ЖЕР ТИТИРӨӨГӨ ТУРУКТУУ ҮЙ КУРУУ

Кыргызстан сейсмикалык жактан кооптуу аймакта жайгашкан. Жыл сайын 3 миңдей жер титирөө катталат. Анын ичинен күчү 6-7 баллдан кем эмес жер силкинүү да болуп турат. Мына ушул жер титирөөлөргө туруктуулугу жогору үйдү курууда кандай эрежелерди сактоо зарыл? Эмне себептен жер силкинсе дубалдар туруштук бере албай кулап калат? Буларга жоопту төмөндөн табасыздар.

БААРЫ КЫРТЫШТЫ СЫНООДОН БАШТАЛАТ
Алгач үй салына турган тилкенин 7-8 жеринен көлөмү чакадай болгон чуңкурларды казып, аларга суу толтуруңуз. Эгер суу сиңгенден кийин чуңкурча эч өзгөрүүсүз турса, анда ал кыртышы бекем топурак деп эсептелет. Ал эми чуңкурдун четтери тепкич формасында чөгүп калса, чөкмө топурак болуп эсептелет. Анда пайдубал түптөлүүчү жерди алгач таптап чыгуу талап кылынат. Болбосо, кийин үй чөгө баштайт.

ПАЙДУБАЛДЫН ОРДУН ТАПТОО
Пайдубал түптөлүүчү жерди тоңо турган катмарынан (70-80 сантиметр) дагы 5-10 сантиметр тереңирээк казып, ага суу толтуруп, кургатып алуу сунушталат.
Пайдубалдын ордун таптап, андан соң 10 сантиметр калыңдыкта шагыл төгүп, анын үстүнө 10 сантиметр топурак салып таптоо керек. Андан соң дагы 10 сантиметр калыңдыкта шагыл төгүп, пайдубалды түптөөгө болот.

ПАЙДУБАЛ
Пайдубалдын жер алдындагы бөлүгү аз дегенде 0,5 метрди түзүүсү шарт. Себеби жазында тоң эригенде пайдубал чөгөт.
Үстүнкү бөлүгү дубалды суудан, жаандын жерге тийген тамчыларынын чачырандысынан коргош үчүн 50 сантиметрден кем болбошу керек.
Пайдубалга сейсмикалык кемер сыяктуу эле арматура салган туура.
Пайдубалды түптөп жатканда үстүнөн 30-40 сантиметр ашып тургандай ар бир 0,5-0,7 метр сайын зымдарды тике сайып коюу кажет (бул чийки топурактан салына турган үйлөрдүн дубал менен пайдубалдын байланышын күчөтүүдө зарыл).
Пайдубалды чөгүп кетүүдөн сактоо үчүн үйдүн тегерегин калыңдыгы 5-10 сантиметр, туурасы 0,5 метрден кем эмес, жантайыңкы кылып бетондон төшөлгө куюп чыгуу сунушталат.

ДУБАЛ
Пайдубалдын курамы цемент, кум жана шагыл болгондуктан, ал нымды өзүнө тартып, дубалга да өткөрүп турат. Бул кемчиликтин таасирин азайтууга кум менен цементтин аралашмасы
(1 чака цементке 2 чака кум) жардам берет. Аралашма 1-2 сантиметр калыңдыкта пайдубалдын үстүнө куюлат. Дубалды нымдан коргоо үчүн кара кагаз же клеёнка ташталса, ал горизонталдык жер силкинүүдө дубалдын жылышып кетүү коркунучун жаратат.
Дубалдын бурчтарынан ортону карай ар бир 30-40 сантиметр бийиктеген сайын 1,5 метр узундукта сөзсүз байлама (торчо зым, ичке жыгач, тактай) ташталышы керек. Байламаларды да бурчтан бириккен баштарын кайчылаштырып байлоо керек.
Бөлмөлөр ичиндеги дубалдардын аралыгы 5 метрден ашпашы шарт. Эгер 5 метрден ашык дубал тургузуу керек болсо, алардын аралыгына сөзсүз пайдубалдан сейсмикалык курга байланган тирөөч орнотуңуз. Анткени биздин аймактагы жер силкинүүдөгү көпчүлүк толкундун узундугу 10-12 метрди түзөт. Башкача айтканда, жер силкингенде 12 метрге жетип бир сынат да, кайра дагы бир толкуп, 12 метрге барып бир сынат. Толкун сынган жеринде силкинүү пайда болуп, сындыруу күчүнө ээ. Андыктан үй салып жатканда үйдүн узундугун 12 метрден ашырбоо сунушталат. Ошондой эле үй канчалык кыска, чакан болсо, жер титирөөгө туруктуулугу жогору болот.

СЕЙСМИКАЛЫК КЕМЕР
Дубал бүткөн соң анын үстүнөн бетон аралашмасын куюп койсо эле сейсмикалык кемер болду деп калышат. Бул сейсмикалык кемер эмес. Ал болгону устун же бетон плитаны жаткырууда куюлуучу айлантма кемер болуп саналат. Сейсмикалык кемер устунга же бетон плитасына узатасынан кеткен арматураны байлап, анан анын капталындагы боштукка куюлат.
Эгер каражат тартыш болсо, ылайдан салынган үйдүн сейсмикалык кемерин тактайдан жасаса болот. Туурасы 20-25 сантиметр, калыңдыгы 4-5 сантиметр болгон тактайларды дубалдын үстүнө жаткырып, бурчтарын бири-бирине бекитет. Дубал менен байланышын камсыздоого кыштын акыркы 3-4 катары калганда же сокмонун бир катары калганда тигинен, жоондугу билектей болгон жыгачтар дубалдын ортосуна бекитилет. Ал жыгачтарга сейсмикалык кемер катары колдонулган тактайлар кагылат. Кемерди бекитерден мурда анын алдынан кийин устундарды байлаганга ылайыктап ченеп зымдарды өткөрүп коюу зарыл. Аны менен устундар байланып, дубал менен чатырдын байланышы камсыздалат.
Ылайдан дубал тургузууда пайдубалдын үстүнө узатасынан эки тактайды жаткырып, ага туурасынан тактайларды кагып (шаты сыяктуу), пайдубалга ташталган зымдар менен байлап койсо, бул дубалдын жылышып кетпөөсүнө көмөкчү болот.
Үйдүн төрт бурчунан тургузулган темир бетон өзөктөрдү пайдубал менен сейсмикалык кемерге бириктирүү керек. Пайдубал түптөлүп жатканда анын ичине темир өзөктөр үчүн арматураларды тигинен таштап бекитип, андан соң сейсмикалык кемерге кошо куюлат.
Үйдү бышкан кыштан тургузуп, анын үстүнөн сейсмикалык кемер куюшат. Эгерде бурчтарда түркүктөрү жок эле сейсмикалык кемер куюлса, анын эч кандай пайдасы тийбейт. Тескерисинче, дубалга ашыкча жүк болуп калат. Бул үйдүн чөгүүсүнө алып келет.

ШЫП
Жыгач материалдан шып жабууда рейкаларды устундун үстүнө кагуу керек. Эгер алдынан кагып койсо, шыпты жылуулоо үчүн төгүлгөн ылай оордугун салып түшүп кетет.
Устундардын арасына рейкаларды 45 градус кыйгач кылып уруу зарыл. Себеби үч бурчтук геометриядагы эң туруктуу фигура болгондуктан, устундардын кыйшаюусуна жол бербейт.
Шыпты жылуулоо үчүн ылайды жакшы ачыткыла. Ачытылып, саман аралаштырылган ылай шыптын бекемдигин да камсыздай турган клейдин кызматын аткарат.
Эгер шыпка плита жабыла турган болсо, анын жок дегенде 12 сантиметрден кем болбогон бөлүгү дубалга илиниши керек.
Эгер плитанын ордуна колго даярдалган бетон (монолит) куюлса, ал 10-15 сантиметр калыңдыкта куюлат. 10 сантиметрлик кылып куйса, анда тигинен коюп, аралыгы 1-1,5 метрден алыстыкта арматура «кабыргалар» байлануусу зарыл. 12-15 сантиметр калыңдыкта болсо «кабыргалардын» кереги жок.

ЧАТЫР
Дубалга орнотулган устундардын үстүнөн сөзсүз узатасынан жалпак тактай («мауэрлат» деп аташат) коюлуп, ага чатырдын айырмачтарын (стропило) кош мүйүздүү мык (скоба) менен бекитүү шарт. Бул тактай айырмачтардын жүгүн бир гана жерде кармабай, сейсмикалык кемерге тегиз таратып берет.
Чатырдын шифери жаандан дубалды коргоосу үчүн андан 50-70 сантиметрден ашып туруусу керек. Эгер дубалга үстүнөн суу тийип, айрым жерлери урап калса, шыпка жана чатырга терс таасирин тийгизет.
Жаан агызгыч жасоону эч качан эстен чыгарбаңыз.

ЭШИК, ТЕРЕЗЕ
Норма боюнча биздин аймакта терезенин туурасы 1,5 метр жана бийиктиги 1,5 метрге чейин, ал эми эшиктин туурасы 0,9 метр, бийиктиги 2 метрден ашпашы абзел.
Эшик, терезенин эки капталына сөзсүз тирөөчтөрдү коюу талап кылынат. Тирөөчтөр пайдубал менен дубалдын үстүндөгү сейсмикалык кемерге бириктирилип, эшик, терезенин үстүнөн сейсмикалык кемерге чейинки аралыктарын шаты сымал бири-бирине байлоо зарыл. Ал эми эшик-терезенин үстүнө туурасынан коюлган тирөөчтөргө жеткенде токтотуп койгон туура эмес. Жер титирегенде ал дубал өзүнчө кыймылдап калат.

Жогорудагы маалыматтар менен бөлүшкөн Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетиндеги имараттарды долбоорлоо, тургузуу жана жер титирөөгө туруктуу курулуш кафедрасынын башчысы Жаныбек Маматов болду.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Asus84
2013-04-29 11:22:58
жакшы кенеш
0
shuma94
2013-04-29 22:16:27
кенешинерге чоон рахмат уйронсо болот
+1
asya-sky-87
2013-04-30 15:13:50
Жакшы кенеш экен. Дагы ушундай кенештерден берип турсанар бизге дагы жакшы болот эле.
+1
kilim
2013-04-30 21:46:35
jakwy
0
№ 547, 26-апрель-2-май, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан