Адамдын жүзүн көргөндө биринчи көзгө бети-моюнундагы мең менен кал урунат эмеспи. Мына ошол меңдин жайгашуусуна карата да атактуулардын мүнөзүн билип койсок болот.
ГҮЛНУР АСАНОВА, ырчы
Cол бетинде меңи барлар – ажарлуу, адамды магниттей өзүнө тарткан айымдар. Маңдайындагы мең сүйүү жаатында ийгилик коштоп жүрөрүнөн кабар берип, ашык болгондордун саны көп болот. Андан сырткары алар депрессияга бат кабылып, бат туталанып кетишет. Жүзүндө калы бар айымдар абдан таланттуу келип, үйдө болобу, коомдобу, дайым мыкты экенин көрсөтө алат.
АСЕЛ КАСЫМОВА, ырчы
Беттин оң капталындагы мең ашыктыктын ысык-суугун көп тартып, бирок никеде бактылуу болорун кабарлайт. Өздөрү да бат сүйүп калууга жөндөмдүү. Бирок талантын толук колдонбой, башка маселеге көп маани берет. Мүнөзү жумшак, ишенимдүү тирек болуп бере алат.
КАНЫБЕК САГЫНБАЕВ, спортчу
Моюнунда меңи бар мырзалар бат-баттан өзгөрүп турса, көңүлгө жакын албай эле койсо болот. Анткени бул сапат аларга табиятынан берилген. Анан да бул мырзаларды чындыкты сүйгөн, өжөр, каалаганын алып тынган адам катары сыпаттоого болот. Жакшы жактары – интеллекти күчтүү жана жан дүйнөсү бай. Мыкты адис болгону менен, шыгын 100 пайызга колдоно албай, атаандаштарына уттуруп коюшу мүмкүн.
НАЗИРА БЕРДИГУЛОВА, актриса
Эриндин астыңкы бөлүгүндө меңи бар айымдар шайыр келип, жашоодогу жыргалчылыктан ырахаттанып жашай билет. Алар кумарлуу жандар, сексуалдуулук мындай айымдардын «визиттик карточкасы» десек болчудай. Көбүнчөсү назик келип, ден соолук жактан маселе жаралышы мүмкүн. Анан да байлык, бийликти сүйгөн айымдардын көбүнчө астыңкы эрининде мең болот.
КУНДУЗ, ырчы
Ар дайым бирөөнүн арыз-муңун угуп, жакшы кеңеш берүү жөндөмү ээгинде калы бар айымдарга таандык. Алар жашоого дайым оптимисттик көз карашта болушат. Жымжырттыкты баалап, консервативдүү көз карашта жүрүшөт. Анан да баштаган ишин кандай болбосун аягына чыгарган айымдардын ээгинде меңи болот.
САНЖАР МЫКЫЕВ, «тамашоучу»
Ээктеги мең – агрессивдүүлүк, өжөрлүктүн белгиси. Өкүмдар, эмне каалай турганын жакшы билип, дайым ийгиликке жетишкен инсан. Эрки күчтүү, баштаган нерсени ара жолдо калтырбай, дайым аягына чыгарат. Эки көздүн ортосундагы меңи интуициясы күчтүү, терең акыл жана билимге умтулгандыкты кабарлайт. Айрымдардын ашкере көрөгөчтүгүн көпчүлүк акылдан азгандык деп кабыл алышы мүмкүн.
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg