Жазуучу Кубатбек Жусубалиевдин «тоонун башында отуруп да дүйнө тааныса болот» деп айтканы бар. Анын сыңарындай, Өзгөндүн Тоо-Дыйкан айылынын 11-классынын окуучусу Аязбек уулу Асылбек тоо башында отуруп пульт менен иштөөчү кичинекей экскаватор жасаптыр.
– Асылбек, бул экскаваторду жасоо идеясы сага кандайча келип калды?
– Мен кичинекей кезимден эле техникага жакын өстүм. Быйыл «Жаш интеллектуалдар» аттуу Республикалык сынак болуп жатканын угуп, пульт менен иштөөчү тик учак жасоону баштагам. Бирок ага көп убакыт керек экен. Эртең сынак деген күнү ушул экскаваторду жасап алып келүүгө жетиштим.
– Экскаватор кандай жолдор менен жасалды? Материалдарын кайдан таптың?
– Мен экскаваторду көрүп жүргөнүм менен, анын функциясын толук билбейт элем. «Бул жерин мындай кыл, тигиндей кыл» деген адам болбоду. Бирине бирин улаштырып ушундай экскаватор жасап алдым. Буга DVD менен чөнтөк телефондун жабдыктары, зымдары керектелип, сыртын үйдүн чатырына жапкан каражаттар, сыр боёктордун идиштери менен каптагам.
– Буга дагы эмнелер жетишпейт, толуктайын деген нерселери болсо керек?
– Албетте, бар. Бул кичинекей болгондуктан, 200 граммга чейин гана салмакты көтөрө алат. Ишке жаратуу үчүн муну дагы чоңойтуу керек. Анан да учурда дөңгөлөктөрү алдыга жана артка гана жүрө алат. Эки жакка бурула турган кылып да толукташым керек. Мен муну күйүүчү майсыз иштей турган кылып ойлоп жатам. Азыр пульт менен иштейт, ага чөнтөк телефондун батарейкасын салгам. Муну электр энергиясы менен иштетсе да болот. Учурда магнит талаасынын күчү менен иштөөчү мотор ойлоп жатам. Ал толук ишке ашып калса, бул экскаватор майсыз, электр энергиясыз иштеп калат.
– Ал күйүүчү май менен электр энергиясынын ордун басчу кандай мотор болду экен?
– Бул эч ким ойлой элек мотор десем жаңылышпайм. Ишке ашырууга чоң аракет кылып жатам, эгер бүтүрүп алсам, Кыргызстанга жардамы чоң болот. Магнит талаасынын тартылуу, түртүлүү күчү менен иштейт. Буга электр энергиясынын, күйүүчү-майлоочу майдын, күндүн энергиясынын кереги жок. Караңгы жерде болобу, жарыктабы, тоонун башындабы, тартылуу, түртүлүү күчү менен иштей берет. Бул да толук бүтпөй калды. Ушуну ишке ашырып алсам, чоң жумуштарга пайдасы тиет деген үмүттөмүн. Учурдагы кызматы – вентилятор иштетет, анан кыз менен жигиттин бийлеп жаткандагы элесин жасап койгон сувенирлер бар го, токко сайып койсоң айланып турган, ошолорду электр энергиясыз айланта алат. Мунун системин дагы жакшылап иштеп чыгып, машинанын моторун жасаса болот. Алар азыр планымда бар, буюрса, ишке ашырам.
– Планыңда дагы кандай ачылыштар бар?
– Эң пайдалуусун айтып өтөйүн. Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан, мал менен жайында тоолорго чыгып кетебиз. Адамдар отурукташып, бирок аларга суу барбаган бийиктиктер болот. Ошондой жерлерге чуңкурдан суу тартып чыгуучу насостун системин ойлоп жатам. Ал да эч кандай каражаттын күчү керектелбей иштейт. Суу бараны, ал эми бара насосту айлантат, насос бийиктикке сууну тартат. Буга суунун күчү керек болот.
Уулбү Каныбекова
osh@super.kg