагы бииир жума(((
0
mi-li-na
2013-04-30 21:56:01
Чындап эле Бактыгул окшойт, курбусу сатып кеткенине караганда. Мен да толугу менен ынана баштадым... Аягы кантээр экен...
0
allan
2013-04-30 23:19:55
mi-li-na, Аягында дагы бир жигити чет олкодон гул уурдап берет.Анан ошого турмушка чыгат))
0
TUMAN1
2013-04-30 23:11:26
Ай ким билет ким билет?
0
rozka
2013-05-02 10:09:31
Дагы бир жума кутуш керек))
0
rentgenolog
2013-05-03 00:56:39
Бадыева жонундо деп ишенимдуу айта алам мен дагы.
0
_xXx_
2013-05-04 16:01:46
Акылы азыраак кыздар ушинтип бат эле алданышат.
0
№ 547, 26-апрель-2-май, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан