Талас шаарында 23-апрелде шаардык стадиондо өрт коопсуздугунун дасыккан адиси, маркум Таалайбек Сабыкеевдин жаркын элесине арналган иш-чара болуп өттү.
Ал замандаштарынын алдында кызматтык милдетин өтөп, 1988-жылы чоң өрттү өчүрүп, эки адамдын өмүрүн сактап калган. Анда «Өрт өчүрүүдөгү эрдиги үчүн» медалы менен сыйланган. Аталган иш-чарага Таалайбек Койлубаевичтин жакындары ошондой эле Талас облустук өрткө каршы мамлекеттик кызматынын эмгек жамааты катышышты. Иш-чара спорттук мелдештер менен коштолду.
Гүлназ Атантаева
talas@super.kg