«Республика» лидери Өмүрбек Бабанов өкмөт башчылыктан кетери менен партиянын аброю, күчү «Титаниктей» чөгө баштаган. Парламенттик шайлоо алдында тез убакыттын ичинде уюштуруп, эски партиялар күтпөгөн ийгилигинин артында өз ишин мыкты билген лидерлер турганы анык болчу. Бирок ийгилик чокусун кандай ылдам багынтса, ошондой темпте кайра ылдый түшүп баратат.
Биринчиден, калппы-чынбы, лидеринин тегерегинде күчөп кеткен сөздөр болду. Барып-барып бул аны коалициядан чыгарды, кызматтан кууду. Көп өтпөй тездик менен чогултулган санаалаштары эмес, көбүрөөк өнөктөштөрү деп атоого ылайыктуу адамдары катардан чыга баштады. Бакыт Төрөбаев өзүнчө партия негиздеп бөлүнсө, Канат Исаев Бабановдун армиясынан чыкты. Жакында «Республика» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов Аскарбек Шадиев менен Досалы Эсеналиевдин кеткенин айтты. Атүгүл өзү да Бабанов менен алакасы өйдө-ылдый болуп жатканын жашырбады.
Окуя мындай уланса, «Республика» эки жылдан кийин өтүүчү парламенттик шайлоого чейин кыйла алынан тайып калчудай. Учурда КСДПга реалдуу атаандаш болуп чыкчу эки гана партия бар, ал «Ата Мекен» менен «Республика» эмеспи. Атаандаштык талаасынын жеңүүчүсү жакын арада белгилүү болуп калчудай.
Эльвира Караева
politika@super.kg