19-20-апрель күндөрү Баткен шаарында окуучулардын облустук спартакиадасы башталды. Бул тууралуу спартакиаданын башкы калысы, Баткен райондук спорт мектебинин директору Улукбек Рахимов төмөнкүлөрдү билдирди:
– Спартакиада спорттун 8 түрү боюнча өткөрүлөт. Алгачкы оюндар Баткен шаарында спорттун бокс, улуттук күрөш, шахмат, тогуз коргол түрлөрү боюнча өттү. Жыйынтыгында бокс боюнча 1-орунду Баткен шаарынын спортчулары, 2-орунду Лейлек районунан келген коноктор, 3-орунду Кадамжай районунун мушкерлери ээлешти.
Улуттук күрөш боюнча Баткен району алдыга чыгып 1-орунду багындырса, 2-орунга Лейлек району, 3-орунга Сүлүктү шаары татыды. Акыл жарышы болгон шахмат боюнча Лейлек району 1-орунга, Баткен району 2-орунга, Кадамжай районунун шахматчылары 3-орунга илиништи.
Спартакиаданын кийинки бөлүктөрү 23-24-апрель күндөрү Кызыл-Кыя шаарында спорттун баскетбол, футбол түрү боюнча уланат. Ушул эле күнү Лейлек районунун Исфана шаарында волейбол, грек-рим күрөшү боюнча мелдеш өтмөкчү.
Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg