НАРЫН ШААРЫНДА КӨЧӨТТӨР ОТУРГУЗУЛДУ

20-апрель күнү Нарын шаарындагы калктуу конуштарда ишембилик өткөзүлүп, бак-дарактын көчөттөрү отургузулду. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз катчысы билдирет. Шаардын аймагында жайгашкан сейил бакка 100 түп терек, «Алма бак» сейил багына 150 түп мажүрүм талдын көчөтү, «Чабандес» скверине 50 түп терек, Акималиев атындагы сейил бакка 200 түп турпан тал жана 150 түп мажүрүм талдын көчөттөрү отургузулуп, акталып, тазалоо иштери жүргүзүлдү. Иш-чарага шаардагы мекеме-ишканалардын кызматкерлери тартылды.

Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
konfetka_love
2013-05-04 14:42:49
Naryn jergesine ele emes KYRGYZSTANDYN baardyk aimagyna oturguzulsagoo.. Murunkudai "JASHYL SHAAR" naamyn alsakgoo ee??
0
№ 547, 26-апрель-2-май, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан