Бишкек шаарынын башчысынын отставкасын талап кылгандар катуу таасир кылганбы, Иса Өмуркуловдун командасы соңку күндөрү «шефинин» кантип иштеп жатканын жакшы көрсөтүү аракетинде. Бир карасаң жаңы троллейбуска түшүп жумушуна жөнөсө, кечээ жакында веложарышка катышты. Митинг-пикетти көрөргө көзү калбаган, көчө менен аянтты майрамдык маанай бөлөгөнүн көксөп күткөн элге бул иштер майдай жагууда. «Кетсинчилердин» жөө жүрүшүнөн көрө сергек жашоого үгүттөгөн веложарыш алда канча өйдө эмеспи!
Эми Иса мырза жумушуна да велосипед менен келе баштаса, бишкектиктердин алкоосуна калмак, Оштун мэри Мелис Мырзакматовдон да өзгөчөлөнмөк...
Эльвира Караева
politika@super.kg