КОЛДООЧУЛАРЫ ТАШИЕВДИН АБРОЮНА ДОО КЕТИРИШҮҮДӨ

«Ата журтчу» депутаттарга райондук соттун өкүмү чыккандан кийин соттолгондор Бишкек шаардык сотуна арыз менен кайрылышкан. 2-май күнү буга чейинки уктурулган өкүмдү негизсиз деген арыздан тышкары «ата журтчулардын» адвокаттары үч депутат менен анын жан сакчыларынын баш коргоо чарасын өзгөртүп, камактан бошотууну өтүндү. Бул процесске соттолуучулардын тарапташтары жана журналисттер да чогулушту.
Соттук процесс башталардын алдында депутаттардын тарапташтарынын бири Жанат Акматова залда отуруп кабар жазып жаткан super.kg порталынын кабарчысы Ширин Жумадиловага келип орунун бошотуп берүүнү талап кылып, албууттана колундагы фотоаппаратты, нетбукту жана сумкасын жулуп алып, сөгүп, түртүп отуруп алган. Кабарчыбыз Ширин Жумадилова буюмдарын кайра алууга аракет жасаганда аял жулмалап, «Силер, журналисттер, проституткаларсыңар, мага демектен жерге отуруп жаз!» деп дагы ойго-түшкө кирбес сөздөрдү айтып сөгүптүр. Кабарчыбыз мындай бейбаштык үчүн чара көрүлүүсүн сурап ошол жердеги милиция кызматкерлерине арыз жазды. Ал аял түшүнүк кат жазып жатканда бөлмөгө «Ата Журт» партиясынын өкүлдөрү бастырып киришип, «кысым көрсөтүлүп жатат» деген чуу менен аялды алып чыгып кетишти. Имараттын сыртында алар Ширин Жумадиловага акарат келтирүүнү улантып, милиция кызматкерлеринин жанында болушунча кыйкырып, мушташ-уруш, жок эле дегенде чыр чыгарууга аракет кылышты. Албетте, милиция кызматкерлери провокацияга алдырышпай, ал аялга чыр чыгарууга жол беришкен жок. «Кабарчы кызды уруш, жаңжал чыгар, фотоаппаратын жулуп ал, маданиятсыз сөздөр менен сөк, жулкулдат» деп бирөө мажбурлагансып, өзүнүн бейбаштыгын бийликке түртө салгысы келген аял «мунун баары бийликтин буюртмасы, менден кантип өч алуунун айласын таппай жүрүп, ушуну ойлоп табышты» деп кыйкыра баштады. Айтор, уурусу күчтүү болсо ээсин доого жыгат кылгысы келишти эле, ал аракеттеринен майнап чыкпады.
Камчыбек Ташиев кезегинде журт башы болом деп ат салышкан адам. Колдоочуларынын бул өңдүү бейбаш, маданиятсыз, ажаан жоругу Камчыбек мырзага эч кандай аброй алып келбейт, тескерисинче, жүз миңдеген адамдардын кыжырдануусун жаратат.

Эльвира Караева
politika@super.kg

 Кыстарылган видео 
Ташиевчилердин журналисттерге болгон мамилеси
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (27)
vanga_78
2013-05-06 19:25:57
Ооба, абдан окунучтуу! Жаман эч нерсе жазгым келбейт, алар да Эне, алардын да мага окшогон балдары болсо керек. Айырмасы менин Апам уйдо неберелери менен, 4000сом пенсия алат, ошого Кудайга шугур дейт, Жаратканым силердин ден соолугунарды, келечегинерди берсин дейт. Абдан окунучтуу, ээ Жараткан Алла ыйман бер!!! Россияда убакыт болоор менен жанылык окумай. Баягы эле митинг, секиргичтер,жепжутаттар,маданияттуу суйунторлук эч нерсе жок. Кармабаааааа мени кармабаааа! Кулака абдан жаман угулат экен
0
vanga_78
2013-05-06 19:40:25
Журналист демекчи эки кабарчы менен кышта болгон окуя эске тушот.Козунун жашын колдотуп особняктын адында корсоткондо боорум ооруп бир жинденгенимди айтпа,кунуго окуйм жанылык не болду экен, кармалыптыр.оо жакшы. Эми жазасын алышат. Суйунуч. Бирок аягы жинденгенимди айтпа... Ушул сыяктуу окуядан кийин балким жанагы сыяктуу создор коштоп журсо керек Журналист деген кесипти.
0
Kg.lady
2013-05-06 21:46:15
Ктрканын журналистериндей болуп жазган арызын кайра кайтарып албайбы Ширин эжеке.Аягына чейин чыгарып,ажаан аялга жазасын бердиртсин......!!!
0
admin_media
2013-05-07 09:11:46
Kg.lady,
SUPER.KG порталынын кабарчысына кол көтөргөн аял административдик жазага тартылды
http://www.super.kg/kabar/?action=janylyk_show&janylyk_id=17969
0
emigo
2013-05-07 00:25:40
не болсо да ал аялдар бул ролду жаратканы учун канчалаган акча иштеп алышты..... жашоо учун курош деп ушуну айтып кетиштиби бекен а .......!?
0
emigo
2013-05-07 00:41:02
чоон эле аялдын суйлопаткан созун карагыла. не имееш права деп. тообо кылдым журналистерди жадакалса согуш болупаткан жерге барып эки тараптагылардан интервью алып келгени да правасы бар эчким тийбеш керек
0
Batu12
2013-05-07 01:37:14
Анда неге Ташиев куноолу...???
0
Taalaibek.
2013-05-07 14:32:07
Томндогу жазууларды окуп отурсам, менимче К. Ташиевди эчким колдобойт окшойт. Элге кереги жок чондун анда бийлике эмне кереги бар? К. Ташиевдин куноосу болсо соттолсун, куносу жок болсо бошотулсун да.
0
mi-li-na
2013-05-07 15:05:58
Ташиев ал аялдын адеп-ахлагына жооп бербейт, и катышы да жок. Биз интернет колдонуучулардын пикири башка а карапайым элдин да пикирлери башка Ташиев тууралуу. Азыркы бийлик Республика мн Ата-Журттан коркуп болушунча шыбап 2 партияны алсыратыштын камы менен алек болуп журушпойбу. Биздеги бийликке келгендердин баары эле басып алып анан такка келбеди беле, тан кала турган эч нерсе деле жок бул жерде.
0
zamir
2013-05-07 23:57:52
Ташиевдин куну бутту окшойт, эми жон эле саясатка аралашпай бизнес кылып журо берсин, бул адам эми бийлике келе албайт, келсе да жогорку бийлик бутагына чыга албаса керек деп ойлойм, себеби ал коптон бери кашыктап топтоп келген кадыр - баркына, карьерасына балта чаап алды....
0
bakaika
2013-05-08 21:44:22
Ташиевдин куну эч качан бутбойт кудай буйурса, Ташиевге бизнес эмес элдин келечеги кызыктырат. Булардын баары азыркы бийликтин уйуштурмасы. Озунор деле ойлонуп корсонор болотда ал аялдарга зарыкпы ушинтип чырдашып журуш. Ал ажаан аялдар да эптпеп акча таап журушот да.Корунуп турбайбы актриса болуп кйкырып жаткандары .
0
azash13
2013-05-09 00:10:44
жазат десе эле жаза берет экенбиз да.Бир кумалак бир карын майды чиритет деген бар...Ташиев ошондой аялга куну тушкудой акыбалга келе элек...камакта жаткан 3 депутат кандай койгойлорду которуп чыгышты эле...аларга бийлик эмес элдин байлыгын кайтарып алуу болчу.тилеке каршы, сасык акчага сатылган бийлик жана бир канча депутаттар ата журчулардын максатына жеткизбей, элди да алдаган ошолор...Ташиев минжаман болгондо да анын ош окуясына тийгизген таасири аябагандай зор...акыры чындык ачыка чыгаар!!!
0
RIO
2013-05-09 09:44:24
Ай журналист чон кыз, ИШ ООРДУН ЭЭСИНЕ бошотуп бербепсиз да?!
0
Buma
2013-05-10 04:08:05
aii urushaarga joo, urunaarga too tappai jatkan ejeleler go :)
0
Cholpon14
2013-05-10 13:25:59
Эй Кыргыздар биз качан онолобуз, качан ушундай ушактардан арылабыз, качан маданияттуу эл болобуз деген суроолорду ар бир адам озуно берсе жакшы болмок беле. Озунун башындагы тоону корбой, бироонун башындагы чопту корусун деген макал бекеринен айтылбаптыр.
0
meriem
2013-05-11 03:03:07
uyat!tim ele duwmany menen soguwup jatkandai...uwundai adamdarga e4 tuwunboim.Ne uyundo uy bulosu,bala 4akasy jok beken,karagyday?ozdorunun iwin kylywpaiby...
0
№ 548, 3-май-9-май, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан