Жоомарт Жолдошев:«АДВОКАТТЫК КҮБӨЛҮК АЛУУ ЖОЛУН ТАТААЛДАШТЫРУУ КЕРЕК»

Жакасына «Жолдошев жана анын өнөктөштөрү» (J&P) деген төш белгини тагынган мырза кеңсебизге кирип келди. Ал эл аралык юридикалык тажрыйбасы бар, Кыргызстанда туруп бир нече чет өлкөдө өкүлчүлүктөрүн ачкан «Joldoshev&Partners» компаниясынын негиздөөчүсү Жоомарт Жолдошев эле. Аны менен өлкөбүздүн укуктук талаа айдыңы боюнча маектештик.

– Кыргызстанда сот тармагын реформалоо үчүн 2011-жылы июнь айында Сотторду тандоо кеңеши түзүлгөн. Бирок бул системди өзгөртүү жыйынтык бербей келе жатат. Эмне тоскоолдук болуп жатат деп ойлойсуз?
– Биздин сот системине өзгөртүү киргизүү, реформалоо мезгилдин талабы болуп калды. Бул так жана белгилүү нерсе. Бирок менин жеке пикиримде реформаны кандай жолдо, кантип жасоо керектигин бийлик так билиш керек болчу. Бийликтегилер да сот системиндеги реформага көп кызыкдар болгон эмес жана болбой жатат. Эгер баарын ордуна коюп, баары так аткарылчу болсо, анда учурдагы схема бузулуп кетет. Аны менен бирге прокурорлор, ошол эле милиция кызматкерлери жең ичинен акча ала албай калышы мүмкүн. Ал чөйрө өзүнчө эле корпорация, ошондуктан ага көп адам кызыкдар. Азыр угуп жатабыз, реформага тоскоолдук кылгандарды. Аларды угуп зээниң кейийт, жыйынтык деле күтпөй каласың.

– Реформанын өзөгүндө алардын маянасын жогорулатуу керекпи?
– Бул багытта менин башка альтернативдүү сунушум жок. Реформанын өзөгүн маяна түзөт деген туура эмес нерсе. Бул жерде системдүү бир аракет болушу керек. Башкача айтканда, мыйзамдын сакталышын, иштешин көзөмөлдөө зарыл. Укук коргоо тармагы чоң бир дарак, анын сот, милиция, прокуратура, УКМК деген бутактары бар. Анын ичинен бир бутагын гана реформалоо жана аягына чыгаруу деген – абдан чоң жаңылыштык.

– Соттук ачык-айкындуулуктун болбой жаткандыгынын себеби административдик басымдан улам деп айтылат. Сот бийлигине кандай эркиндик, кандай шарт керек?
– Менин оюмча, сот бийлигине шартты, эркиндикти башка өлкөлөрдөн эле карап алса болот. Сот системи абдан жакшы иштеген өлкөлөр бар да. Ошолордун тажрыйбасын үйрөнүп, өздөштүрүү кажет. Бар эле нерсени кайрадан ойлоп табуунун зарылчылыгы жок.

– Кылмышкерлерди жазалоо бизде оор эмеспи? Жазалоо ыкмаларын, балким, өзгөртүү керектир?
– Чындыгында, бизде жазалоочу гана орган иштейт. Ошол кылмыштын алдын алуу, аны болтурбоонун жолдору бар да, аны менен иштегендер такыр эле жок. Кептин баары анын 3 жыл же 4 жыл камалышында эмес, анын жыйынтыгы кандай болгондугунда. Негизи, кылмышка жеткирбөөгө аракет жасоо зарыл.

– Биздин мыйзамдар эскирдиби, аларды жаңылоо керекпи?
– Бизде бышпаган, чийки мыйзамдар көп. Депутаттар «биз жылына 500 мыйзам кабыл алдык» деп кыйкырышат, сыймыктанышат. Бирок алар системдүү эмес. Мыйзамдар бирине бири карама-каршы келбеш керек. Мыйзам кабыл алындыбы, аны ким, кайсы орган аткарат, так бөлүштүрүлүшү шарт. Башкача айтканда, нормаларды колдонуу механизмдери дагы иштелип чыгышы керек.

– 16 жылга эркинен ажыратылган «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин бошоп, өлкөдөн шашылыш чыгарылышын кандай кабыл алдыңыз?
– Бул укук коргоо органдарына, мамлекеттин аброюна абдан чоң терс таасирин алып келди деп ойлойм. Албетте, коомчулук кандай жагымсыз кабыл алса, мен да ошондой эле кабыл алдым. Бир күндө баары жайгарылышы өтө жаман көрүнүш болду.

– Укуктук талаадагы адилеттүүлүк экономиканын өнүгүүсүнө кандай таасир тийгизет?
– Укуктук талаанын тактыгы түздөн-түз экономикага таасирин тийгизет. Бардык келишимдер укуктун негизинде болот. Анын артынан экономикада оң жакка жылыштар болот. Келишимди аткара билүү, анын эмне экенин түшүнө билүү кажет. Мамлекеттин укуктук саясаты керек. Укуктун ордун коомго тактоо абзел. Бул өтө маанилүү.

– Адвокаттарды сот менен кардардын ортосундагы далдалчы деп түшүнүшөт. Коомдо чыныгы жактоочунун статусун канткенде көтөрөбүз?
– Мени ушул маселе абдан кейитет. Себеби мен АКШда иштеп жүргөндө ал жакта юристтерге, жактоочуларга болгон мамиле таптакыр башкача эле. Бир жагынан алар ошол деңгээлдеги юрист, ошол урматка татыктуу адистер. Бизде адвокаттар ошол «далдалчы» деген сөзгө ылайыктуу, чындыгында. Ага түрткү болгон дагы бир фактор – бизде адвокаттык лицензиясын алуу абдан жеңил. Бир жыл бир жерде эптеп иштеп коюп, анан эч кандай текшерүү жок адвокаттык күбөлүктү ала аласың. Мына ушул көйгөй кейиштүү жагдайларды алып келүүдө. Күбөлүктү алууну абдан татаалдатыш керек жана сотко күбөлүгү жок жактоочулар кирбей тургандай талаптарды коюу зарыл. Кошул-ташыл жактоочунун кайсы бир туура эмес сөзү үчүн эртеси келип ага иш козгоп, жоопкерчиликке тартпайт. Коомчулугубузда жактоочунун жоопкерчилигин күчөткөндө гана алардын статусун көтөрө алабыз.

– Кыргызстанда сиздин компания сот адилетсиздигине туш болду беле? Жеңилүү ызасын тарткан учур эсиңиздеби?
– Жеке тажрыйбамда мындай учур көп эле болгон. Мисалы, мен университетте окуп жүрүп иштечүмүн. Чоң бир сот ишине катышып калдым, Орусиядагы юристтер жардамдашышкан. Биринчи эле ошондо соттун адилетсиздигине туш болгом. Мен сүйлөп жатканда сот айымдын сөзүмө көңүл бөлбөгөнү, укпаганы абдан жанды кашайткан.

– Сиздин компанияга жумушка орношкусу келген адистерге коюлган эң жогорку талап? Интеллектуалдык ресурсту иргеп аласызбы?
– Бизде эң жогорку талап – тил. Чет тилин билгенин каалайм, кандай билими бар, тажрыйбасы сөзсүз мени кызыктырат. Анткени биз чет өлкөлүктөр менен көп иштешебиз. Андан сырткары көйгөйлөрдү чече билүүчү, анын жолун таба билүүчү жөндөмүнө көңүл бурам. Укукчумун деген адамдар бул сөздүн табиятын жакшы түшүнүшү керек. Бул «ук, ук» деген сөздөрдөн куралган. Алар сөзүн башкага угуза билиши зарыл, сөзүнүн башкага жугумдуу таасири болуш керек.

– Кайсы бир партияга мүчөсүзбү? Качандыр бир кезде саясатка аралашуу планыңызда барбы?
– Азырынча партияга мүчө эмесмин. Саясатка көп эле чакырышат. Бирок мен саясатчы эмесмин, мен юристмин. Эл алдына чыгып сүйлөгөндү да көп жактырбайм, жыйынтыксыз жөн эле отуруп алып сүйлөй албайм. Эгерде тажрыйбам жетип, жоопкерчиликти көтөрө алчудай болсом, укуктук чөйрөгө өзгөртүү киргизүүгө көзүм жетсе, анда, балким, ойлонуп көрөт чыгармын.

– Маегиңизге рахмат, ишиңизде ийгилик болсун!

Гүлмайрам Сабырбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 547, 26-апрель-2-май, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан