Ош шаарынын Жаштар комитети тарабынан «Эми кайда?» аттуу шаардык жаштар дебаты болду. Ага мектеп окуучулары, жаштар уюмдарынан жана студенттерден түзүлгөн 40тан ашык команда катышты.
Кыргыз жана орус тилдеринде жүргөн дебатта азыркы мезгилдеги актуалдуу көйгөйлөр каралып, ар бир команда кызуу талкуу жүргүзүштү. Жаштардын талкуусу сынактык негизде болгондуктан, «Сенаторлор оюнда», «Нур-АРГ», «Генийлер» командалары башкы орундарга ээ болушту.
«Мындай дебаттар шаарыбызда байма-бай өткөрүлүп турат. Максатыбыз – жаш муундун кайдигерлигин жоюу, жаштардын туура, так сүйлөөсүн өркүндөтүү»,- дейт Жаштар комитетинин жетекчиси Сонунбек Жунусбаев.
Уулбү Каныбекова
osh@super.kg