«МАНАС» ЭПОСУ ВЕНГЕР ТИЛИНЕ КОТОРУЛУУДА...

  • Өкмөттүн токтомуна ылайык, 9-МАЙДАН 12-МАЙГА чейин эс алуу күндөрү деп жарыяланды.
  • Улуттук статистика кызматынан билдиргендей, 2012-жылы Кыргызстандагы ишканаларда жана мекемелерде 7,6 МИҢ жаңы жумуш орундары түзүлгөн.
  • «МАНАС» ЭПОСУ венгер тилине которулуп жатканын Венгриянын Тышкы иштер министри Жолт Немет билдирди.
  • 2013-жылдын алгачкы 2 айында өлкөдө 1515 ТҮГӨЙ ажырашкан. Бул тууралуу КРнын Улуттук статистика комитетинин маалымат кызматы билдирет.
  • Былтыр «Кыргыз темир жолу» ишканасы 549 МИҢ жүргүнчүнү тейлеген. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы маалымдады.
  • Жогорку Кеңештин депутаты ЭГЕМБЕРДИ ЭРМАТОВ КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп дайындалды.
  • «Учурда Бишкек шаарында 161 МИҢ автоунаа катталган»,- деди шаар мэри Иса Өмүркулов.
  • «Ата Мекен» фракциясы Социалдык өнүктүрүү министрлигине өкмөт башчы сунуштаган КУДАЙБЕРГЕН БАЗАРБАЕВДИН талапкерлигин колдоду.
  • Качып кеткен президент К.Бакиевдин санаалашы саналган ПАЙЗУЛЛА РАХМАНОВ боюнча соттук отурум жылдырылды.
  • Каржы министрлиги маалымдагандай, 2013-жылдын февраль айына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 3,2 МИЛЛИАРД доллардан ашты.
  • Кыргыз бийлиги саясат таануучу АЛЕКСАНДР КНЯЗЕВДИ Кыргызстандын аймагына кирүүгө тыюу салды.
  • Кыргызстанда бүгүнкү күндө Ата Мекендик согуштун 1744, тылдын 6677 ардагери бар.

Эльвира Караева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
manas1987
2013-05-13 12:29:40
которулду антти минтти корсо ошолордуку турбайбы деп сатып жибербегиле
0
№ 548, 3-май-9-май, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан