«АЛА КАЧЫП,ӨЛТҮРҮП АЛДЫМ»
– Жаштык – мастык дейбиз. Бирок ошол жаштык – мастык биздин кийинки тагдырыбызга бычак болуп уруларын билбейт экенбиз. Менин чоң кырсыгым, Нуржан аттуу кызды жактырып калганым болду. Ал кыз биздин айылдын башкармасынын кызы эле. Баскан-турганы эркектердей, өкүм сүйлөп, анча-мынча жанды тоготпой, кыйгач тиктеп турчу. Эки өрүмгө батпай дуулдап өскөн чачтарын аркасына ыргытып коюп сумсая басып кетчү.
Бул жылдар 80-жылдардын аягына туш келет. Нуржан мыкты окуган кыз болчу. Ошентсе да борборго барып, окууга өтпөй калып, кайра келди. Башында айтып өтпөдүмбү, аябай намыскөй жан эле, ошого жаны кашайып, эки-үч жолу жиберген жуучумду кайтарып жиберди. Мен дагы ошол айылдын мен-мен деген жигиттеринин бири элем. Ата-энем башканы алып беребиз дегенине карабай, «алсам Нуржанды алам, же шаарга кетем» деп туруп алдым. Жалгыз уул болгонум үчүн апам менен атам көңүлүмдү карап өстүрүшкөн. Андыктан жайыма коюшту. Менин ойлогонум да, эңсегеним да Нуржан. Мурункудай көчөдөн да көп көрбөй калдым. Ансайын уйкум качат, сагынычтан сары оору болуп кеттим. Акыры балдар менен сүйлөшүп, Нуржанды ала качмай болдук. Балдар топурашып келип Нуржанды машинага салышты да, «экөөң сүйлөшүп алгыла» деп чыгып кетишти.
– Сыйыңар менен үйгө жеткирип койгула, атам укса тирүү калтырбайт,- деди дагы деле өкүм.
– Эмнеге жуучуну кетирип жатасың?
– Мен сага тийбейм, Нурдин байке, мен али жашмын, окушум керек. Айылда кала турган болсом сенден башка күйөө издебейт элем, бирок мен...
Көздөрү жалындап максаттуу тиктеп турду. Ого бетер жүрөгүм дүкүлдөп, ушул кызсыз өмүрүм өтпөй калчудай сезилди. Тобокелчиликке бардым. Нуржан катуу каршылык көрсөтүп жатты. Бир кезде эле аны кармап тынчтандырып бара жаткан балдардын бири «энеңди урайындар, өлтүрдүңөр!» деп жиберди. Дароо машинаны токтотуп, балдар туш-тушка качып жоголушту. Өңү купкуу, суналып Нуржан жансыз колумда жатты. «Оо, Теңир, ушуну кааладым беле?» Башын кучактап өксүп милиция келгенче отура берипмин. Арактын күүсү менен ичип алган балдар аны тынчытабыз деп жатышып моюн омурткасын катуу кысып коюшкан окшойт, дароо жан бериптир. Ошентип, 10 жылга кесилип кеттим. Кийин мунапыска туш келип калып, мөөнөтүмдөн эрте чыктым. Бирок тагдырдын сыноосу мен үчүн бүтө элек экен...
ЭКИНЧИ МАХАБАТ
– Түрмөдөн чыккандан кийин айылга батпай Бишкекке келе бердим. Баш аламан заманда өз ордумду таба албай көпкө чайналдым. Бизнес кылганга аракет кылып, тигүү цехин ачып, бир аз ишим жүрүшүп баштады. Бир күнү цехке кирип баратсам бир татына кыз ойлуу кийим тигип отуруптур. Байкаганым, чачы узун, эки өрүм экен. Өңүндө мага тааныш бир нерсе бар болчу. Мен көзүмдү албай калганымды сездиби башын көтөрүп тиктеп калды. Мындай өкүм көз караш, менменсинген сумсаюуну бир жерден көргөндөй болгом. Бирок кайдан?
Менин ага назар салып калганымды байкадыбы, цехтин мастери акырын сүйлөп калды.
– Айжан бизге жаңы келди. Байкуш, эч кимиси жок, карыган апасынан башка...- деди.
Кыскасы, Айжан мендеги эбак унут болгон сезимди ойгото алды. Анын менден бир топ жаш кичүү экенине карабай өзүмдүк кылып алдым. Жаш кыз кыйналып жүргөндө колдоо көрсөткөнүмө ыраазы болдубу, ал дагы мени сүйүп калды.
Али наристе болчу, 17 жаштарда болсо керек, жүзү бейкапар жана жылуу... Бирок жинине тийсең чагылган болуп чыга келет. Келбетинен, мүнөзүнөн рахат алар элем. Керек болсо бүтүндөй бир ааламды белек кылчудай болуп жүргөндө башыма муш жегендей болуп отуруп калдым. Айылдан келген классташым экөөбүз маектешип отуруп ага жакында үйлөнгөнү жатканымды айтып сүрөтүн көрсөттүм.
– Эй, сен жиндисиң го, бул Капар башкарманын кичүү кызы, Нуржандын бир тууган сиңдиси...
– Койчу, чын элеби? Анын сиңдиси бар беле?
– Кичүүсүн төрөбөй калган эжесине берип койгон. Кийин Нуржан тигинтип калганда өз колдоруна алганга аракет кылышкан, бирок келбей койду.
Бул тагдырдын экинчи соккусу эле. Эмне кылам? Классташыма эч кимге оозунан чыгарбашын суранып үйгө кайттым. Айжан күтүп жатып уктап калган экен. Жанына отурсам ойгонуп кетип назик колдору менен мойнума асылды. Наристенин жыпар жытындай жыты бур этип каңылжаарымды жарып кетти, аргасыз кучагымдан алыстаттым.
– Эмне болду сага?
– Айка, экөөбүздүн пландар ишке ашпай калчудай,- дедим күңгүрөнө.
– Эмнеге?
Суроосу жоопсуз калды. Эмне деп жооп берет элем? Миң жолу, жүз жолу кырсык болсун, эжесин өлтүрүп алган адамды ал кечире албайт эле. Жөн гана жашоосунан чыгып кетейин деп ойлодум. Ыйлады, боздоду, бир жыл бою телефон чалуусун токтоткон жок. Кийин өзү байкап калдыбы, жымжырт болуп калды. Менин көөдөнүм да ошол жымжырттыкта калып кетти.
Албетте, жашоо улана берет эмеспи, мен дагы үйлөндүм. Азыр очор-бачар, баары жетиштүү. Бирок көңүл деген, махабат деген такыр башка нерсе экен. Ушуга чейин өзүм да түшүнө албайм, мен эже-сиңдинин кимисин катуурак сүйдүм? Бирок экөөнөн башка жанга көөдөнүм ачылбаганы чындык.
Нурдин
Нуржамал Жийдебаева
lira@super.kg