Жалал-Абад ОИИБинин Таш-Көмүр ШИИБинин милиция кызматкерлери героин сатып жаткан атуулду колго түшүрүштү. 2013-жылдын 23-апрель күнү оперативдик маалыматтардын негизинде Таш-Көмүр ШИИБинин кызматкерлери 55 жаштагы Таш-Көмүр шаарынын тургунун «Орозбай-Ата» кафесинин алдында баңгизатын сатып жаткан жеринен кармашкан. 55 жаштагы Т.Ага тинтүү жүргүзгөндө жанынан 700 грамм баңгизаты чыккан. Анын үстүнөн кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Гүлжан Эшбаева
jalalabad@super.kg