САРЫМСАК – БҮТ ООРУГА ДАРЫ

Учурда сарымсак менен расмий түрдө эмнелерди дарылашат?

Сасык тумоонун, суукка урунуунун, башка инфекциялардын алдын алууда, дарылоодо колдонсо:
– Иммунитетти күчөтөт
– Микробго жана вируска каршы таасирге ээ
Жүрөк жана кан тамыр ооруларында колдонсо:
– Кандагы холестеринди жана майды азайтат
– Тромбоциттердин (кан клеткалары) жабышып, бүртүкчөгө айланып калуусунун алдын алат
– Кан басымды төмөндөтөт
– Кан тамырлардын серпилгичтигин жогорулатат
– Кан тамырларда кальцийдин топтолуп калышына бөгөт болот
Боордун ооруларында колдонсо:
– Өт айдоочу таасирге ээ
– Боорду уулардан жапа чегүүдөн сактайт
– Уулуу заттарды зыянсыз кылууда боорго көмөктөшөт
Келечекте сарымсак менен эмнелерди дарылашат?
Рактын алдын алууда жана дарылоодо:
– Жоон ичеги, ашказанды, урук чыктагыч безди, өпкөнү, боорду рак оорусунан сактоодо
Кант диабетин дарылоодо:
– Кандагы канттын деңгээлин түшү­рүүдө
– Диабеттин тереңдеп кетип, кан тамырларды зыянга учуратуусунун алдын алууда
Картаюу процессин жайлатып, организмди жашартууда
Бел кубатты жакшыртып жана сперманын сапатын жогорулатуу максатында колдонулат

Элдик медицинада колдонулушу

Төрөттөн кийин чач түшө баштаса...
Адатта чачтын түшө башташын токтотуу үчүн сарымсак колдонулат. Ал үчүн сарымсакты сүргүчтөн өткө­рүп, ширесин сыгып алып, чачтын түп­тө­рү­нө сүртүү керек. Башты целлофан менен ороп, жылуу жоолук салынуу дурус. 1 сааттан соң жууп салынат. Ыкма аптасына 2 жолу колдонулат.
Кандагы холестеринди азайтуу үчүн...
Күнүгө 3 маал кайнап муздаган сууга сарымсактын упадай майдаланганынан (чоң дүкөндөрдө сатылат) 1 чымчымдан салып ичүү керектелет. Эгер даяр сарымсак порошогу жок болсо, анда үйдөн даярдап алса болот. Ал үчүн тазаланган сарымсакты майда туурап дакиге жайып, бөлмө температурасында кургатуу кажет. Анан кургаган сарымсакты майдалап жанчып, айнек банкага сактап, пайдалана берсе болот.

Жүрөк оорусунда...
Жүрөк тушта оорутуу пайда болгондо тазаланган орточо өлчөмдөгү бир тиш сарымсакты жеш сунушталат.

Гипертонияда (кан басымдын көтө­рү­лүшү)
Сарымсак порошогунан жарым аш кашык алып, ага жалбыздын кайнатмасын кошуп ичет.

Бронхиалдык астмада
100 грамм майдаланган сарымсак, 100 грамм жанчылган хрен, 150 грамм каймак май жана 600 грамм балды кошуп, аралаштырып идишке салабыз. Суусу кайнап жаткан идишке салып, аралашманы сыртынан ысытып алабыз. Эми оозун бекем жаап, караңгы жайда 10 күн сактайбыз. Тамак ичерден 1 саат мурун 1 аш кашыктан кабыл алынат. Дарылоо курсу 2 ай. Зарыл болсо, дарылоо курсун 1 ай эс алуудан кийин кайталаса болот.

Эскертүү!

Жогоруда жазылган дарылануу ыкмаларын ашказан-ичегилеринде оорусу барларга колдонууга болбойт!

Канымжын Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 348, 3-9-июль, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан