Бул сүрөттөр КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин имаратында илинип турат. 1948-жылдан тартып 2012-жылга чейин аталган агенттикти жетектеген инсандардын тизмеси. Эми бул тизме дагы бир ысым менен толукталат. Анткени жакында бул агенттиктин директору Байгазы Кенжебаев кызмат ордунан бошотулуп, өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин жарлыгы менен бул орунга Мурат Саралинов дайындалды. Саралинов буга чейин Улуттук Олимпиада комитетин жетектеп келгенин билсеңиздер керек. Негизи, спорт тармагында иш алып барган мамлекеттик агенттиктин жетекчиси өзүн бир олимпиадалык циклде сынап көрүшү керек эле (кеминде 4 жыл иштөө менен). Эмне дейбиз, саясий туруксуздукка байланыштуу кайра-кайра жетекчи алмаштыруу адатка айланып баратат. Кезектеги бул жетекчи кыргыз спортун алдыга сүрөсө болгону...
Максат Кудайбердиев
sport@super.kg