ЖИГИТИН САБАП, КЫЗЫН ЗОРДУКТАШКАН

«Сейил бакта эс алып жүргөн кыздын жигитин сабап, өзүн зордуктап кеткен» деп шектелген жигиттер колго түшүрүлдү. Бул топ алдынан жолуккандарды тонойбуз деп алдын ала даярданышкан «мергенчилер» болуп чыкты.

АТАЙЫН ЖОРТУУЛГА...
21-апрелде саат 23:00 чамасында Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБине зордуктоо фактысы боюнча билдирүү келип түшкөн. 20-25 жаштагы белгисиз 5 адам Бишкек шаарындагы «Ататүрк» сейил багында 19 жаштагы кызды күч колдонуп зордукташып, уюлдук телефонун алып, из суутуп кетишкен.
Көп өтпөй Октябрь РИИБинин кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 5 адам кармалган. Алардын төртөө Талас облусунун Чолпонбай айылынын тургундары 17 жаштагы Нурлан, Нурсултан, 19 жаштагы Медер, Жамалбек, ошондой эле Жалал-Абад облусуна караштуу Казарман айылынын 19 жаштагы Нуртамды аттуу тургуну болуп чыкты. Кылмышка шектүүлөрдүн айтымында, алар ошол күнү күндүз Бишкектин «Ала-Тоо» аянтынан жолугушуп, «ыңгайлуу жерлерден жолуккандарды тонойбуз» деп сүйлөшүшкөн. Кеч киргенде Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан «Ататүрк» сейил багын көздөй жортуулга чыгышат.

«МЕН ЗОРДУКТАГАН ЖОКМУН, УРДУМ»
Кылмышка шектүүлөрдүн бири НУРТАМДЫНын сейил бактагы окуя тууралуу көрсөтмөсүнөн:

– Сейил бакта жүрүп, отургучта кыз менен бала отурганын көрдүк. Алардын жанынан өтүп кетип, кийин кайра келатсак дагы эле отурушуптур. Анан Медер «Нурлан экөөбүз баланы өйдө жакка алып кетебиз, силер кызды тоноп, буюмдарын алгыла» деди. Кыз жалгыз калганда Нурсултан барып телефонун алганда кыз «Коё бергиле!» деп кыйкырды. Жамалбек кызды артынан барып муунтту. Мен «оозун баскыла» дедим. Ошол учурда жигиттин жанындагы Нурлан чуркап келди да, мени ордуна жөнөтүп жиберди. Барсам Медер экөө турушуптур. Мени ал баланын жанына таштап коюп Медер да кызды көздөй кетти. 15 мүнөттөн кийин эле Нурсултан чуркап келип, «фонарикчен эки киши жүрөт, жигитин уруп качып кетели» деди. Баланы бир жолу урдум, анан качып кеттик. Мен кызды зордуктаган жокмун, Нурлан, Медер, Жамалбек зордукташкан.
Шектүүлөрдүн төртөө арасынан Медер аттуу баланы уюштуруучу катары көрсөтүп жатышса да ал: «Мен ал жерде болгон эмесмин. Жумуштан түз эле үйгө келгем. Бул балдар милиция кызматкерлери урган үчүн коркуп эле мени кошуп күнөөлөп жатышат. Соттук-медициналык экспертизадан өтүп келдик. Ошонун жыйынтыгы деле менин күнөөлүү эмес экенимди далилдейт»,- деп мойнуна албай жаткан чагы.

«ШЕКТҮҮЛӨР КҮРӨШ МЕНЕН МАШЫГЫП ЖҮРҮШКӨН»
Бул кылмыш тууралуу Октябрь РИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн оперкызматкери АЗАТ ЖАКЫПОВ төмөнкүлөрдү айтып берди:
– 21-апрелде «Ататүрк» сейил багында 19 жаштагы К.М. аттуу кыз зордукталып, белгисиз адамдар тарабынан тонолгон. Мындан сырткары кылмышкерлер жабырлануучунун жанындагы акчасын жана уюлдук телефонун тартып алышкан.
Балдар эркин күрөш менен машыгып жүрүшкөн. Алардын үстүнөн Октябрь РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин 129 (зордуктоо) жана 167-беренелер (тоноо) менен кылмыш иши козголду. Учурда кармалгандар Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Жигитин сабап, кызын зордукташкан
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (37)
MMA_1
2013-05-10 23:10:44
Эн эле биринчи тунку саат 23до паркта эмне кыласын карындашым?! А бул а балдар оздорун спортсмен сезип спортчулардын абиирин булгашыптыр, чынына келгенде эркин курошту да кыйратышпаса керек, жон гана залдагы балдардын санын кобойтуп жургондор.
0
bka
2013-05-11 02:55:49
Булар Эми тарбия корбогон балдар тарбияны турмодон корсотуу керек изнасилования кандай экенин
0
prezent
2013-05-11 15:15:15
кыздар,балдар карангыда журбогуло деп куранда да айтылат.бул баарына сабак!тиги айвандардын аспабын соолутуп коюш эле керек экен.т ф у мындай эми болбойт деп ишенели.
0
lady02
2013-05-11 22:30:26
Биринчиден комментарий таштаган окурмандарыбыздын бардыгы бул окуянын кылмышкерлерин аябай жек коруу сезими болгондугу мени кубандырды . Экинчиден Бишкек шаары, тун ичи болсо дагы кыз жигит сейилдеп жургону мен учун жакшына эле корунуш.Учунчудон Адам деген атты жамынган кыздын кыздыгын,жигиттин намысын кетирген айбандарга бул дуйнонун таттуу жашоосу эмес темир тордун эшиги кенен ачылсын!!!
0
erikkgz
2013-05-12 09:25:34
айбанда мындай ишке барбайт!!!
0
Silverchik
2013-05-12 14:02:32
Кудай Сактасын. Онорун болсо орго чап, бирок элдерге зыянын тийбей пайдан тийсин.
0
kristall
2013-05-21 15:13:29
Кочодо кечинде эмес кундуз баса албай кала турган болдук го. Буларды биттегенден не пайда, биз ушундай абалда калдык деп кайра андан жаман кылмышка барышат, эн эле оор жаза колдонсо туура болмок, бул айбандардан келечекте эмне жакшы нерсе кутсо болот??? Атып салбайбы, наристе кыздарга да аёосуз мамиле кылышчы болду го бул акмактар. Жаратканым тозоктун торунон орун берсин бул айбандарга!
0
aizi85
2013-05-31 21:29:42
Айбандарды да кантип зордукташса аларды да турмодо ошентип зордукташат
0
aizi85
2013-05-31 21:32:41
Аларды эне туубаган окшойт адам баласы андай иш кылбашы керек
0
sale-81
2013-06-04 15:36:50
bylardin baarin bittetip salgila i vse
0
Nazi95kg
2013-06-14 04:03:14
Кандай гана намысы , уяты тарбиясы жок балдар.. ошол кылган жаман иштери оз баштарына жана жакын адамдарына барсын... акмактар.. Кыргыз болуп жаралбай калышса болмок... Таластын Манастын Чолпонбайдын атын булгаган акмактар ,. баарысын 10жылдан жогору жаза тарттырыш керек колонияда
0
Virtual
2013-07-19 23:48:22
Мен бир жолу 3 инилерим менен экоо авамдын балдары бири озумдун укам болуп кочодо кетип жатсам 3,4 балдар келип бизге жардам берип койгулачы деди тунку саат 12лерде болчу ошондо мен жок шашылышпыз десем отургула деб бизге куч колдонуп анан бизди милиция болумуно барганда гана билдим алар милициядан экенин ошентип кылбаган ишти мойнубузга коёйлу деген инилерим корконунанбы айтор алардын айтканына конуп жазып беришиптир анан менин да мойнума коёйун дегенде доказателство кана десем болот дешти алар
0
Virtual
2013-07-20 00:03:48
инилериндин тушунук катты бар и сени да бар эле деб айтышты айтор мен мойнума албай турдум кийин милиция кызматкерлери мени мойнума алдырыш учун урган болчу айтор коб кыйнашты бир жагынан албаганга адамды 2 варианты бар болот экен ал жерде биринчиси мойнуна аласын ур токмок жебейсин 2чиси мойнуна албайсын анда ур токмок акыры адвокат чакыргыла дедим адвокатсыз эч нерсени айтпайм деб когоруп туруп алдым акыры адвокат менен суйлошуп 10000 адвокатка кетти бирок кутулуп чыктым!!!
0
Virtual
2013-07-20 00:08:56
ушундайга туш болбосо экен балдар зордуктоо эмес андай жерде мен жашым 22де корком кыздын жанына жакын отуруштан корком озу каалабаса а булар жаш болсо 17де болсо милиция кызматкерлери ишенбейт бардыгыныкы бирдей болуш керек эмнеге дегенде бирдей чыкса гана ишенет анан ошол боюнча сот ишин карайт анан сот озу чечим чыгарат!!!
0
osmonsheraliev
2015-04-07 01:57:02
Кыз кечинде эмнеге чыгат уйунон?Мына кептин баары ушунда.
0
№ 548, 3-май-9-май, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан