«Супер-Инфонун» бул жылкы Кубогунун катышуучуларын тааныштыруунуs улантабыз. Бул жолу «О!», «Мегаком», ФКБ жана «КРнын Социалдык өнүктүрүү министрлиги» командалары менен тааныштырабыз.
КӨҢҮЛ БУРГУЛА!
«Супер-Инфонун» Кубогу калыс жана татыктуу өтүү үчүн төмөнкүдөй эрежелер иштелип чыккан:
1) Командалар мелдешке гезитте жарыяланган курамда гана катыша алышат.
Өзгөртүү киргизүүгө уруксат жок. Эгер кандайдыр бир себептерден улам тизмедеги оюнчулар келбей калышса, команда аларсыз ойноого мажбур болот.
2) Талаадагы 11 оюнчунун кеминде бешөөсү айым футболчу болуусу керек.
Эгер кыз болбосо, 3:0 эсебиндеги жеңилүү жазылат.
3) Тизмедеги оюнчулар сөзсүз ошол компаниянын кызматкери болушу шарт, жок дегенде акыркы 1 ай ичинде. Ошондой эле чыгармачыл чөйрөдөгү команданын оюнчуларынын жүзү элге таанымал болушу шарт.
Оюнчунун ал компанияда иштебей тургандыгы аныкталса, оюндан четтетилип, орду башка менен толукталбайт.
Максат Кудайбердиев
sport@super.kg