2013-жылдын 22-апрелине карата Нарын облусу боюнча жалпы 4156 гектар жерге эгин айдалып, анын 1191 гектарына арпа себилди. Дыйкандар дан эгиндеринин үрөнү менен 90 пайызга камсыз болушту. Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиргендей, быйыл облуста 41 738 гектар жерге айыл чарба өсүмдүктөрүн айдап-себүү пландаштырылган. Тракторлор 85 пайызга, соколор 89 пайызга даяр. Айрым техникаларды оңдоо иштери уланууда.
Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg