ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ(29-апрелден 5-майга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Аптада каржылык жактан пайдубал түптөөгө мүмкүнчүлүк болот. Колдонуп калыңыз. Дүйшөмбүдө чөйрөдөгүлөргө жакшы таасир калтырууга тырышыңыз. Анткени бул аракет өзүн актайт. Бейшембиде жамааттан бөлүнбөй, алар менен бир катарда болуу кажет. Болбосо эч кимге жакпай четке сүрүлүп каласыз. Ишемби – чач кырктырууга, алыс жол жүрүүгө ылайыксыз күн.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Дүйшөмбүдө жаңы тааныштарга ишеним көрсөтүүдөн качуу керек. Анткени алдагандан тышкары жаманатты кылуусу мүмкүн. Шейшембиде мамлекеттик мекемеге документ иштери боюнча баш багууга туура келет. Жума күнү ден соолукка зыян келтирип албайын десеңиз, ичимдиктерден баш тартуу оң. Апта соңунда убактылуу ысык мамилеге азгырылуудан этият болуңуз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Аптанын башында акча тартыштыгынан улам пландалган иштер бүтпөй, маселе жаралат. Шейшембиде эски тааныштардан белек алуудан баш тартыңыз. Анткени алардын жашыруун пландары болушу мүмкүн. Бейшембиде достордун башын бириктирүүгө шылтоо жана убакыт табасыз. Жекшемби – мурунку каталарды оңдоо күнү.  

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Апта ичинде көп аракет жумшап, чечилбей келген маселелерди чечүү жолдорун табасыз. Дүйшөмбүдө бирөөлөргө акчалай жардам берүүгө аргасыз болосуз. Бейшембиде  бир ишти бүтүрүү үчүн таасирдүү таанышты ортого салууга туура келет. Ишембиде ойлоруңузду ортого салбаңыз. Башкалар колдонуп кетишет.


АРСТАН (23.07-23.08)
Апта ичинде жетишкендиктерге алымсынбай, дагы бийиктикке көтөрүлгүңүз келет. Бул үчүн бирөөлөрдүн пикирин жана жардамын пайдаланасыз. Зыяндуу адаттардан арылбагандардын өнөкөт оорулары козголушу ыктымал. Шаршембиде жеке жашооңузга бирөөлөрдүн аралашуусунан улам чыр келип чыгышы мүмкүн. Ишембиде моралдык колдоого мажбур болууңуз күтүлүүдө.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Дүйшөмбүдө туура эмес ой жүгүртүүңүздүн азабын тартасыз. Шейшембиде ички үнүңүздү уга билсеңиз, калпыстыкка жол бербейсиз. Бейшембиде ийгилик сизге тааныштардын колдоо көрсөтүүсүнөн көз каранды. Апта акырында керексиз буюмдардан арылууга жетишиңиз. Бул сизге жеңилденүү алып келет.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Бул аптада өжөрдүгүңүздү курч акыл менен айкалыштырсаңыз, киреше табасыз. Шейшембиде майда иштерге убакыт коротпой, маанилүүсүн бүтүрсөңүз, жакшы жыйынтыкка ээ болосуз. Шаршембиде кандайдыр бир ишке катышууга сунуш түшсө, баш тартканыңыз оң. Ал иштен пайда чыкпайт. Жекшембиде коомдук жайда сак болуңуз. Капчыгыңызды уурдатып жиберишиңиз ыктымал.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Аптанын башында туура эмес иш кылып, артында өкүнүүңүз мүмкүн. Сүйүүдө өзүңүздү өзүңүз алдабаңыз. Байланыш түзө баштаган адамыңыз сизге чындап жакпаса, мамилеңизди үзүңүз. Апта ортосунда сизди жагымдуу сюрприз күтөт. Жума күнү жүрүм-турумду көзөмөлдөп, ашыкча эмоцияга жол бербеңиз. Ишембиде жакшы адамдар менен таанышып, жан дүйнөңүз үчүн майрам болот.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Апта ичинде адилетсиздикке туш келсеңиз, кысынбай оюңузду бетке айтыңыз. Шейшембиде достукту баалаган адам экениңизди жакын тааныштарыңызга көрсөтүүңүзгө туура келет. Бейшембиде шашылыш курсак тойгузууга ашыкпай, азыктардын чыгарылган убактысына көңүл буруу кажет. Жума күнү азгырган калпыс иштерден алыс болуңуз. Болбосо маселе жаратып аласыз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аптада сизди көп иштер күтөт. Бирок мээнетиңиз кайтып, жыйынтыгы жакшы болот. Шейшембиде баалуу жасалгаларды сатып албай туруңуз. Алдамчыларга туш келип калууңуз мүмкүн. Бейшембиде колдоо көрсөткөнүңүз үчүн сүйүктүүңүз сиздей адамы бар экендигине ыраазы болуп, алкышка бөлөйт. Жекшембиде бирөөлөрдүн ишине жана жеке жашоосуна кийлигишпеңиз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Апта ичинде мээнеткеч болуп чыга келесиз. Ошого жараша көп иштерди бүткөрүп алууга үлгүрөсүз. Башкаларга ыңгайсыздык жана жагымсыз көз ирмемдерди тартуулап калбоого аракеттениңиз. Бейшембиде сизге жаккан адамга кол сунган башка адамдардын бар экендиги анык болот. Апта аягында жакын адамдардын камкордугунун астында жакшы эс алууга шарт түзүлөт.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Апта ичинде каржы жаатындагы пландарга киришүүгө, карызга акча берүүгө болбойт. Анткени өз акчаңыздан кол жууп калууңуз мүмкүн. Таарынткан адамыңыз менен мамилеңизди оңдоңуз. Бейшембиде жаңы нерселерди үйрөнүп, көңүлүңүз кушубак тартат. Сүйүктүү адамыңыздын маанайы түшүшүн каалабасаңыз, ишембиде арзыбаган нерселерге таарынуудан качыңыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 547, 26-апрель-2-май, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан