Педофилия – дүйнө элинин олуттуу баш оорусу. Буга кылмышкерлердин колунан жабыр тарткан наристелердин саны күбө. Статистика жакаңды карматат. Расмий маалымат боюнча, өлкөбүздө 2010-жылы жашы жете электерге карата 75, 2011-жылы 80 зордуктоо фактысы катталса, 2012-жылы 150дөн ашкан.
3 АЙ САЙЫН УКОЛ АЛЫП ТУРУШ КЕРЕК
Үстүбүздөгү жылдын 25-апрелинде Жогорку Кеңештин депутаттары педофилдерди химиялык жол менен бычуу тууралуу мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Бул мыйзам жашы жете электерге карата жыныстык жактан кылмыш кылгандарга каршы иштелип чыккан. 85 депутат макул болсо, 2 депутат каршы болгон. Ал эми депутат Данияр Тербишалиев педофилдерди хирургиялык жол менен бычып салууну сунуштап, бирок мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитети бул сунушту колдогон эмес. Кылмыш жана жаза кодексине киргизилүүчү өзгөртүүлөргө ылайык, жаш балдарга сексуалдык зомбулук көрсөткөн адамды бычуу медициналык комиссиянын чечиминин негизинде сот аркылуу дайындалат. Соттолгон адам абактан чыгарга 6 ай калганда укол сайылат.
Мыйзам долбоордун демилгечилеринин бири, депутат Дастан Бекешев:
– Бул мыйзам жыл өткөн сайын көбөйүп бараткан жашы жете электерге карата болуп жаткан сексуалдык кылмыштардын санын азайтууга багытталган. Биз педофилдерди хирургиялык жол менен бычып сала албайбыз, анткени бул адам укугуна каршы келет.
Дарынын кымбатынын баасы 100 доллардын тегерегинде, күчсүзү 1 айга, күчтүүсү 3 айга жетет. Дарылардын кайсынысын тандайт, аны өкмөт чечип, дары мамлекеттин акчасына сатылып алынат. Балдардын келечеги үчүн бул каражатты аябоо керек. Абактан чыккандан кийин убагы менен жаза аткаруу жайларына барып укол алып турушат. Эгер келбей коё турган болсо, кылмыш иши козголуп, ага издөө жарыяланат.
ШАРИЯТТА...
Чубак ажы Жалилов, дин аалымы:
– Жаш балдарды жыныстык алакада зордуктоо кандай абалда болбосун шариятта арам деп табылат. Бул зынаа эмес, адамга кордук көрсөтүү, ден соолугуна олуттуу зыян келтирүү катары каралат. Бул туурасында «Табйинул хакааик» китебинде (3183) айтылат. Демек, аларга зынаа кылгандын өкүмү да берилбейт. Соттор кандай жаза берсе да ылайыктуу. Өлүм жазасын берүүгө чейин укугу бар, менин оюмча, дарга асып коюу туура. Адамдар бул кылмыштан корко тургандай чара көрүү зарыл.
ЗОРДУК КӨРҮҮ БАЛА ҮЧҮН ООР
Зордук көрүү наристе үчүн изсиз калбайт. Башкаларын унуткан күндө да, психикалык жабыркоону унутуу мүмкүн эмес. Мындай балдардын көпчүлүгү кийин психикалык көйгөйлөргө кабылып, ичимдикке жана баңгизатына тартылып, депрессияга учурайт. Ал тургай өз өмүрүнө кол салгандар да болот. Ошол күн наристенин тагдырында өмүр
бою кара так болуп калып калышы мүмкүн.
БИЗГЕ АДАМ УКУГУ МЕНЕН ЭРКИНДИГИН ҮЙРӨТКӨН ӨЛКӨЛӨРДӨ...
Эксперттер «педофилдерди бычып коюуда алардын укугу бузулат, бирок алардын укугуна караганда балдарды коргоо укугу алда канча маанилүүрөөк» деп белгилешет. Чет өлкөлөрдүн тажрыйбасына көңүл бөлсөк, анда көпчүлүк өнүккөн жана демократиялуу өлкөлөрдүн педофилдерге карата катаал мыйзамдары бар. АКШда жашы жете электерди зордуктагандар, өлтүргөндөр өмүр бою камалат же өлүм жазасына тартылат. Англияда өмүр бою эркинен ажыратылат жана өтө оор эмес делинген кылмышы үчүн 20 жылга чейин камалат. Жазасын өтөгөндөн кийин бала бакча, мектептерге жакын жашашына тыюу салынат. Алардын өлкөдөн чыгып кетүүгө укугу жок жана дайыма полициянын көзөмөлүндө болушат. Чехияда педофил жаза мөөнөтүн аяктагандан кийин аны психиатриялык ооруканага жаткырышат. Эгер ал бычтырууга макул болсо гана аны бошотушат. Орусияда болсо педофил-рецидивисттер өмүр бою эркинен ажыратылып, химиялык жол менен бычылат. Мындан сырткары алардын шарттуу түрдө кесилишине жана жаза мөөнөтүн кыскартууга тыюу салынган.
Ошол эле учурда Беларусь, Түштүк Корея жана Иран, Сауд Арабиясы сыяктуу мусулман өлкөлөрүндө педофилдер үчүн өлүм жазасы каралган. Бул үчүн аларды силердин
мыйзам катаал деп эч ким соттогон эмес.
САКТЫКТА КОРДУК ЖОК
Укук коргоочулардын айтымында, көпчүлүк балдар өз үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан сексуалдык зомбулукка кабылат. Көбүнчө балдардын ата-энесинин көзөмөлүсүз калганы менен байланыштырып келишет. Ошондуктан ата-энелери биринчи кезекте балдарына сак болушу зарыл. Мындан улам балдарды кароосуз калтырбоо, кечкисин өз алдынча сыртка чыгарбоо керек.
Педофилдерди бычып сала турган мыйзам болгону жакшы деңизчи. Бирок «кыска убакытка гана күчү жеткен дарыга акча коротуунун өзү туурабы? Жатак абактагылардын жарымынан көбү издөөдө жүргөн өлкөбүздө педофилдердин убагында дары алып турганын көзөмөлдөй алабызбы? Издөө жарыяланган күндө да ал бул убакыттын ичинде дагы бир наристенин тагдырына балта чаап салбайбы?» деген суроолор азырынча жоопсуз. «Ийне сайдык, эми мындай ишке барбайт» деп эч ким кепилдик бере албайт.
ХИМИЯЛЫК ЖОЛ МЕНЕН БЫЧУУ
Химиялык бычуу ыкмасы хирургиялык бычууга альтернатива катары ондогон жылдар мурун иштелип чыккан. Өткөн кылымдын 50-60-жылдары коомчулукка коркунучтуу делинген эркектерге карата сексуалдык функцияларын басаңдатуу үчүн АКШ, Англия жана Германияда тажрыйба катары колдонула баштаган. Мында эркектин жумурткалары алынбайт, дары организмдеги тестостеронду басат жана жыныстык каалоону төмөндөтөт. Убактылуу таасир эткендиктен, химиялык бычуу кылмышкердин келечекте жыныстык кылмышка барбашына кепилдик бербейт. Бирок, статистикага таянсак, мындай ыкманы колдонуу кылмыштын кайталануусун 80 пайызга чейин кыскарткан.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg
«Супердин» сурак бурчу
МЫЙЗАМГА ПЕДОФИЛДЕРДИ ХИМИЯЛЫК ЖОЛ МЕНЕН БЫЧУУ КИРГИЗИЛҮҮДӨ. СИЗДИН ОЮҢУЗЧА, УШУЛ ТУУРАБЫ?
Гүлбарчын Кендирбаева, Ысык-Көл облусу:
– Туура. Жакында өз атасы үч жашар кызын зордуктаганын угуп алып төбө чачыбыз тик турду. Мындайларды эл алдында таш бараңга алып, кескилеп кыйнаш керек. Биздин дагы 7-класста окуган кызыбыз бар. Мындайлардан улам кызымдан санаам тынчыбайт.
Төрөбек Орозобеков, Бишкек шаары:
– Мыйзамды эртерээк, 2-3-окуу деп отурбай кабыл алса болмок. Кылмышкерлерге кеткен каражатты андан көрө жетим-жесирлерге жумшаса пайда эмеспи. Наристелердин тагдырынан да зөөкүрлөрдүн укугу же коопсуздугу артыкпы? Таш бараңга алыш керек, педофилдердин коомго кереги жок.
Абдуманап Дыйканов, Жалал-Абад облусу:
– Педофилдерди химиялык жол менен бычып салуу мыйзамы туура кабыл алынды деп эсептейм. Бир-эки жолу бычылгандан кийин бул ишти жасоого болгон каалоо, балким, азая түшөт. Бирок психикалык жактан оорулуу болсо, дарылоо да керек экенин эске алуу керек.
Нурадил Кулбачаев, Талас облусу:
– Негизи, коомго зыяны күч мындай адамдарды өлтүрүп эле койгон оң деп ойлойм. Бирок бизде өлүм жазасы колдонулбагандыктан, педофилдерди өмүрүнүн аягына чейин камаш керек. Мындайча айтканда, коомдон таптакыр четтетип салуу туура.
Касиет Көкчөева, Баткен облусу:
– Ушундай мыйзам чыкканы туура. Жашоону көрө элек, наристе жыты кете элек кыздардын өмүрүн тозокко айландыргандарды адам деп атоо да оор. Андай зөөкүрлөргө мамлекет тарабынан катуу көзөмөл жүргүзүлүп, кайрадан мындай жолго барбай тургандай кылуу керек.
Адилет Салимбай уулу, Баткен облусу:
– Мен бул мыйзамга каршымын. Себеби мындай жол менен адам баласын малга теңеп коюудабыз. Педофилдерге дагы ойлонуп, башка оор жаза табыш керек. Андай болбосо, адам укуктарын тебелеген болуп калабыз.
Сайкал Койчуманова, Бишкек шаары:
– Эч кандай каршы эмесмин, андан да катуу жаза керек. Алардын укугу бузулат дегендер да чыгып жатышат, ал эми кенедей балдардын укугу менен тагдырын ким ойлойт? «Педофилдер өлүм жазасына тартылат» деген өкүм чыкса да каршы болмок эмесмин.