Кыргызстандын шоу чөйрөсүндө кыздардан топ куралса, эмнегедир өмүрү кыска болот окшойт, тез эле аты чыкпай калат. Ал эми илгерки «Кыз-Бурак» дагы деле өмүр сүрүп келет. Анда азыркы курамдын көзүрү болгон Сайкал Садыбакасова менен маекке назар таштаңыз.
– Сайкал, «Кыз-Бурактын» аткаруучу директору сен эмессиңби, кандай жетекчи болуп жатасың?
– Кандай жетекчи болгонумду кыздар айтса жакшы болмок. Бирок мен аларга чоңсунуп же өйдөсүнбөйм. Кадимкидей эле өз оюмду айтып коём. Форма, ыр, клип боюнча ишти жөнгө салуу, албетте, башында бир аз кыйын болгон.
– Иниң чоңоюп калдыбы? Келечекте аны дагы шоу-бизнестин өкүлү катары көргүң келеби?
– Иним Эркин Оштогу «Себат» түрк лицейинде 5-класста окуп жатат. Кичинекей болсо дагы өтө сезимтал, акылдуу. Эстүүлүгүн байкап кадимкидей ичимден «менин иним да» деп сыймыктанам. Жалаң бешке окуп, анан ырчы болом десе капачылык жаралат да. Негизги себеби бул деле эмес. Апам да, мен да чыгармачыл жаатта жүрсөк, анан иним дагы кошулса болбой калат го. Ошондуктан Эркинди таптакыр башка чөйрөдөн көргүм келет. «Сен жакшы оку, министр, президент болосуң» деп койсом, өзү дагы сүйүнүп, жан талашып окуп калат. Спорттун айкидо түрү менен машыгат, апамдан качып барып бир бий топко да мүчө болуп алыптыр. Аны кийин билдик.
– Топтогу маселелерди ким чечет?
– Кийим тиктирүү, ыр тандоо, клип тартуу дегендерди мен «мындай кылганы жатабыз» деп апама сунуштайм. Апам жактырса, ал иш андан ары уланат. Эгер көңүлүнө толбосо, кайрадан иштеп чыгабыз же ошол боюнча жок болот.
– Ал эми күнүмдүк турмушта жаралган иштерге да апаңды аралаштырасыңбы?
– Апама жеткирбей өзүм эле чечкенге аракет кылам. Такыр эле болбой баратса, кайрылам.
– Түнкү клубдарга көп барат дешет?
– Аны ким айтып жатат? Өмүрүмдө бир эле жолу баргам. Анда дагы Айжамал эжелер менен. Караокеге барып ырдаганымды айтып жатышса керек. Дос кыздарымдын туулган күнүндө караокеге барып куттуктап ырдап коё берем. Апам өзү деле жиберет ал жакка. Топто оператор, айдоочу, жан сакчы болуп отуруп он бештен ашык жигит иштейт. Кыскасы, жан сакчысыз эч кайда барбайбыз.
– Жигитиң барбы?
– Чынында, ар бир адамдын ичинде сезим жашайт. Ал сезим бир күнү жанат жана өчөт. Менде жактыруу болгон, бирок жигит катары сүйлөшкөн эмесмин. Андай сезим болсо апама келип айтып берем. Апам менен жумушта жумуштагыдай, үйдө сырдаш курбулардай элемин. Ал «азыр жашсыңар, жаш кезде иштеп калгыла. Кыздар үчүн турмуш куруу жыйырма эки, жыйырма үч жаш туура» деп көп айтат.
– Чыгармачылыгыңдагы акыркы жаңылыктардан айтып берсең...
– Сөзү, обону Гүлжигит Сатыбековго таандык «Ыйлатпачы» деген ыр жаздырдым. Андан сырткары Гүлнур Сатылганованын үнүнө ылайыктап бир обондуу ыр жаратуудамын. Эженин өзүнө «сизге ыр жазгым келип жүрөт» десем «макул» деген. Ошол ырдын үстүндө иштеп жатам. Негизи, менин 30га чукул обондорум бар. Айрымдарын таанымал ырчыларыбыз ырдап жүрүшөт. Көбүн өзүм ырдайм жана топтогу кыздардан ашпайт.
– Коомдук иштерге катышайын деген оюң жокпу?
– Үч жылдан бери Кыргызстан аялдар конгрессинин мүчөсүмүн. Аялзатынын коомдогу орду туурасындагы ар кандай иш-чараларга катышып келем. Кытай Эл Республикасынын Аялдар министрлигинин чакыруусу менен 30 өлкө катышкан симпозиумга кетип жатам. Ал жерде өз өлкөсүндөгү аялдардын орду туурасында доклад окулат. 12 мүнөттүк ал докладды жаш лидер айымдар окушу керек экен.
– Азыркы «Кыз-Бурактын» кыздары мурунку курамдай топ жарып чыга албай жатат дегенге кошуласыңбы?
– Кошулбайм. Мисалы, Айжамал, Гүлнара, Кенже эжелер топко 1993-94-жылдары келишкен. 2001-жылы Бишкекте концерт бергенибизде Айжамал эже «Жан-жан», Гүлнара эже «Сындырбачы назарымды» деген ырлары менен таанылышкан. Барары менен эле атактуу болуп кетишкен жок да. Сегиз-тогуз жыл апамдын тарбиясын алышты, такшалышты, бышышты. Бир жерге концерт коюп барышса аларды эл тааныбай, «Кыз-Бурактын» атын жамынгандар» деп таш бараңга да алган учур болуптур. Тааныгандар апама телефон чалып, «ушундай кыздар келишиптир, эч кимисин тааныбайт экенбиз» дешиптир. Азыркы курамды 2-3 жылда эле эл жакшы кабыл алып жатпайбы. Анын үстүнө топтогу кыздарга жеке ыр жаздырбай элемин, мени кошпогондо. Мен эми кичинемден эле жеке ырдайм да. Кыздарга эмнеге жазбай жатабыз? Ыр жазылса да, клип тартылса да, топ биринчи орунда болуп жатат. Ошентсе деле кыздардын ар биринде жеке аткарылган ырлар бар.
– Ич ара көрө албастык болобу?
– Көрө албастык эмес, жадакалса талаш-тартыш да болбойт. Анткени баарына бирдей форма тигилип, баарына бирдей ыр жазылып жатат да.
– Топтогу кыздар эмгек акы алып иштешеби?
– Белгилүү бир өлчөмдө айлык алышат, андан сырткары гонорар төлөнөт. Жөө жүрбөйбүз, кызматтык унаабыз бар, кыздардын тамак-ашы, жашаган жери бекер.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg