«ОРОЗКУЛ» ЖАШООДО БООРУКЕР АДАМ ЭЛЕ...

Орозбек Кутманалиевди эл Орозкул деп таанышат. “Ак кеме” фильминдеги зөөкүр Орозкулдун образын ийинине жеткире аткарган дал ушул залкар эмеспи. Оомал-төкмөл бул дүйнөнүн муң-зары көп. Дегеним, актёр гана эмес, режиссёр, диктор, төкмө акын, ырчы, жомокчу, коомдук ишмер Орозбек агабыздын дүйнө салганына 4 жыл болду.

Устукан үчүн ырдачу

Орозбек аганын балалыгы Сокулук районуна караштуу Шалта айылында өткөн. Кайталангыс таланттын балалыгы согуштун катаал жылдарына туш болгон. Ал кезде кан майдандан кайткан аскердин келиши бүтүндөй айыл үчүн чоң майрамга айланчу. Ошондо Орозбек баштаган өспүрүмдөр оюн-зоок болуп жаткан үйдү сагалап кароодон тажашчу эмес. Майда балдар арасынан кимиси ырдаса, устукандуу болушчу. Муну көргөн болочок актёр тартынууну таптакыр таштаган.
Ырчы Ашыралы Боталиев 13 жашар Орозбектин үнүн жактырып, айылдан филармонияга алып келет. Ал Атай Огомбаевдин “Эр Панфилов” деген ырын ырдап берип, сынчылардын купулуна толот. Шаар агымына көнө албаган жаш артистти жаңы жашоо укмуш жүдөтөт. Апасын, айылын, досторун эстеп, бир күнү тамдын бурчуна барып ыйлап жатса, Осмонкул акын көрүп калып: “Олда балам ай, азырынча жаштык кылат экенсиң. Эс тартканда өзүң келерсиң”,- деп кайра айылына жеткирип салат. Ошондон кийин ал «ыйлаак артист» атка конот.

Айылдашы – асыл жары

Артист болбой калган талант айылына келип, сельсоветтин катчысы болуп эмгектенет. Ырчылыкты дегдеген жаны бир жыл иштеген соң айылга келген артисттерди ээрчип, борборго баса берет. Тилекке каршы, жаш талантты филармониянын директору жумушка албай коёт. Кыларга иши жок жүргөн күндөрдүн биринде куурчак театрынын артисттерине жолугуп калат. “Артист болом” деген ою күчтүү жигит, ошентип, алар менен ойлонбостон чет өлкөгө 3 айга гастролго чыгып кетет.
Орозбек ага жубайы Гүлнар эже менен бир айылдан. Гүлнара эже актёрго 3 уул, 2 кыз төрөп берет. Улуу баласы Акматбек 14кө, кичүү кызы Чынара 4кө чыкканда Орозбек ага Гүлнарасын шум ажалга алдырып, дүнүйөсү бөксөрөт. Гүлнара эже анда болгону 34 гана жашта болчу. Малдан жуккан сибирь жарасынан улам Гүлнара эже чиедей балдарын таштап, бул жарык менен кош айтышат.

5 баласын бооруна кысып...

Түгөйүнөн ажыраган Орозбек ага 5 бала менен үйдө отурса, бир күнү кыргыз радиосунда иштегендер куран окутуп келишет. Алардын “жумушка чыгышың керек! 5 балаңды ким багат?” дегенин угуп, кыргыз радиосуна режиссёр болуп орношот. Кичүү кызы Чынараны жумушка көтөрүп барып иштеп жүрөт. Кичинекей кыз атасы менен чогуу иштеген Фатима эжени апалап коё бербей жатып, атасына өмүрлүк жар кылып берет. Актёр муну: “Кызым Фатиманы көргөндөн баштап эле апалай баштады. Ошентип, үйлөнүп калдык. Фатима менден 15 жашка кичүү болгондуктан, ата-энеси “картаң кишиге тийдиң” деп кызы менен 10 жыл сүйлөшпөй жүрүштү”,- деп эскерет.

Киного кадам

Радиодо режиссёрлук, ошол эле учурда дикторлук кесипти аркалаган Орозбек агага бир жолу киностудиядагылар “дубляжга катышып бериңиз” деп суранышат. Макул деп студияга кирип барса, короодо эки адам мушташып жаткан болот. Аларды толтура адам курчап алган. “Мусулмансыңарбы? Ажыратып койсоңор боло!” деп кыйкырган диктор таяктап жаткан адамды бир муштап ыргыта коёт. Аңгыча эле бир орус жетип келип, “эмне кийлигишесиң?!” деп урушуп кирет. Көрсө, кинопроба жүрүп жатыптыр. Орозбек аганын кылыгына жарданып карап тургандар кыраан-каткырык салып күлүп калышат. “Эмне ортого түшөсүң?” деп жинденген орус фильмдин режиcсёру Юрий Борецкий экен. Режиссёр болочок актёрду ошол жерден жактырып, “Ак куулар конгон айдың көл” фильминдеги Сабырбектин ролун берет. Залкардын кинодогу тушоосу ошентип кесилет. Тасмада Орозбек ага көбүнчө терс каармандын ролун аткарчу. Анткени менен, жашоодо боорукер адам эле...

Чынара Кутманалиева, залкардын кызы:

«Фатима апамды атама мен алып бергем»

– Атам аябай ак көңүл, пейили кенен адам эле. Гастролдо жүргөндө көп адамдар менен таанышат эмеспи. Туугандарын гана эмес, гастролдон таанышкандарын деле “меникине келгиле” деп чакыра берчү. Үйдөн такыр киши өксүчү эмес. Жатарга келгенде меймандардын көптүгүнөн үстөлдүн астына эже-байкелерим жатса, мага үстөлдүн үстүнө төшөк салып беришчү.
Атам кыргыз эли-жери үчүн күйгөн патриот жан эле. Гастролго чыкканында “кайсы жерден болосуң?” дегендердин баарына “Кыргызстан деген айылдан болом” деп жооп берчү. Бул сөздү атам биринчи айтып чыккан. Азыр баары эле ушинтип калышпадыбы.
Фатима апам бирибизге да өгөйлүк кылган жок. Биз сүйүнсөк сүйүнүп, кайгырсак кайгырып турат. Азыр баарыбыз аны “мамаша” дейбиз. Мамаша атама 6 бала төрөп берди. Учурда 11 балага баш-көз болуп, акыл-насаатын айтып, төрүбүздө отурат.
Атам балдарынын артист болуусун каалаган эмес. Анткени суйкайган жаш артист кыздардын тамеки тартып, аракты шыңгытып жатканын көп көрчү экен.
“Балдарымды багам” деп күндүзү радиодо иштесе, түнкүсүн кинолордун дубляжына катышчу. Кичинекей балдардын үнү керек болгондо бизди да алып барчу. Эртеси мектепке барып, “мен кечээ иштебедимби?” деп балдарга мактанчумун.
2004-жылы 31-декабрда “Замана” студиясындагы куттуктоо программасын окуп, үйгө жакшы эле келген. Иштеп көнүп калган жаны кечкисин да бир фирмага кароолчу болуп орношуп алган эле. 1-январда баарыбыз чогулуп, ата-энебизди Жаңы жылы менен куттуктадык. 2-январда атам сменге кеткен. Анан эле 3ү эртең менен жүрөк оорусу кармап кете бериптир. Өзүнө-өзү «Тез жардам» чакырган экен. Бирок алар келгиче эле бул жарык менен кош айтышыптыр.
Көзү барында Ала-Арча көрүстө­нүнө куран окутканы барып калсак, “балдарым кыйналганымды көрүшпөсө экен. Кудай мени кыйнабай эле алып кетсе экен” деп көп айтчу. Ошондой эле болду. Атамдын бул дүйнө менен коштошконун укканымда бул жашоо жоголуп кеткендей эле болду мага. Анткени таянар тообуз, жөлөнөр дарагыбыз атам эле.

Залкар баскан улуу жол

  • 1932-жылы жарыкка келген;
  • 1955-жылы Куурчак театрынын артисти;
  • 1965-жылы Филармонияда ырчы;
  • 1969-жылы Кыргыз телекөрсөтүү жана радиоуктуруу комитетинде режиссёр, диктор;
  • 1975-жылы Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти, 1992-жылы КРнын Эл артисти наамына ээ болгон.
  • 1992-жылы ардактуу пенсияга чыккан;
  • Дастандар менен катар «Жүрөктү жүрөм дарылап”, “Айдай кыз”, “Кыйнабай жүрчү”, “Гүлдесте” ырларына обон жаратып, өзү аткарган.
  • “Ак кеме” фильминде Орозкулдун, “Сүйүү жаңырыгында” Бектемирдин, “Эрте жаздагы турналарда” Бейшембектин, “Ак куулар конгон айдың көлдө” Сабырбектин ролун жараткан. Залкар талант 30га жакын фильмге тартылып, кыргыз кереметинин өнүгүшүнө салым кошуп кетти.
  • Пенсияга чыкса да, Шаршен атындагы Чүй облустук театрдын артисти, Бишкек шаарындагы Свердлов районуна караштуу Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу комитетиндеги аксакалдар сотунун төрагасы болуп эмгектенген.

Сүйүн Кулматова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 348, 3-9-июль, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан