22-апрелде Нарын облусунун Жумгал райондук мамлекеттик администрациясында Көк-Ой айылынын тургундары мөөнөтсүз ачкачылык жарыялоо акциясын башташты. Бул тууралуу аталган айылдык кеңештин депутаты Автандил Жапаров билдирди. Ачкачылык кармагандар кызматтан убактылуу бошогон Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы Ынтымак Өмүровду кайрадан кызмат ордуна дайындоону талап кылышууда. «Ачкачылык кармаган айыл тургундары улам көбөйүүдө, биз акыйкаттыкты талап кылабыз»,- дешет катышуучулар.
Эскерте кетсек, 2013-жылдын 7-мартында аталган айылдын Т.Карыбеков, К.Токтоналиев, С.Токтоналиев аттуу тургундары агасы Ш.Токтоналиевдин жаш курагы жетип, айыл өкмөтүнүн катчылык кызматынан бошотулганы үчүн чыр чыгарышкан. Ошол кездеги айыл өкмөтү Өмүровдун иш бөлмөсүнө кирип, ага кол көтөрүп, жыйынтыгы мушташка айланган. Андан соң аталган жарандар айыл өкмөт башчысынын үстүнөн арыз жазышып, Жумгал райондук сотуна кайрылышкан. Жыйынтыгында райондук сот Өмүровду кызматтан убактылуу четтетүү тууралуу чечим чыгарган. Бул чечим менен макул болбогон айыл тургундары буга чейин Өмүровду кызматтан убактылуу четтетүү маселеси менен Жумгал райондук сотуна кайрылышкан. Сот 3 күнгө убакыт беришин айтып, ачкачылык жарыялоо акциясын токтото турууну суранганына карабай акция уланууда.
Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg