БАТКЕН БАЗАРЫ ТАЛАШТА

Баткен шаар статусун алгандан бери өнүгүп, базарлардын саны да көбөйдү. Алардын ичинен борбордук базар талаш-тартыштын чордонуна айланды. Акыркы жылдардан бери соттошкондордун чыры такыр эле аягына чыкпай койду.

ЖЕКЕ МЕНЧИК БОЛСО ДА, БАЗАРДА ТАЗАЛЫК КЕРЕК
Мындан мурун борбордук базарды шаардын сыртына чыгаруу боюнча сөз болгондо, базарда соода-сатык кылгандар митингге чыгышкан эле. Анан жергиликтүү өкмөт ордунда калтырганга аргасыз болгон. Андан бери облустук соттор да базар маселесин карай берип тажап бүтүштү көрүнөт.
Эң биринчи эле эл оозундагы базар чыры тууралуу мэриянын кабары бар бекен деп ал жакка жөнөдүк. Талаш-тартышты жөнгө салуу үчүн кандайдыр бир чаралар көрүлүп жатабы, дегеле бул чыр тууралуу бийлик өкүлдөрүнүн оюн билүү үчүн Баткен шаарынын мэри ЖАНЫБЕК ЖАЛАЛОВду кепке тарттык:
– Мэрия базарлардын айланасында болуп жаткан чыр-чатакка жөн гана карап тура албайт. Базар шаар айма­гында турган­дыгы үчүн жеке менчик болсо да, алардын ишмер­дүү­лү­гүнө кий­ли­ги­шүү колубуздан келбейт.
Мен өткөндө базар башчылыгын талашып жаткан эки тарапты тең чакырып, түшүндүрүү иштерин жүргүздүм. Алардын кимиси базар башчысы болсо да, базардагы тартипти, тазалыкты кароосу зарыл. Жергиликтүү элге да, бизге да ошол керек. Маселе сот тарабынан чечилип, стабилдүү иштей башташы зарыл экендигин аларга айтып жеткире алдым деп ойлойм.

 

ДЕГИ ЧЫРДЫН БАШЫ ЭМНЕДЕ?
Азыркы тапта мыйзамдуу түрдө базар башчысы жок деп да, бар деп да айтуу кыйын болуп турган кез. Себеби базар башчысын Баткен керек-жарак кооперативинин мүчөлөрү гана шайлоого жана аны кызматтан алууга укуктуу. Буга чейин Баткен шаарындагы борбордук базардын башчысы Айдарали Кулдашов болгон. Бирок анын жоктугунан пайдаланып кооперативдин мүчөлөрү башка адамды шайлап коюшкан. Биз бул талаш-тартыштын чоо-жайын билүү үчүн базар башчысы отуруучу имаратка баш бактык. АЙДАРАЛИ КУЛДАШОВ 1998-жылдан бери базар башчысы болуп эмгектенип келгенин айтып, буларды баяндады:

– Базар башчы кызматынын милдетин менден 12 жылдан бери ала албай жүрүшөт. «Айдарали Кулдашов жакындарына, досторуна объекттерди бекер жана арзан берген, базардын акчасын жеп жатат...» деп менин үстүмөн сот­ко арыз түшкөн. 2012-жылдын 11-июнь күнү мен Жогорку Соттон утуп чыгып, борбор шаарыбыздагы ооруканалардын биринин жандандыруу бөлүмүнө көзүм көрбөй жатып калдым. Андан кийин жакшы болуп, дарыгердин «машинага түшпө» дегенине карабай 3-июль күнү Баткенге келдим. Ошол күнү эле түнү кайра Баткен шаарынын борбордук ооруканасында комага түшүп калдым.
Мен жашоо менен күрөшүп жаткан учурдан пайдаланып, 2012-жылдын 4-июлунда Баткен керек-жарак коомунун мүчөлөрүнүн чогулушун өткөрүшкөн. Кооперативдин мүчөлөрү «төрага чогулушка өзү катышпаса, мыйзамсыз болуп калат. 10 күн күтүп тургула, ооруканадан чыкканда өткөргүлө» деп какшаса да эч ким кулак салбастан чогулушту өткөрө беришкен. Бул чогулуш мыйзамсыз, жазылган протокол жана кооператив мүчөлөрү каттоодон өткөн эмес. Чогулушта кооперативге тиешеси жок эле адамдар мени кызматтан бошотуп, Насыр Абдылаковду шайлап коюшкан.
Мен 2 ай ооруканада жатып чыккандан кийин жогорудагы жалпы чогулуштун токтомун жокко чыгарып берүүнү суранып сотко кайрылгам. Бирок мен бул ишке губернатордун да аралашканын көрүп, сотко ишенбестик көрсөткөм. Алар «акыркы сот 14-февралда болуп, 20-февраль күнү биздин пайдабызга сот чечип, аныктама чыгарып берген» деп жүрүшөт. Аныктама менен соттун чечиминин асман менен жердей айырмасы бар. Эгер сот «Насыр Абдылаков базар башчысы болсун» деп чечим чыгарса, чечимди жүзөгө ашыруучулар келип аны бул орунга отургузуп кетмек мыйзамдуу түрдө. Бирок андай болгон жок. Мен ооруканадан чыккандан кийин алар кайрадан бул кооператив мүчөлөрүн чогулушка чакырып, өздөрү качып кетишкен. Ошол учурда алар мага ишеним көрсөтүп, мени кайра эле базар башчы кылып шайлашты.
Өкмөттүн администрация башчылары, облустук, райондук жетекчилер, укук коргоо органдары кооперациянын ишине кийлигишпесин деген токтому бар. Бирок бул токтом бийликтеги төбөлдөргө тиешеси жоктой. Базар башчысын кызматтан алуу же кызматка дайындоого облус губернаторунун эч кандай укугу жок.

ЭЛ ЭМНЕ ДЕЙТ?
Окурмандар болуп жаткан жагымсыз окуяларды өздөрү баалоо үчүн бул талаш- тартыштын экинчи тарабы болгон Насыр Абдылаковдун да оюн билмекке аны менен байланышууга аракет кылдык. Тилекке каршы, байланыша албадык. Мындай чырдашуудан эл да тажап бүткөндүгүн сурамжылоодон билүүгө болот. Эл «мындан көрө бизге соода кылганга жакшы шарт түзүп беришсе» деген оюн айтты. Ушинтип улам базар башчы алмашкан сайын базардагы сатуучулар да алмашып, кээ бирөөлөр ал жердеги ордун жоготуп да коюшууда.
Талашып жаткан адамдарды кызматтан алып, башка адамды алып келсе, базар оңолуп, эл да туруктуу иштеп калат беле деген ойлор бар. Кимиси шаар башчысы болсо да, базардагы орундун баасы көтөрүлбөй, ылайыктуу шарттарды түзүп берип, тазалык жана башка маселелерди караса деген ойлорун билгизгендер көбүрөөк болду.

Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Leilek86
2013-04-29 12:06:22
Кыргыздар ушундай калк экенбиз бири-бирибизди коро албайбыз)
+2
Kg.lady
2013-04-29 15:09:38
Кантседа майлуу-сутту жерда,олуп-тирилерине карабай жанталашып жатышат,базарды ээлеп калалы деп,Тартип,тазалыгынада дал ошондой кам корсонор кана,комада жатыпда базарда тартип кандай болдукен,товарлардын бааларын которуп жибербей жатышабы, таразалары туурабы деп.....:)
+2
kristiano
2013-04-29 19:20:23
неси болсо да тазалыгын карап койгула жетекчи соройлор, базардык акчасын жеп жата бербей, айланасындагы кафелер кимге карайт билбейм бирок эн жаман абалда санитардык абалы, батыш дарбазанын жанындагы уйгур лагманга кирип чай ичкен адамдар кантип апетитинер тартып жейсинер билбейм)))))
+1
egemberdievagulbara
2013-04-30 17:13:37
негизи тазалык жана тартип керек болуп жататко елге.ананда жакшы орундуктарды жайгаштырса жакшы болмок.байкуш апаларыбыз кунго кызарып,суука тонуп турат,
+2
nurikkg1
2013-04-30 22:08:13
уят тазалыкты кароо керек
+2
benbatler
2013-05-03 16:09:50
мага эле бергилечи базарды)))
-1
egemberdievagulbara
2013-05-03 18:37:21
алакойчу сенле тезирек .алар елди кыйнап буттуго!
-1
konfetka_love
2013-05-04 14:46:20
Ushul ele kaldy ele..
-1
№ 547, 26-апрель-2-май, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан