2-майда кримавторитет Камчы Көлбаев боюнча кезектеги сот иши уланды. Бул отурумда дагы бир жабырлануучу кримавторитетке доосу жок экенин айтты. Мындай көрүнүш ушунусу менен үчүнчү ирет кайталанды. Ал тургай суралып жаткан күбөлөр менен жабырлануучулар жаттап алгансып «тергөөчүлөр бизди коркутушту, сотто айтылып жаткан көрсөтмөлөргө кол койгон эмеспиз, алардын берген маалыматтары жалган» деп айтышууда. Айрым күбөлөр укук коргоо кызматкерлеринин кысымынан улам көрсөтмө беришкенин айтып, тергөөдө берген жоопторун төгүндөп жатышат.
Мунун баары аргасыздан «Камчы Көлбаев аппак жана таптаза» деген жыйынтыкка түртүп отурат. Балким, «доом жок» деп чыккандар кийинки жашоосун, үй-бүлөсүнүн тынчтыгын ойлоп жатышкандыр. «Кайсы баатыр эле кримавторитетке каршы чыксын?» деген суроо да жаралбай койбойт.
Эске салсак, Камчы Көлбаев кылмыштуу топ түзүү, баңги- зат жана куралды мыйзамсыз сактоо, бийлик өкүлдөрүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү, адам уурдоо, уруп-сабоо жана адамды мыйзамсыз эркиндигинен ажыратуу боюнча айыпталууда. Ошондой эле АКШнын бийлиги тарабынан дүйнөдөгү эң чоң наркобарондор тизмесине да киргизилген.
Эльвира Караева
politika@super.kg