Өткөн жуманын аягында Бишкек шаарына караштуу жаңы конуштардын биринде уккан адамдын денеси титирей турган кылмыш катталды. Бул күн 3 жаштагы Элмира (белгилүү себептерден улам наристенин жана апасынын аттары өзгөртүлдү) үчүн өмүрүндөгү эң каргашалуу, коркунучтуу күн болуп калмакчы. Эркелетүүнүн ордуна атасы өз канынан бүткөн кызын сабап, беттерин кескилеп да салган.
ЗОРДУКТАЛГАНДЫН БЕЛГИЛЕРИ БОЛГОН
25-апрель күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө «денесинен алган көптөгөн жарааттары менен Улуттук госпиталга 3 жаштагы наристе кыз түштү» деген маалымат түшкөн. Наристе №3-шаардык балдар клиникалык ооруканасына которулуп, дарыгерлер милиция кызматкерлерине денесинде, башында, бетинде көптөгөн жаракаттары бар жана кабыргалары сынган 3 жаштагы кыз оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жаткандыгын билдиришкен. Абалы өтө оор келген наристеде зордукталгандын белгилери да болгон.
Окуя болгон Мурас-Ордо жаңы конушуна барган милиция кызматкерлерине Элмиранын апасы, 32 жаштагы Фатима арыз жазган. Арызында 2013-жылдын 24-апрелинде күйөөсү Үсөн Алматы шаарынан келгендигин, анан мас болуп алып өзүн сабап туруп үйдөн кууп чыкканын билдирген. Мындан сырткары Үсөн үйдө калган 3 жаштагы кызы Элмираны да себепсиз эле эси оогончо сабагандыгын да айтып берген. Бул кылмышка шектелип Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда төрөлгөн 29 жаштагы Үсөн Сакатаев кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
«КЫЗЫН АЯБАЙ ЖАКШЫ КӨРЧҮ»
Мурас-Ордо жаңы конушуна барганыбызда кылмыш болгон үйдө кулпу илинип, эч ким жок, ээн экен. Бир күн мурун Фатиманын ата-энеси келип, кызын көчүрүп кетишкенин коңшулары билдиришти. Коңшуларынын айтымында, кылмышка шектелген Үсөн менен келинчеги экөөнүн ортосунда 3 жаштагы Элмира жана 6 айлык кызы бар. Үсөн кээде ичип койгону болбосо, жоош, эч кимге зыяны жок, анын мындай кылганына дале ишенбей жатканын билдиришти. «Улуу кызын өтө жакшы көрүп, кайда барбасын мойнуна көтөрүп жүрчү» дешти. Ал тургай кызын көтөрүп алып балыкчы коңшусу менен алыс көлдөргө чейин барарын, өзү Казакстанга барып трактор айдап иштеп, тез-тезден үйүнө келип-кетип турарын белгилешти. Үсөн ата-энесинин жалгыз уулу болгондуктан, алар азыркыга чейин бүт керектүүлөрүн алып берерин кошумчалашты.
«НАРИСТЕНИН АБАЛЫ ООР»
Бишкектеги №3-шаардык балдар ооруканасынын башкы дарыгеринин дарылоо боюнча орун басары ГҮЛНАРА ЖАНАБИЛОВА:
– Бүгүнкү күндө кыздын абалы дале оор, учурда жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда. Бетинде бычактан алган 12 жараат бар жана оң колу эки жеринен сынган. Аны невропатологдон баштап нейрохирургга чейин карашууда. Зонд аркылуу тамактандырып жатабыз. Бирок келген күндөгүгө караганда кичине жылыш бар, комадан чыгып келе жатат. Ошентсе да жакшы болуп кетет деп 100 пайыз кепилдик бере албайбыз. Эгер коңшулары убагында ооруканага алып келбесе, эмне болот эле билбейм.
Өкмөттүк эмес уюмдардан баштап жөнөкөй адамдарга чейин келишип, «кандай жардам беребиз?» деп кайрылып жатышат. Атасы ичип алып баласын катуу уруп жиберген учурларды «катаал мамиле кылуу синдрому» деп коёбуз, бул андан да ашып кеткен. Кыз бөтөн киши эмес, дарыгерлер жуурканын оңдоп жатканда да чочуп жатат. Абалы кичине жакшыргандан кийин психологдор да иштешмекчи.
Кылмышка шектелип кармалган ҮСӨН САКАТАЕВдин тергөөгө берген көрсөтмөсүнөн:
– 2 бөтөлкө сыра жана коньяк ичкем. Аялымды урушуп койсом, коңшунукуна кетип калган. Кызымды көтөрүп келе жатып, экөөбүз кулап кеттик. Үстүнөн баса жыгылдым. Башы жарылып, коңшумдун машинасын айдатып алып ооруканага алып келдим. Ошол жерден мени милиция кармап алып кетти.
«ЭКСПЕРТИЗАНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫН КҮТҮП ЖАТАБЫЗ»
Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынын инспектору ОЛЖОБАЙ КАЗАБАЕВ:
– 25-апрелде кечки саат 11 чамасында Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Улуттук госпиталдын кызматкерлеринен 3 жаштагы кыз оор абалда келгендиги тууралуу маалымат түшкөн. Бул кылмышка шектелип, кыздын атасы, 1984-жылы туулган Үсөн Сакатаев кармалды. Ал ошол күнү Алматыдан келип, кечке чейин ичип мас болуп, анан келинчегин сабаган. Келинчеги кичүү кызын көтөрүп кошунасынын үйүнө качып кеткенде 3 жашар кызын сабап салган. Бул факт боюнча Биринчи Май РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин 104-беренеси (ден соолукка атайылап оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүү
СИЗОго киргизилип, тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат. Тиешелүү соттук экспертизалар дайындалган, жыйынтыгын күтүп жатабыз. Эгер зордуктаганы далилденсе, анда кошумча зордуктоо беренеси менен да айыпталат.
Кылмышка шектелген Үсөн Сакатаевдин аялына байланышып, окуя эмнеден келип чыккандыгын, кандай болгону тууралуу сураганыбызда ал эч нерсе айтып бербестигин билдирди. Мындан сырткары анын «күйөөсүнүн үстүнөн жазган арызын алышы мүмкүн» деген маалыматты укканыбызды айтканыбызда «арызды аламбы, жокпу, өзүм билем» деп жооп берди.
Мындан улам бул үй-бүлө үчүн кызынын тагдыры түккө турбайбы деген ойдон чочулайсың киши. Бирок бул ээн баштык фактысы эмес, бул жерде оор кылмыш болуп жаткандыктан, арызын кайтарып алган күндө деле кылмыш далилденсе жазадан кутула албасы анык.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg