Асел Жекшеналиева: «ИНИМДИ МУУЗДАП, БЕТИН ЖАНЧЫП ӨЛТҮРҮШКӨН»

Жашоодо эмнелер гана болбойт. Байкашымча, кээ бирөөлөргө адам канын төгүү чымынды өлтүргөн менен барабар болуп калды окшойт. Бул жолу бейкүнөө жерден өмүр менен коштошкон Муратбек аганын аянычтуу тагдыры баяндалмакчы.
Сакалынан жашын тамызган ата менен саамайын ак баскан апанын, күйүт тарткан эженин кайгысы бизди да кайдыгер калтырбады.
Эмесе, сөз башынан болсун...

«Биртуугандын күйүтү оор экен»

– Мен мындай маселе менен гезитке кайрылам деп эч ойлобогон элем, - дейт Асел аттуу айым. – Бирок биртуугандын күйүтү оңой эмес экен. Жаркырап тийип турган күнүбүз өчүп калгандай болду. Баарынан да карыган ата-энемди аяп кетем.
Окуя мындай болгон эле. Өткөн жылдын октябрь айында иним мыкаачылык менен өлтүрүлдү. Иним Жекшеналиев Мурат Жамбулович Токмок шаарындагы айнек заводунда механизатор болуп иштечү. Ошол каргашалуу күнү жумуштан кийин эле биздин үйгө келди. Биз дагы Токмокто турабыз. Сүйлөшүп, чай ичкенден кийин жездеси болуп чогуу машинага отурдук. Биз иштерибиз менен бир жакка бармакпыз. Үйүнө он метрдей калганда таштап кеттик. Кийин уксак, ошол күнү келинибиз да айнек заводдо иштегендиктен, түнкү сменге кеткен экен. Биз кеткенден кийин болжолдуу түрдө мындай болуптур: Муратбек үйүнө келатканда 4 жаш бала алдын торойт.

– Байке, кандайсыз?
– Жакшы. Майрамдап жүрөсүңөрбү?
– Ооба, байке, менин туулган күнүм эле. Бир бөтөлкө арак алып бербейсизби?
– Алып берсе алып берейин...

Эркектердин арасында өз ара мыйзамдар болот окшобойбу. Анын үстүнө, иним да бирөөнүн көңүлүн калтырбаган жан эле. Өмүрүндө көрбөгөн балдарга эмнеге арак алып берип отуруп калды экен?!

“Инимди тааныбай калдык”

– Биринчи кекиртегин мууздап жиберишип, ичине 8 жолу бычак сайышыптыр. Ичегиси чубалып калыптыр. Анысы аз келгенсип, таанылбай калсын дешкенби, бетин таш менен таанылгыс кылып жанчып салышкан экен. Дүйнө ушунчалык мыкаачылыкты кантип көтөрүп турат билбейм?! Иним ырым кылып, капчыгына ар дайым 1 доллар салып жүрчү. Ошол долларына соода да кылчу эмес. Же тигилер ошону көрүп калышып, “акчалуу неме экен” деп ушул жорукка барышканбы, ким билсин. Мураттын жанында болгон байлыгы чөнтөк телефону, колунда 3000 сомдук күмүш шакеги, анан капчыгында бир аз тыйыны бар эле. Ошолорду тоношуптур. Шымын да чечип кетишкен экен.
Инимдин өлүгүн эртеси таптык. Биртууган агасы, жездеси тааный албай бир күн кечке жүрүшүптүр. Жапжакшынакай инибизди ушунчалык абалга жеткирет деп ким ойлойт?! Анын үстүнө, ишенгибиз келбеди. Бирок бир бутунда экземадан калган тагы бар эле. Ошол такты көрүп таанып, үйгө алып келишти. Чочуп калат дештиби, инимди бизге да көрсөтүшпөдү. Ошентип, коштошпой, маңдайынан бир сылабай калдык.

“Кылмышкерлер...”

– Бул кылмышка күнөөлүү деп 4 баланы кармашты. Улуусу 18де, кичүүсү 16дагы эне сүтү оозунан кете элек балдар экен. Кылмышка шектүүлөр А., Б., Ж., З. дароо камакка алынышты. Муратбектин кыркы болуп жатканда УТРКнын “Шок-факт” көрсөтүүсүнөн төртөөнү тең көрсөтүп жатышпайбы. Журналисттин “эмнеге мындай кылмышка бардыңар?” деген суроосуна “бизди энеңди деп сөктү...” деп күңкүлдөштү.
Иним Муратбек дегеле оозуна жаман сөз албаган бала эле. Эгер сөгүнгөн күндө да, “атаңды” же “энеңди” деп койгон адамдын баарын өлтүрө берсе, кыргыздар калбай калбайт беле? Камакка алынган биринчи күнү эле алар күнөөсүн мойнуна алышкан. Эми болсо: “Бизди оперлер кыйнап, сабап мойнубузга алдырышты. Биз күнөөлүү эмеспиз”,- деп жатышат. Арасынан бирөө гана “мен өлтүргөм” деп мойнуна алды. Же “баарыбыз кетпей, бирибиз кетели” деп сүйлөшүп алыштыбы, айта албайм.
Иним өзү аябай олбурлуу жигит болчу. Аны кыйнап өлтүрүү чычкандай баланын колунан келмек эмес. Жалгыз киши эмес, эки кишиге да Муратбек алдырмак эмес. Кылмышкерлердин ата-энеси, биртуугандары да сотто жүрүшөт. Баарынан күйгөнүбүз, бири да басып келип “арты кайырлуу болсун” деп көңүл айтууга жарашпады.

“Көкүрөк күчүгүбүз Муратбек эле”

– 5 биртуугандын эң кичүүсү Муратбек эле. Кенжебиз болгонгобу, баарыбыз жакшы көрчүбүз. Өзү да эч кимге жамандыгы жок, жүзүнөн күлкү кетпеген жайдары жан болчу. Артында 3 эркек баласы калды. Келинчеги ыйлай берип соолуп бүттү. Муратбек “атам менен апам балдарымды бакканга жарап турганда, иштеп бутума туруп алайын” деп келинчеги экөө Токмокко келишкен. Ата-энемдин жанында кала турган да ушул бала эле. Биринен-бири өткөн сүйкүмдүү балдарын карап туруп каңырыгым түтөйт. Ошолордун көзүндөгү кусалыкты көргүм келбей терс бурулам. Биртууганга күйүмдүү инимдин минтип кордолуп өлгөнүнө ичим күйөт.
Бул иш сотко келип түшкөндөн бери 5 айдын жүзү болду. Эмнеге минтип узарып жатканын түшүнбөй жатабыз. Судьялар бул балдар башка иштерге да күнөөлүү экендигин, ал ишке тиешелүү күбөлөр келбей жатканын айтышууда. Айлабыз кеткенде биз дагы адвокат жалдадык. Инимдин өлүмүнө себепкерлер жазаланмайынча кантип тынч уктайбыз? Баарынан да апам менен атама жаман болду. Ар жума сотко келген сайын Муратбек жүз өлүп, жүз тирилип жатат. Ата-энем ыйлап келип, ыйлап кетишет. Акыры акыйкаттын болоруна үмүт кылып, кылмышкерлер тиешелүү жазасын алат деп ишенебиз. Бул ишти карап жаткан судья Султановго терең ишеним артып жатабыз. Эми биздин күткөнүбүз да, үмүтүбүз да – акыйкат. Иш бир орундан жылабы деп сиздердин редакцияга кайрылдык.

ххх

Эмне дейбиз. Биз дагы “шейит кеткен Муратбектин арты кайырлуу болуп, уулдары бактылуу чоңоюшсун” деп купуя тилек кылып кала бердик. Ал эми бул өлүмгө күнөөлүү деп табылгандар тиешелүү жазасын алат деп ойлойбуз.

(Тергөө жүрүп жаткандыктан, кылмышка шектүү адамдардын аты-жөнү кыскартылып берилди)

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
aiga1988
2012-10-20 16:43:25
Муратбек байкенин жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун Балдары аман эсен чонойуп Атасынын очун ошол 4 баладан алсын балдары!
0
aiga1988
2012-10-20 16:46:33
оо кудайым адамдарда ыйман улуу кичу деген нерсе сый урмат калбай баратат кудайым озун жол корсот!
0
№ 348, 3-9-июль, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан