Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген Бактыбек Кудабаев Түп районуна кеңири таанымал. Ал «баса албайм» деп отурбастан, айылдаштарынын бузулуп калган кир жуугуч, кийим тигүүчү машиналарын заматта оңдоп, ээсине тапшырат.
«КЫРСЫК КӨЗ АЧЫП-ЖУМГАНЧА БОЛДУ»
– Мектепти бүткөн соң кесибим боюнча айылда эки жылга жакын трактор айдадым. Кийинчерээк башкалар сыяктуу үй-жайлуу болуп, бала-бакыраны жетиштүү турмушта багуу үчүн Түп айылындагы курулуш отрядына жумушка орноштум. Түп районундагы Күрмөнтү айылына цемент заводу курулуп, ошол жакта иштеп жаткам. Куюп жаткан цементтин кырында отургам, жерге түшөйүн деп өйдө тура калсам, башым айланып кетип 2 метр бийиктиктен жерге кулап түшүп, эс-учумду жоготуп койгон экенмин. Жанымда иштеп жаткандар «Тез жардам» чакырышып, Түп райондук ооруканага алып барышты. Ал жерден бир күндөн кийин Каракол шаарындагы ооруканага жөнөтүштү. Андан соң Бишкектеги ооруканага барып, үч ай жаттым. Бутума операция жасалды, бирок тизем бүгүлбөй, баса албай калдым.
Ооруканадан үйгө чыгып келип, эки жылдан ашык кыймылдабай төшөктө жаттым. Убакыт өткөн сайын буттарым такыр эч нерсе сезбей, тырышып калды. Кыймылдабай жата берсем бутум катып калат экен деп коркуп, ооруганына карабай кыймылдап баштадым. Тааныштарымдан ден соолукка пайдалуу кеңештер жазылган китеп, журналдарды алып окуп жүрдүм. Жаткан керебетиме ылайыктап велосипед жасап колум менен тегеретип, бутумду кыймылдатам, гиря көтөрөм, турникке тартынам. Мына ушул сыяктуу түркүн көнүгүүлөрдү жасап, үзүлбөгөн үмүт менен спорттон жардам сурайм. 4-5 жыл бою жасаган аракетим натыйжа бербеди. Кайра буттарымдын сөөктөрү ичкерип, эти катып баштаганын байкап, көнүгүү жасоону токтоттум.
«АЯЛЫМДЫ КАРАП ТУРУП ТҮТПӨДҮМ»
– Арадан жылдар өтүп жатты, түйшүктүн баары жубайыма түшүп, төрт баланы багуу анын мойнуна жүктөлдү. Эркектер менен тең тайлаша жер иштетип, мал багат. Анын баарын көрүп туруп, бир орунга отура албадым. Караколго келип, бир тааныш адамдан бут кийим тиккенди, кир жууган машина оңдогонду үйрөнүп алдым. Айылга барып жок дегенде балдарымдын бут кийимдерин жамап берип турайын деген ойго келдим. Анан кошуналар да анча-мынча бут кийимдерин, кийинчерээк тигүүчү, кир жуугуч машиналарын да «оңдоп бериңизчи» деп кайрыла башташты. Убакыттын өтүшү менен сыналгы, үналгы, чаң соргучтан баштап бардык тиричиликке керектүү оокаттарды жасай баштадым. Алгач элдин буюмдарын эч акы албай эле жасап берчүмүн, кийин кайрылгандар көбөйө баштаганда аз-аздан акы ала баштадым.
Үйгө атайын устакана ачып, учурда коңшу айылдардан да ар кандай буюмдарды «оңдоп берчи» деп келишет. «Эми арабада отуруп алып кантип үй салам?» деп абдан сарсанаа болуп жүрдүм. Кийин айыл өкмөтү, жергиликтүү тургундар, бир туугандарым жардамдашып, ашар жолу менен үй тургузуп алдык. Үйдүн баары бүтпөсө да, жашоого болот. Биринчи топтогу майып деп айына 3500 сом пенсия алам. Келечекте каражат топтоп, чет мамлекетке коляска менен барып, бутум менен басып келсем деп тилейм.
Айзат Анарбекова
karakol@super.kg