– Съездбек, Жаркынай, экөөңөрдүн алгач таанышкан күнүңөрдү эске сала кетпейсиңерби?
Жаркынай: – Жакшы болот. Былтыр 15-августта кайсы бир кафеден таанышып калганбыз. Мен курбу кыздарым менен эс алып жүргөн болчумун. Көрсө, Съездбек да мен сыяктуу ал кафеде эс алып жүрүптүр. Съездбекти ошол жерден дароо тааныгам. Анын ырларын радиолордон угуп, өңүн телевизордон гана көрүп жүрсөм да ошол күнү так маңдайынан көргөм. Бирок, эч нерсе деле көңүлүмө алган эмесмин. Кийин кандайча жакын болуп кеткенибизди түшүнбөй дагы калдым. Эми минтип түбөлүккө кол кармашып отурабыз.
Съездбек: – Жаркынай ошол күнү мени менен Жанна болуп таанышкан. Андыктан, азыр да мен аны Жанна деп эркелетем. Апам болсо Жаркынай деп айтат. Жанна экөөбүз толук бир жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Бири-бирибизди мындайча айтканда, жарым сөзүбүздөн түшүнүшөбүз.
– Съездбек, сенин кызыңды ала качып кетишпеди беле?
– Ал досторумдун тамашаларынан улам тарап кеткен маалымат болчу. Ошол тамашанын айынан Жанна экөөбүз да таарынышып жүрдүк. Бирок, ал биз үчүн кечиримдүү болду.
– Жаркынай, өзүң тууралуу айта кетсең?
– Мен 20 жаштамын. Токмок шаарында төрөлүп, Бишкекте чоңойдум. Учурда салык инспекциясында бухгалтер болуп иштейм. Эки бир тууганмын.
– Сенин кесибиң такыр башка турбайбы? Чыгармачыл адамды түшүнүү кыйынга турса керек?
– Мен Съездбекти абдан жакшы түшүнөм. Колумдан келишинче чыгармачылыгына колдоо көрсөткөнгө даярмын. Мисалы, мен Кочкорго келин болуп барганымдан эки күндөн соң эле Съездбек Таласка кетти. Мен ага эч кандай каршы болгонум жок. Зарыл жумушу чыгып турса баарына макулмун да.
Съездбек: – Таласка барбай коюу мүмкүн эмес болчу. Атайын келишим боюнча бармак элем. Ошондуктан, келишимди буза алган жокмун. Албетте, Жанна мени түшүнүп, чыгармачылыгыма колдоо көрсөтөөрүнө толук ишенем. Мен биринчи орунга ырчылык кесибимди, экинчи орунга актёрлук чеберчилигимди, ал эми алдыңкы орунга үйбүлөмдү коёр элем. Буюрса, биздин келечек жакшы болот. Жанна апамдын кенже келини, апам Жаннага өз кызындай мамиле жасайт деген ишеничтемин.
Жаркынай: – Мен Съездбектердин үйбүлөсүнө бат эле көнүп кеттим. Апам менен абдан жакшымын. Чынын айтсам, апам «супер кайнене».
– Жаркынай, айтсаң, Съездбектин ырчылык карьерасына карадыңбы же адамдык сапатынабы?
– Албетте, биринчи орунда адамдык сапатына. Мен анын бардык мүнөзүн жактырам. Өзгөчө кишиге жасаган адамгерчиликтүү мамилеси абдан жагат. Анан ырчылык кесиби да мени кайдыгер калтырбайт.– Съездбек, сен Жаркынайдын кайсы мүнөзүн жактырасың?
– Бул мүнөзү жагат деп бөлүп айтуунун кажети жоктур. Бир сөз менен айтканда Жанна менин жүрөгүмдөн түнөк тапкан жан десем жаңылышпайм.
– Кечиресиң, бирок, күйөрман кыздарыңды алыстап кетет деп чочуган жоксуңбу?
– Эгерде мени күйөрман кыздарым «Съездбек үйлөнүп алды» дешип ырларымды укпай же концертиме келбей коюшса, анда алар менин чыныгы күйөрманым эмес деп ойлойм. Чыныгы күйөрман андай болбосо керек. Сүйгөн кыздар мени дале сүйө берсе каршы эмесмин.
Жаркынай: – Мен Съездбектин күйөрман кыздарына түшүнүү менен карайм. Анткени, алар Съездбектин талантын сыйлаган адамдар эмеспи.
– Съездбек, Жаркынайды иштетесиңби же үй кожейкеси кыласыңбы?
– Азырынча убактылуу гана иштебей турат. Кийин иштей берет. Ар бир адамга сүйгөн кесиби ыйык эмеспи. Ошондуктан, Жаннанын жумушуна каршы чыгып, иштетпей коюудан алысмын. Жаннанын ата-энеси менен мурда эле тааныш болчумун. Андыктан, аларга да ушул убадамды берип келгем. Кайын журтум абдан түшүнүктүү адамдар. Дагы айта кетчү нерсе, биздин үйлөнүү тоюбузду декабрь айында өткөрүүбүзгө туура келип жатат. Бул кайнатамдын Москвадагы бизнесине байланыштуу болуп жатат. Кудай буюрса, кышында үйлөнүү тоюбузга күбө боло аласыздар. Мындан тышкары дагы жагымдуу нерсе, Жанна биздин фамилиябызга өтүп, Искеналиева болуп баарыбызды кубантты.
Маектешкен Рахбар Алымкулова