ДЕНЕДЕ БАР ТЫРЫКТАР, АР БИРИНИН СЫРЫ БАР

Ар бир нерсенин тарыхы бар. Керек болсо чекебиздеги кичинекей так да өзүнө кызыктуу окуяны камтыйт. Анда “сахна адамдарынын айрымдарынын дене-мүчөсүндө так же тырыктары эмнеден улам пайда болгон?” деген суроонун жообун бирге окуйлу.


Тепкичтен чекеси тилинген Жылдыз

Ырчы Жылдыз Тутуева кичинесинде бийик тепкичке чыгып алып сахнаны элестетип ырдаганды жакшы көрчү. Бир күнү адаттагыдай эле бийик тепкичке чыгып, колуна таякты микрофон кылып ырдап жатып кулап кеткен. Учуп барып тикесинен турган темирге чекеси менен тийген. Ошол тырык азыр деле жүрөт.


Билеги күйгөн Айчүрөк

Айчүрөк Иманалиева 6-класста окуп жүргөн кезинде мугалимдерге чай көтөрүп баратып тайып кеткен. Чайнектеги кайнак суу оң жак капталына жаба төгүлгөн. Коркуп кеткен ырчы ооруну да сезбей чуркаган бойдон үйүнө барып, керебеттин астына жашынып алган. Капталы катуу ооруп баштагандыктан, апасына айтууга аргасыз болот. Апасы кызынын оң колу чыканакка чейин каканактап калганын көрүп, жүрөгү түшүп калат. Азыр да чайдын тагын ырчынын оң колунан көрө аласыздар.


Камчы арак ташып...

Артист, ди-джей Камчы Сарыбаевди бала кезинде айылдагы тракторчулар алдап-соолап арак ташытышчу. Бир күнү койнуна арак катып алып талаадагы байкелерин көздөй баратса, бир ит капысынан үрүп калат. Аты үркүп кетип, ала качып жөнөйт. Ошондо Камчы жерге кулап, койнундагы арагы сынат. Сынган бөтөлкө актёрдун сол капталын кесип кеткен. Арак сүйкөп жатып токтоткону менен, актёрдун денесинде так калган.


Назиранын кан досунан калган тырыгы бар

Назира Жетигенова кичине кезинде жалаң эркек балдар менен достошуп, ошолор менен ойночу. Бул эркек мүнөз кызыбыз 6-классында Семетей деген классташ баласы менен кан дос болобуз деп колдорун бычак менен тилишкен. Катуураак тилип алган көрүнөт, колунун каны көпкө токтобой койгон. Азыр ал кан досунан кабар жок болгону менен, куудулдун колунда тырык дале жүрөт.


Розанын бутунун бармагы кыймылдабайт

Коңур үндүү Роза Шакированын оң бутунун бармагын чоң бычак тилип кетип, тырык калган. Ырчы ашканада тамак жасап жатса бийик текчеде турган бычак түшүп кетип бармагын кесип кеткен. Чыдатпай ооруган бутуна кичинекей баланын заарасын сүртүп жатып айыктырган. Ошонун кесепетинен учурда ырчынын бармагы жакшы кыймылдабайт.


Канаттын денесинде иттин тишинин изи калган

Продюсер Канат Култаевдин көкү­рөгүнүн оң тарабында чоң тырык бар. Студент кезинде Канат дүкөнгө майда-чүйдө алганы баратса көчөдөн чыга калган килейген ит чуркап келип асылып, көкүрөк тушун тиштеп алган. Иттин ээси коркуп кетип, Канатты доктурга алып барып жаткырган. Кыскасы, иттен калган ошол так Канаттын денесинде кала берген.


Нурзатты торпок сүйрөп кеткен

Нурзат Токтосунова кичинесинде айылдагы торпокторду кайтарганды жакшы көрчү. Бир күнү торпок энесинин үнүн угуп качып жөнөсө, жибине Нурзаттын буту илинип калат. Бир канча жерге сүйрөлүп барган секелек кыздын буту жердеги таш, темирлерге тийип, канжалап кеткен. Бутундагы тырыгы үчүн алпаруучу азыркыга чейин жайкысын кыска юбка кие албай жүрөт.


Максатты бука сүзүп...

Ырчы Максат Бегалиев 3-классында бададан келе жатып уйдун куйругуна жабышып ойночу. Бир жолу ошентип ойноп жатса бука Максатты качырып калат. Качам деген ырчыны бука мүйүзү менен челип калат. Азыр сол көзүнүн астындагы тырык Максаттын өзгөчө белгилеринин бири болуп саналат.


Замира Рахманбердиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 348, 3-9-июль, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан