24-25-апрелде Германиянын клубдары УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын жарым финалында испаниялык клубдардын абийирин төгүп коюшту. 2 оюнда тең немис машиналары төрттөн гол кийирип, бир буту менен финалга чыгышты. Бул оюндар кумарга катуу берилип кеткен башкы машыктыруучулардын оюну болуп жатканынан шек жок. Бирок учурда испандык клубдарды дүйнөдө мыкты деп билгендер оюнан кайтып, «Бавария» менен «Боруссия» иш жүзүндө мыкты экенине кошулууга мажбур болушту.
БОМБАРДИРЛЕР:
12 гол – Криштиану Роналду («Реал»)
10 – Роберт Левандовски («Боруссия»)
8 – Бурак Йылмаз («Галатасарай»), Лионель Месси («Барселона»)
7 – Томас Мюллер («Бавария»)
Голдор:
Т.Мюллер – 25-мүнөт (1:0), М.Гомес – 49 (2:0), А.Роббен – 73 (3:0), Т.Мюллер – 82 (4:0).
ЮП ХАЙНКЕС, «Бавариянын» башкы машыктыруучусу:
– Бизди эми конокто өтө кыйын 90 мүнөт күтүп жатат. «Барселонага» каршы иштелип чыккан оюн стилин карманышыбыз керек. Бул бизди жеңишке жетелейт.
Голдор:
Р.Левандовски – 8 (1:0), К.Роналду – 43 (1:1), Р.Левандовски – 50 (2:1), Р.Левандовски – 55 (3:1), Р.Левандовски – 67 (4:1).
ЮРГЕН КЛООП, «Боруссиянын» башкы машыктыруучусу:
– Левандовскинин 4 гол киргизгени кубандырат. Эл немистик клубдардын финалын күтүп жатат. Эми Мадридде гол киргизип, кезектеги тапшырманы аткарышыбыз керек.