Гүлжигит Калыков:«СҮЙЛӨШКӨН КЫЗДАРЫМДАН ТАЖАГАНДАН КОЛ ҮЗГӨМ»

«Чоң сахнаны багынтып, кыргыз жылдыздарына аралашуу, алар менен баарлашуу менин бала чагымдан берки кыялым эле»,- дейт Гүлжигит Калыков. Анын минтип ыр чөйрөсүндө ийгилик артынан ийгилик жаратып жатканы ошол тилегинин ишке ашканы деп түшүнсөк болот.

«МЕНИН ДҮЙНӨМ»
Ырчылык эмнеси менен жагат?
Ыр жаңырып турганы – тынччылыктын белгиси. Ошон үчүн.
Сыймыктанам... Кыргыз экениме.
Жек көрөм... Уйкуну.
Тажабай көрөм... Концерттерди.
Алектенем... Сууда сүзүү, футбол менен.
Досторум мен жөнүндө... «Гүлжигит – душа компании»деп айтышат.
Эмне үчүн үйлөнбөй жүрөм?.. Атам 27ге чыкканда үйлөнгөн. Андыктан менде дагы убакыт бар.
Сүйүктүүмдү кызганам... Убагы келгенде. Жакын адамыңды кызганбасаң болбойт да.
Мен 10 жылдан кийин... Балдарымдын атасы.

– Гүлжигит, кандайсың? «Евразия жылдызы» болгондон кийин көп чыкпай калдың да?
– Жакшы, рахмат. Бир туугандарымдын баары чет өлкөдө иштеп жатышкандыктан, үйдүн түйшүктөрү мага түшүп, учурда ата-энеме каралашкан жалгыз мен болуп жатам. Ошого карабастан, чыгармачылыгымды да аксатпоого бардык аракетимди жумшап, ырларды жаздырып, клип тартууга жетишүүдөмүн. Жакында эле «Сен дегенде» аттуу ырыма клип тарттырып, репертуарымды жаңыладым.

– Ырчылыкка жаңы аралашканда ушундай бийиктиктерди багынтам деп ойлодуң беле?
– Ырчы өзүнө «мен популярдуу болоюн, бийиктиктерди багынтайын» деп максат койбош керек. Анткени «эл – тараза, эл – сынчы» дегендей, канчалык аракет кылсаң да, чыгармаларыңды эл баалабаса, анда ырчы болбой эле койгон оң.

– Өзүңдү актёр катары да сынап көрдүң. Жактыбы?
– Сунуш түшүп калганынан улам «Сулуулар жана миллион» тасмасында роль жаратып калгам. Киного тартылайын деген оюм жок болчу. Ал эми образымды жеткиликтүү чагылдырып бере алдымбы, жокпу, ага көрөрмандар өздөрү күбө. Чынын айтсам, бул боюнча оң дагы, терс дагы пикирлерди айтышты. Ар бир иште сын угуп турган жакшы, анткени өсүү болот. Бирок буга кейибейм. Себеби менин башкы планым – актёрлук эмес, ырдап элге кызмат өтөө.

– Күйөрман топтоп, чоң жетишкендиктерге ээ болдуң. «Жылдыз оорусу» жабыша элекпи?
– Бул «оору» шоу чөйрөсүндө жүргөндөргө билинбей келет. Ооба, калп айтпайын, мен дагы бул «дартка» кабылганмын. Мындайда дос-туугандарым «Гүлжигит, жылдыз болуп бараткан жоксуңбу?» деп кулак кагыш кылып коюшат. Булардан мурун менин чыгармачылыгымдагы жүрүш-турушумду көзөмөлдөп турган адам – продюсерим Канат Култаев.

– Өзүңө кандай ырчымын деп баа бересиң?
– Менби (күлүп)? Жаман эле ырчымын дебейминби, тамаша. Эми кандай десем, укмуш оригиналдуумун дегенден алысмын, албетте. Эл катары эле ырдап жүрөм. Бирок ар бир чыгармачыл адамдын өзүнө гана тиешелүү бир өзгөчөлүгү болуш керек. Ошондо гана өзүңө күйөрман, аброй топтой аласың.

– А сенин ырларыңда ошондой «изюминка» бар деп ойлойсуңбу?
– Аз да болсо күйөрман чогулта алдым. Андыктан «ооба» деген жооп айтмакмын.

– Сендей келбеттүү, жылдыздуу мырзага ашык кыздардын саны аз эместир. Күйөрманыңдын эсте калган жоруктарынан эстеп кетсең...
– Күйөрманым жетиштүү эле. Былтыр бир күйөрман кыздын жоругуна таң калгам. Алгачкы жеке концертимден жыйналып чыкканбыз. Машинага түшүп алып үйдү көздөй кетип баратсак, бир машина артыбыздан калбай келатат десеңиз. Эмнеге мындай кылып жатканын билели деп токтоп сурасак, күйөрман кыздарымдын бири экен. Көрсө, менин жашаган жеримди билип алып, кийин сүйлөшүп турайын деп атайын такси жалдап, биздин чыгышыбызды күтүп туруптур.

– Продюсериң экөөңөрдүн ортоңордо пикир келишпестик жаралбай койбосо керек...
– Албетте, баары нанга май сүйкөгөндөй боло бербейт да. Негизи, чоң уруш болбойт. Майда-чүйдөдөн эле тил табышпай калган учурлар кездешет. Мисалы, кээде кийим тандоодо менин табитимди Канат байке жактырбай коюшу мүмкүн. Көп учурда байкенин айтканы туура чыккандыктан, талашып-тартышпайм.

– А жеке жашоо кантип жатат? Сени сүйлөшкөн кызын дайым окууга алып барып, алып келет деп айтышат...
– Чыгармачылыкка көп көңүл буруп жатканыма байланыштуу жеке жашоомдо азыр жымжырттык. Кыз жандоо – чоң жоопкерчилик. Андыктан мага эртерээк. Сүйлөшкөн кызым жок болсо, кимди окууга алып барып, алып келмек элем? Менин деле эл катары досторум, группалаштарым бар. Ошолор менен сүйлөшүп туруп калганда көргөндөрдүн чыгарган сөзү болсо керек.

– Чынын айтсаң, ушул кезге чейин канча кыз менен сүйлөштүң?
– Мм... 3 кыз менен мамиле кургам.

– Аларды сен таштадыңбы же сени таштап кетишти беле?
– Мен таштадым же алар деп айтпайм. Бири-бирибизден тажаганда өзүбүз эле көз караштан, мамиледен сезип, эки ача жолго түшчүбүз.

– Мирбек Атабеков кара көздөргө ыр арнагандай, сен дагы кимдир бирөөгө ыр тартуулагансыңбы?
– Жок, азырынча ыр арнап жиберчүдөй таза сүйүүгө кезиге элекмин. Эгер ошондой болуп калса, менден акын чыгып калышы да мүмкүн.

– Маегиңе рахмат!

Асел Асанова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Гүлжигит Калыков: "Кыз жандоо-чоң жоопкерчилик"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (36)
Nurbol
2013-05-07 09:58:22
ушунун чачын корсом эле озумчо жудой берем.
+1
Cholpon14
2013-05-07 11:35:49
Азаматсыз! чындыгында жонокой жигит экен
0
egemberdievagulbara
2013-05-07 17:51:52
красава
0
asil-08
2013-05-07 22:05:19
мен дагы чачын корсом жудой берем а так унуно соз жок сонун ырдайт
0
Gul.08
2013-05-08 02:21:20
Акыркы сандарда эн Эле орундуу суйлогон ырчылырдан маек алып жатастар рахмат, ушундай ырчылырдан кобурок болсун,мисалга алганда;Алишер Тоотаев и Гулжигит Калыков силер суппердин супперисинер))))))
0
kgelmuratt
2013-05-08 14:07:36
мага жакбайт!
0
madam.555.5
2013-05-08 16:13:39
Азаматсын!
0
daniyar.
2013-05-08 16:45:20
Чачы эркектикиндей болсо жудонку корунбок эмес Чачы аябай жудоо корсотуп койот экен калганы бааары жакшы)))
0
sobr_89kG
2013-05-09 02:12:36
Кыздар такси менен кууса талантын бар екен ийгилик....
0
gulay78
2013-05-09 11:59:47
Азамат ийгилик сага
0
jibeka09
2013-05-10 10:10:57
Алга Гулжигит! Ийгилик сага!
0
meriem
2013-05-11 02:53:43
KYRGYZSTANDY aalamga tanytkan adamdardan boluwunuzdu kaalaim..Baktyluu bolunuz!
0
guju_90
2013-05-12 02:02:15
зн жакшы ырчы....
0
nurbek_kg
2013-05-13 00:41:33
talantyna taazim kyrgyzda jonokoi akylduu myrzalar kop bolso eken, udachi!!!
0
Aisuluu7
2013-05-22 12:48:43
Убагы келгенде атасынын копиясы болот окшойт аябай окшош экен.
0
№ 548, 3-май-9-май, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан