18-19-апрель күндөрү Ош улуттук драма театрында Оштогу белгилүү окуу жайлар ОшМУ менен ОшТУнун салтына айланган «ОшМУ периси-2013» сынагы болуп өттү. Ош мамлекеттик университетинин сынагына катышып жаткан 12 сулуу кызыл килемден өттү. Сулуулардын кээ бирин ошол окуган факультеттин деканы өзүнүн унаасы менен алып келсе, кээ бири атайын жалданган унаалар менен келишти. Эң кызыгы, искусство факультетинин сулуусу кыргыздын улуттук кийими менен ат үстүндө 8 жигиттин коштоосунда келди.
18-апрель күнү ат салышкан кыздардын ичинен Айпери Тойчиева «ОшМУ периси-2013» наамына татып, Түркиянын Стамбул шаарына жолдомого ээ болду. Ал эми 19-апрель күнү «ОшТУ сулуусу-2013» деп Чолпонай Матбекова табылды. ОшТунун перисине «Арсланбап» эс алуу жайына жолдомо берилди.
Уулбү Каныбекова
osh@super.kg