Илгертен ата-бабаларыбыз «ыйык, касиеттүү» деп мазар тутуп, зыярат кылып келишкен жерлер арбын. Мына ушундай жерлердин бири –
Боз Тектир ата мазары. Ал Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Наматбек айылынан 15 чакырым алыстыкта Күмүштак тоосунун ичинде жайгашкан. Аталган мазардын келип чыгышы тууралуу эл арасында бир нече уламыштар да айтылып келет.
ҮЧ БИР ТУУГАНДЫН ЖАНА БОЗ ТЕКТИР БААТЫРДЫН ОКУЯСЫ
Алгач Боз Тектир ата мазарынын жайгашкан орду тууралуу кыскача маалымат берели. Аталган мазарда салмагы болжол менен
10 тонна, бийиктиги 3 метрден ашык чоң таш бар. Бул өзгөчө таш тууралуу эл арасында уламыштардын бир нече варианттары бар экенин бизди ээрчитип барган ОРОЗБЕК аксакал айтып берди:
-Илгери, мындан бир нече кылым мурда бул жерде ислам динин тутунгандар менен башка диндин өкүлдөрү кармашып, ал катуу салгылашта миңдеген адам набыт болуптур. Боз Тектир ата ошол согуштун башчысы болгондуктан, өлгөн жоокерлерди, элди улам таш менен жашырганга буйрук берип, үстүнө белги коюп кете берген дешет. Анткени топуракка жашырганга убактысы жок болгондуктан, таш менен корумдап кете беришиптир. Качан гана душмандар өзүн кубалап жетип, өлтүрөрдө бир чоң ташка жашынып калат. Ошондо кандайдыр бир сыйкырдуу күч пайда болуп, ал таш Боз Тектирди өзүнө сиңирип алган делет.
Анан дагы ал кишинин колдоочусу бүркүт болгон дешет. Ошондуктан ташты аркасынан караганда бир нерсени калкалап турган бүркүттүн элесин чагылдырып турат. Бул ташты эч ким жасаган эмес, табиятынан ушундай. Ал эми мындагы үймөк-үймөк таштар ошондогу шейит болгон адамдардын бейити катары эсептелип, бул жерди ыйык деп жүрөбүз.
Ошол арада майда дөңсөөлөр, башкача айтканда, эски мүрзөлөр аябай көп экен. Албетте, аксакалдын айтканы бир гана варианты. Ал эми мазардын тарыхы катары айыл аксакалы КУШЧУБЕК ата төмөнкүлөрдү баяндап берди:
-Мазардын Боз Тектир деп аталып калышынын кыскача тарыхы бар. Бирок бул окуя канчанчы кылымга таандык экендиги тууралуу так маалымат жок.
Илгери үч бир тууган жашап өткөн экен. Улуусунун сөөгү Түркияга коюлат. Экинчисинин ысымы – Арсланбап, Арсланбап токоюнун аты ушу кишинин урматына коюлуптур. Ал эми мында Бозум дегени коюлган. Үчөө тең олуя кишилер болгон дешет. Бул аймакта катуу кыргын согуш болуп, не бир мыкты адамдар ушул жерден курман болушкан экен. Окуянын болгонун баяндаган арабча жазуу ошол күндөн ушул күнгө чейин мында сакталып калган. Аталган жазууну 1963-жылы Союз убагында эле дин башчылырынын бири Ашымкан Төрө чечмелеп окуп, бул жердин ыйыктыгын, мында касиеттүү адамдар өткөндүгүн белгилеп, зыярат кылууга болорун айткан.
МАЗАРДЫН КАСИЕТИ ТУУРАЛУУ
Мазарга көптөгөн адамдар келип зыярат кылып же тарыхый жер катары кызыгып көрүп кетишет. Боз Тектирге зыяратка баргандар жакшы ниет менен барышы зарыл дешет. Көп учурда ооруп жүргөндөр, туура эмес жолго түшүп, ичкиликтен жабыр тарткандар келишет. Аталган мазардын касиети тууралуу биз менен барган ОРОЗБЕК аксакал да өз башынан кечирген бир окуяны айтып берди.
-Мындан көп жыл мурун, 17-18 жашта болсом керек, бир тууган агам чабан болуп кыштоого көчүп барышты. «Жардам бер» дегенинен мен, апам ыраматылык, анан карындашым үчөөбүз ат минип жөнөп калдык. Күмүштак сайын өрдөп баратып Боз Тектирге кире бергенде эмнегедир башым айланып, көзүм караңгылай түштү. Аттан жыгыла турган болгондо апам сүйөп жерге жаткызганын билем, андан аркысы эсимде жок. Канча жатканымды билбейм, эсиме келип, карындашым да мендей болуп эсин жоготконун тушүндүм. Ошондо апамдан сурасам, ал айтып калды «бул жер ушундай касиеттүү» деп. «Силер биринчи жолу келгениңер үчүн болсо керек» деп келме келтирип, андан ары жолубузду улаганыбыз эсимде.
Мына азыр 70тен ашып, 80ге келип калсам да, ошол күн эсимден кетпейт. Демек, касиеттүү жер. Бул жерге Кыргызстандын булуң-бурчунан келип зыярат кылышат. Ал эле эмес, Казакстандан да келип жүрүшөт.
Гүлназ Атантаева
talas@super.kg