Кыргызстанда 2013-жылдын 1-кварталында бруцеллёз илдети менен ооругандардын саны өткөн жылдын ушул убагына салыштырмалуу азайды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, учурда бруцеллёздун курч түрү менен ооруган 282 адам катталса, былтыр 447 учур катталган. Бирок бул оору менен ооругандар бир гана Нарын жана Талас облустарында мурунку көрсөткүч боюнча калды. Бул облустун эли малдуу аймактарда жашагандыктан болууда деген пикирлер бар.