ОКУРМАНЫ ЖОГОЛГОН КИТЕПКАНА

23-апрель – Бүткүл дүйнөлүк китеп күнү. Ошол күнгө байланыштуу жан азыгы болгон китептер жана китепкана тууралуу сөз козгойлу деп чечтик. Анда Жалал-Абад облусундагы китепканалардын абалы менен тааныштырмакчыбыз.

БАЙДЫН ҮЙҮ КИТЕПКАНАГА  АЙЛАНГАНДА... 
Жалал-Абад шаарында облустук чоң китепкана бар.  Азыркы учурда бул китепкананын абалы кандай деген кызыгуу жаралды. Кызыгы, китепкана делген имарат мурда бир байдын үйү болгон. Кийин мамлекетке өткөрүлүп, китепкана катары иштеп келе жатканына 86 жыл болду. Китепканачы Айзада Кабированын айтуусунда, окурмандардын негизги катмарын студенттер түзөт. Кээде гана мектеп окуучулары келип калышпаса, дээрлик адам аз келет. Окуу залына баш бакканымда залда эч ким жок, жалгыз гана жазуучу агай китептен башын албай отуруптур.
Бир сүйүнүчтүү жагдай, мамлекет тарабынан мурункуга караганда азыр китепканага көңүл бурула баштаганы болду. Борбордук китепканага эски,  жаңы болуп былтыр бир топ китептер келген. Быйыл дагы китептердин саны толуктала турганын айтышты. Көбүнчө акын-жазуучулар өздөрүнүн калемине таандык китептеринен китепканага тапшырып кетишерин да билдим.
Аталган китепкананын эң негизги көйгөйү – имарат. Кышкысын суук, китеп окуп эмес, жөн гана отурганга да шарт жок. Имараттын ичи караңгы жана кууш болгондуктан, ар дайым жарык жанып туруусу керек. Бул китеп окууга өтө эле тоскоолдук  жаратчудай. Ошондой эле китепке байланыштуу ар кандай иш-чара уюштурганга да өтө тардык кылат. Китептер көбүнчө эски экенин да көзүм чалды. Кийинки жылдардагы чыгармалардан Чолпонбек Абыкеевдин «Бриллиант жылан» китеби гана текчеде туруптур. Китепканачы Айзада Кабирова төмөнкүлөрдү кобурап берди:  

– Китепти сактоо багытында да көйгөйлөр жолукпай койбосо керек...
– Бизде китепти сактоого эч кандай шарт каралган эмес. Өзүбүз клейлеп, тигип, көгөрүп кетпесин деп абайлап келе жатабыз. Китеп дагы жандуу нерседей да. Карап, көз салып турсаң, жакшынакай бойдон тура берет. Бул эски имаратта китеп тургай өзүбүз араң чыдап чыгабыз кыштан. Китептерди сактай турган атайын жер төлө болот, андай да жок. Мүмкүнчүлүгүбүзгө карата гана 3 жыл эптеп гезит-журналдарды сактай алабыз. Азыркы учурда китептердин тышкы жасалгасы да арзан болуп калбадыбы. Андыктан китептин мукабасы бат керектен чыгат. 4-5 окурман окуп, кайра биздин колго тийгенде эле жараксыз калат.

– Айлык акыңар кандай?
– Имаратты жаңылантып беришсе, айлык акыга деле ыраазы элек. Анчалык көп эмес, аз да эмес.

«КИТЕПКАНА ӨЗҮБҮЗ ҮЧҮН, КИЙИНКИ МУУН ҮЧҮН КЕРЕК»
Облустук китепкананын абалы учурда ушундай, окурман. Бул жаатта башка да жаңылык бар. Жакында Сузак райондук борборлоштурулган китепканасынын директору Айнура Закирова АКШга барып келди. Анын китепкана тармагында эмгектенгенине 26 жыл болот быйыл. Ушул жылдын март айында кесиптештери менен пикир
алмашып келген директор өз билген-көргөндөрү менен ой бөлүштү:
– Жашымдан эле китепке жакын болгонумданбы, айтор, бүт өмүрүмдү китепканага арнадым. Жаңы келгенимде китепканага адамдар байма-бай келип турушар эле. Азыр китепканалардын абалы оор. Америкада мени кубандырганы, китепкананы алар ушунчалык бийик көрүшүп, кадырлашат экен. А бизде «китепканачымын» десең, «аа, байкуш» деп коюшу мүмкүн. Ал жакта китепканачылык кесип өтө ардакталат экен. Китепканага көңүл буруу зарыл! Өзүбүз үчүн да, кийинки муун үчүн да. Ушуну айтар элем.

Гүлжан Эшбаева
jalalabad@super.kg

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
maksimus
2013-04-29 20:35:11
китепти аябай жакшы кором дейсинер
0
valentinka.kg
2013-04-30 19:39:15
men bul kitep kanany esteim okuu4uluk kezimde kitep izdep baryp kal4uu elem, azyr Germaniyanyn kitep kanalyryna salywtyrgandan da keede tartynam, uwul maselege Okmot jaktan jakwy karoo kirgizilse jakwy bolmok!!! Kitep-bilimdin bulagy emespi!
0
№ 547, 26-апрель-2-май, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан