Тосток көз бакаларды элдик дарыгерлер ооруларды айыктырууда колдонуп келет. Бирок бул жаатта көптөгөн суроолор бар. Мисалы, баканын чындап дарылык касиети барбы? Кандай түрү колдонулат? Табыптар менен врачтар бул боюнча эмне дешет? Дары үчүн деп кармай беришип, баканын тукуму үзүлүп баратат деген чынбы? Буларга жооп издеп, изилдеп көрдүк.
«БАКА РАКТЫ АЙЫКТЫРА АЛБАЙТ»
Адегенде «элдик дарыгермин» дегендерге кайрылып, бизди кызыктырган суроолорду жаадырдык.
ДҮЙШӨН ЧОМО УУЛУ, табып, Кара-Балта шаарынын тургуну:
– Дарылыкка баканын кайсы түрлөрү колдонулат жана алар уулуу эмеспи?
– Бизде Көлдүн кызыл колтук бакасы менен кашка баш бакасы, анан Кочкордун кызыл колтук бакасы колдонулуп жатат. Көбүнчө кургатып, порошок кылып, пайдаланышат. Кээ бири кургатылган баканы шорподой кайнатып ичишет. Айтылган бака түрлөрү уулуу эмес. Бирок туура эмес кургатып, көгөрүп кетсе, анда адам ууланат.
– Эл айткандай, буларды жеп рак оорусунан айыкса болобу?
– Мүмкүн эмес, кандай бака болбосун ракты айыктыра албайт. Анткени анда рактын вирусун өлтүрүүчү касиет жок. Бирок жесе, шишик менен ооругандардын иммунитети көтөрүлүп, жашоосу биртке болсо да узарат.
– Анда кандай ооруларды айыктырууда колдонулат?
– Ички органдардын бардык ооруларында, нерв жана муун ооруларында колдонулат. Бирок баканын өзүн гана колдонсо күчү жетпейт. Сөзсүз дары чөптү кошушу зарыл. 4-5 жыл мурун Кочкордун бакалары баалуу болчу. Бирок кыргыздар да, кытайлар да кармап сатып, тукумун үзүштү.
– Сиз да баканы колдоносузбу?
– Азыр колдонбойм. Мурун курамына бака кошулган чөп дарылар менен айыктырган кардарларым көп эле.
– А дарыны кантип жасачу элеңиз? Ыкмасын айтсаңыз...
– Баканы тирүү бойдон 1 жума муздак сууга салып, сууну алмаштырып турса, ичиндеги жаман нерселер чыгып, тазаланат. Анан аны кургатып, дары жасаса болот. Сатылып жаткандардын ичи (ичегилери) тазаланбаган. Ошонун кантип дарылык касиети болсун?! Бака менен оорулууну, мисалы, 15 күн дарыласаң, 25 бака жана дары чөптөр керектелет.
– Өзүңүз жеп көрдүңүз беле?
– Бир жылдары панкреатит болуп ооруп, айыгуу үчүн кызыл колтук бакалардын 90 баласын тирүү жутуп, дарылангам.
«БАКА МЕНЕН 8 ЖЫЛДАН БЕРИ ДАРЫЛАЙМ»
«Ысык-Көл облусунда Айна аттуу элдик дарыгер бака менен көп дарылайт» дегенди угуп, байланыштык. Өзү тууралуу ачык айткысы келбегени менен, бака тууралуу буларды айтты:
– Баканы миома, гастрит, муун, залалдуу жана залалсыз шишиктерде колдоном. Аларды Ысык-Көлдөн кармап келип, мага өткөзүшөт. Кармап, ооздорунан жип өткөрүп туруп, тамдын чатырына тирүүлөй асып коюшат. 15 күн илинип турат, бул убакта оозунан керексиз нерселердин баары чыгып, тазаланып, кургап калышат. Андан соң мага алып келишет. Мен эт майдалагычтан өткөрүп дары жасайм. Дарыны кечинде тамактан соң жешет. Дарылануу курсу оорунун стадиясына жараша ар кандай: 10, 15 же 21 күн. Күндө 1 бакадан желет. Учурда эмчектин рагына туш болгон бир кардарым бака менен дарыланууну баштады. Ал 21 күн дарыланат. Жыйынтыгына карап, кайра да жеш керекпи же жокпу, анан чечем. Бака менен болжолдуу түрдө 35-40 адамды айыктырдым.
«БАКАНЫН ӨЗҮ МЕНЕН АЙЫКТЫРУУГА МҮМКҮН ЭМЕС»
ОМОРБАЙ НАРБЕКОВ, «Бейиш» илимий изилдөө институтунун жана элдик медицина борборунун башкы директору:
– Баканын дарылык касиетин айтсаңыз...
– Баканын өзү менен ооруну айыктырууга мүмкүн эмес. Сөзсүз дары чөптөрдү кошуш керек. Андыктан бакаларды жөнү жок кыра бербейли дегим келет. Баканын өзүн жеп иммунитетти гана көтөрсө болот. Мен жалаң дары чөптөрдөн жасалган дарылар менен айыктырам.
«ГАЙМОРИТТЕ КОЛДОНОМ»
НУРЛАН МАМЫРОВ, табып, Талас районунун Таш-Арык айылынын тургуну:
– Касиети күч деп Көлдүн кызыл колтук бакасын колдоном. Менде жок учурда кардарлар өзү ала келсе, дары жасап, дарылап берем. 12 жашка чейинкилерге болбойт. Аны упадай майдалап, гайморитте, тамак ооруда адамдын каңшаарына үйлөйм. Сакайгандар көп эле. 1 курс дарылоо 7 күндү түзүп, ага 1-2 бака кетет.
«БАКА ЖЕДИМ, БИРОК ЖАРДАМЫ БОЛБОДУ»
Бака менен дарыланган кызды таап, сөзгө тарттык. ЭЛЕОНОРА, 28 жашта:
– Менин муундарым ооруйт, артрит. Врач жазган дарыларды алган соң жакшы болуп калгам. Кийин оорум кайра кармаганда айылда чоң энемди таштай албай, ооруканадан дарыланууга шарт жок болду. Ошондо чоң апам бир табыпка алып барды эле, ал мага «бака жейсиң» деди. Аргасыз макул болуп, 7 күн жедим. Бирок жардам болбой, кайра врачка баргам.
«БАКА ЖЕП АЙЫГУУГА БОЛБОЙТ»
Элдик дарыгерлерден соң врачтардын пикирин билүү үчүн аларга кайрылдык.
АСТРА АРЗЫМАТОВА, Улуттук онкология борборунун паллиативдүү жана реабилитация бөлүмүнүн жетекчиси:
– Учурда рак менен ооругандар, анын ичинде ашказан, өпкө, эмчектин шишиги менен ооругандар толтура. Бул оорулардан, дегеле рак оорусунан бака жеп айыгууга мүмкүн эмес. Андыктан өз учурунда врачтардан дарылангыла демекчимин.
Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын Акушердик жана гинекология кафедрасынын башчысы, профессор МАКЕН МУСУРАЛИЕВ:
– Табыптарга түрдүү оору менен ооругандар көп кайрыларын билип жүрөм. Алар бака, жылан жеп айыгам деп жаңылышат. Адис катары айтарым, аялдардын миома, жатын моюнчасынын шишиги, эндометриоз сыяктуу оорулары бакадан айыкпайт. Андыктан аялзаты өмүрүңүздөрдү молдо, табыптарга эмес, врачтарга табыштагыла.
P.S. Бакалардын базарлардагы баасы канчадан? Дарылык касиети илимий жактан изилденгенби? Алардын тукуму чындап үзүлүп баратабы? Буларга жооптор эмки саныбызда.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg