САКУРА – АЛЧА ТҮРҮ

БИШКЕКТЕГИ САКУРА ЯПОНИЯНЫ ЖАКЫНДАТТЫ
6-апрелде Бишкектеги Жеңиш сейил багындагы ишембиликте мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев сакура көчөтүн отургузуп жатып, өлкөнү сакурага салыштырган эле. Тагыраак айтканда, Кыргызстанда туруктуулук болсо, мамлекет беш жылда сакурадай гүлдөй тургандыгын белгилеген.
Ишембиликке Япониянын Кыргызстандагы толук ыйгарымдуу элчиси Такаюки Коике да катышып, 1 гектар жерге сакура отургузулган болчу.  Сакуранын 140 көчөтүн элчи Япониядан ала келген.
Бирок 16-апрелде көчөттөрдүн уурдалганы тууралуу маалымат таркап, ушул эле күнү Бишкек мэриясы 14 түбү уурдалганын тастыктады. Бул кабар чет мамлекеттик басылмаларга чейин жайылып, биз бир топ уят болдук. Уурдалгандардын ордуна жаңы көчөттөрдүн отургузулганын айта кетели. 
Сакура – Ыраакы Чыгышта (Орусия, Кытай, Кореянын чыгышы, Япония жана Филиппин) өсүүчү роза түркүмүндөгү декоративдүү дарак.
Гүлдөрү да сакура деп аталат. Жазында 7-10 күндөй гүлдөп турат, гүлдөрү ак өңдөн ачык күлгүн түскө чейин болот. Жалбырактары гүлдөгөн соң гана чыгат. Мөмөсү сакурамбо деп аталып, диаметри 8-10 миллиметрге жетет. Сакуранын кээ бир гана сорттору мөмөлөйт. Алардын айрымдарынын мөмөлөрү даамдуураак болбосо, көбүнүкү кычкыл жана даамсыз болгондуктан желбейт. Мындай мөмөлөрдү маринаддап, күрүч тамактарга кошкондор бар. Туздалган жалбырагы жана гүлү тамак-ашка колдонулат. Сакурадан шарап да даярдашат.

ЯПОНИЯНЫН УЛУТТУК СИМВОЛУ
Сакура – Япониянын улуттук символу. «Алча абдан кооз гүлдөгөнү менен, гүлү бат эле түшүп калат. Адам өмүрү дал ошондой» дешет. Өзгөчө бул аялзатынын жаштыгы менен сулуулугуна карата салыштырылып келет.  
Японияда сакуранын 350дөн ашык түрү бар. Көпчүлүгү селекциялык жол менен алынган. Мажүрүм талдай самсаалап өсүүчү түрү абдан кооз жана гүлдөрү күлгүн түстө.

ХАНАМИ – САКУРАГА СУКТАНУУ ЖӨРӨЛГӨСҮ
Жазында, сакура гүлдөөрдө Японияда атайын штаб түзүлүп, адамдар ишке алынат. Алар сакура кайсы жерде кайсы датадан баштап гүлдөй баштаганы тууралуу маалыматты чогултуп, күн сайын телевидение, гезиттер аркылуу жарыялап турушат. Ал кабарлар боюнча аймактын тургундары ханами – гүлдөгөн сакура майрамын өткөрүүгө киришишет.
Сакуранын гүлүнө суктануу жөрөлгөсү 7-кылымда башталган. Ак сөөктөр сакура багында гүлүнө суктана отуруп ичип-жеп, музыка угуп, көңүл ачуучу оюндарды ойноп эс алышкан. Ханами ошондон бери үзгүлтүксүз майрамдалып келет.  Майрам алча гүлдөп бүткөнгө чейин, тагыраагы, 7-10 күнгө дейре созулат. Түнкү ханамини ёдзакура (түнкү сакура) деп аташат.
Майрам эң шаңдуу өтчү жер Токиодогу Синдзюкугёэн аттуу ири сейил багы. Анда  75 сорттогу 1500 сакура дарагы өсөт. Токиодо мындан башка 1100 сакура өстүрүлгөн бак бар. Алча марттын аягы, апрелдин башында гүл ачат.

САКУРАНЫН УЛАМЫШЫ
Илгери Япониянын бир аралында Асман Кудайы Нинигиге Тоо Кудайы «жубайлыкка 2 кызымдын бирин ал» дейт. Ниниги анын кичүү кызы Коно хана сакуя-химэни  (бизче «гүлдөп турган») тандап үйлөнүп, улуусу Иванага-химэни («бийик аска») түрү суук деп жерийт. Анда Тоо Кудайы «эгер сен Иванага-химэни тандасаң, тукумуңдун өмүрү да, жашы да аска-тоо сымал узун, бекем болмок. А сен Ко-но хана сакуя-химэни тандап туура эмес кылдың» дейт. Ошондон улам Нинигинин тукумдарынын (япон элинин) өмүрү сакуранын гүлүндөй кооз, бирок аз болуп калыптыр.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
jjey
2013-05-01 00:54:12
menin bilishimche naoborot japondor duinodogu en kop jashagan el go orto jash 80 dep bilem alarda
0
kgMM
2013-06-14 00:13:03
Алчанын ушундай аталган туру бар экенин азыр билдим аябай кызыктуу экен .
0
№ 547, 26-апрель-2-май, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан