АНКЛАВ ЧАТАКТАРЫ КАЧАН ТЫЙЫЛАТ?

Жыл башында болуп өткөн Чарбак менен Өзбекстандын Сох анклавынын ортосундагы окуя унутула электе Баткендеги Ак-Сай айылы менен Тажикстандын Ворух анклавында чатак чыкты. Баткен облусундагы аймактык кабарчыбыз чырдын чоо-жайы менен таанышып келди.

«ТАШТАРДЫ ЖААДЫРЫШТЫ»
27-апрель күнү Ак-Сай айылында кыргыз жарандары менен тажик жарандары жаңжалдашты дегенди угуп, эртеси таң атпай жолго чыктым. Бирок Көк-Таш айылынын кире беришинде жаанга карабай жолду бууп алган элге туш болдук. Унааны андан ары айдатпай коюшту, андыктан түшүүгө туура келди. Фотоаппаратымды алып чыгып ишке киришсем, үч-төрт ачуулуу кыргыз киши «Эмне кылып жатасың? Сүрөттөрдү өчүр! Сен тыңчысың!» деп жулмалап киришти. Укук коргоо кызматкерлерине кайрылайын десем, аларга деле баш ийбей жатышканын көзүм чалды. А-бу дегенге көнүшпөй, кабарчылык күбөлүгүмдү көрсөтүп араң кутулдум.
Көп өтпөй жолду ачышты, мен сапарымды Орто-Боз айылына уладым. Бул айылдын Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен жеринде кыргыздар топтолуп турушуптур. Алар да жолду жаап алышканы үчүн токтоп турган унаалар көбөйүп кеткен. Топтолгондордун арасынан унаасы тажиктер тарабынан талкаланган, өзүн Азамат Жусупов деп тааныштырган жабырлануучу окуяны мындайча баяндады:
– 27-апрелде Баткен шаарынан келе жатсам, жолдо тажиктер кыргыздарды таш менен уруп жатышкан экен. Мен да таш бараңга аралашып кеттим. Унаамдын айнектерин талкалашты. Алдын ала таш топтоп алышканбы, бизге ыргыткан ташы деги түгөнбөдү. Канчалык катуу тийгенине карабай биз да таш менен жооп берүүгө аргасыз болдук. Кийин укук коргоо кызматкерлери келип, урушту токтотушту.

«ЖӨНСҮЗ ЭЛЕ ТОКМОК ЖЕДИК»
Ак-Сайга баруучу жол ачыла электигин угуп, жабыркагандарды көрүү үчүн Баткен облустук ооруканасына келдим. Ал жерден окуя учурунда башы жарылган БУСУРМАНКУЛ КУРАШОВго кезиктим.
– Жаңжал чыккан күнү айыл башчы болгон атам менен сүйлөшүүгө бардык. Тажиктер бир мезгилде атамды ур-токмокко ала башташты, болушайын деген мени да сабап киришти. Бирөө эле башыма таш менен койду. Инимдин да башына таш тийиптир, бирок ал ооруканага келбеди. Таштан жаракат алгандар көп болду. Анын үстүнө бир күн бою жол жабык турбадыбы...

«ТАЖИК УКУК КОРГООЧУЛАРЫ ЭЛИН ТОКТОТУП КОЮШПАДЫ»
Ооруканадан чыгып, кайра Ак-Сай айылына бет алдым. Адегенде эле Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары РАИМБЕРДИ ДҮЙШӨНБИЕВден ал-абалды сурадым.
– Чыр чыккан чек ара тилкеси делимитация боло элек. Жалпысынан Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чектин узундугу 970 чакырымды түзөт, анын 435и такталып бүткөн эмес. Ал негизинен түздүк тилкелер болуп саналат.

Андан кийин жаңжалда ур-токмокко кабылган милиция кызматкери АБСАЛАМ САТТАРОВго жолугуп, маектештим.
– Жубайым менен Хожали айылында үйгө келе жатканбыз, жолдон Тажикстандын укук коргоо кызматкерлери тосуп калышты. Адаттагыдай эле документ текшерүү болсо керек дегиче топтолгон тажиктер келип, унаанын айнегин талкалап, мени токмокко алып киришти. Колумдан унаанын ачкычын алууга аракет жасашты. Арачага түшкөн жубайымды да урушту. Бир кезде аксакал киши келип «бул жерден тез кеткиле» деди эле, унааны катуу айдаган боюнча жөнөдүк. Бизди токтоткон чек арачылар бизге кол көтөргөн элди токтотуп да коюшпады.

Ворух анклавынын калкынын саны 38 миң кишини түзсө, кошуна жайгашкан Ак-Сай айылында 1,5 миңдей адам жашайт.
Ворух – Тажикстандын Согдий облусундагы Исфара районуна караштуу анклав. Кыргызстанда үч анклав бар: Өзбекстандын Сох жана Шахимардан, Тажикстандын Ворух анклавы.

«УРУШ-ТАЛАШ ЖАШООДОН ТАЖАП БҮТТҮК»
Бул окуяга карапайым калк кандай карайт? Ак-Сай айылынын тургуну ТААЛАЙ ИБРАИМОВ чыр-чатак тууралуу мындайча баяндайт:
– Бул жаңжал биринчиси да, акыркысы да эмес. Мындай окуялар жыл сайын эки-үч жолу кайталанып турат. Көбүнчө суунун, жайыттын айынан чыгат. 1975-жылы Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда түзүлгөн келишим боюнча, тажиктерге суу келүүчү канал куруу үчүн кыргыз тарап жер бөлүп берген. Жердин эсебинен алар бизге каналдан суу берип турмай болушкан, бирок бүгүн бир тамчы суу беришпейт.
Жазында Ворух аркылуу жайлоого өтөбүз, андайда мал-жаныбыздын көбүн жоготуп алабыз. Мунун кесепетинен да көп уруш чыкчу, ошондуктан быйыл анклавды айланып өтүүчү, чек арадан 500 метр алыстыкта Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушу 3-апрелде башталган. 12-апрель күнү тажик жарандары курулушка каршы чыгып, 27-апрелде алар жумушчуларды таш бараңга алышкан. Мындайды карап отурмак белек, Ак-Сай эли да көтөрүлүп чыктык. Ворух анклавы тышкы дүйнө менен биздин айыл аркылуу гана байланыша аларын билебиз, ошол үчүн жолду жаап салдык. Алар Мачайи айылындагы жолду тосуп, Ак-Сайды анклавга айландырышты. Анан Ак-Сайдын эле тургундарын эмес, Көк-Таш менен Орто-Боздун жашоочуларын да таш бараңга алып киришти.
Урушту укук коргоо кызматкерлери келип токтотушту. Кийин облус башчысы Жеңиш Разаков менен Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов да келди. Эки мамлекеттин бийлик өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүштү. Карапайым калк бул маселени чечүүгө 15-майга чейин убакыт берди. Андан ары көтөрүлгөн элди токтотуу оор болуп калат. Биз мындай уруш-талаш жашоодон тажап бүттүк.

Дагы бир айыл жашоочусу МАРИЯ КАТТАБЕКОВА буларга токтолду:
– Абал турукташып калганы менен, маселе чечиле элек. Бийлик өкүлдөрү бизди куру сөздөргө эле сугарып коюшту. Алар мындай маселе акырындык менен чечилет деп түшүндүрүштү, Чарбакты мисал келтиришти. Демек, бийлик биздин маселебизди чечип бериш үчүн, көңүл бурдуруу үчүн Чарбактагы окуядай кыз-келиндерибизди тажиктерге барымтага беришибиз керек экен да?!

«АК-САЙСЫЗ БАТКЕН КУУРАП КАЛАТ»
Окуя super.kg порталынын «Кабарлар» бөлүмүндө кызуу талкууланууда. Колдонуучулардын бири төмөндөгүдөй билдирүү жазып калтырган.

onlife.bat_aks, 27.04.2013:
– Ак-Сайдын кулуну болом, былтыр тажиктер айыл аксакалын сабап кетишкен болчу. Мындайга убагында чара көрүлбөй кала берсе, Лейлек Баткенден бөлүнүп калышы мүмкүн. Анан да Ак-Сай бүтүндөй Баткен облусу үчүн маанилүү, себеби Төрт-Күл суу сактагычына барып суу куйган канал Ак-Сайдын этегинен өтөт. Эгерде тажиктер каналдын башын ээлеп калса, анда Баткен куурайт. Өрүкзардан кол жууп калабыз.

ОКУЯДАН КИЙИН
Ак-Сай менен Ворух анклавынын ортосундагы жаңжалда кыргыз тараптан 8 адам жабыркаганын Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов билдирди. Ошондой эле бул окуя боюнча 8 кылмыш иши (бейбаштык, уруп-сабоо, мүлккө атайын зыян келтирүү беренелери) козголду. Жабыркагандарга «башы-көздөрү көгөргөн», «мээси чайкалган» деген диагноз коюлган. Андан тышкары 2 кум-шагыл ташуучу унаа талкаланды.
Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө Согдий облусунун Аткаруу комитетинин орун басары А.Сангинов тажик жарандарынын мыйзамсыз аракеттери үчүн кечирим сурап, келтирилген материалдык чыгымды калыбына келтирүү чаралары көрүлөрүн айтты.
Транспорт жана коммуникация министрлигинен билдиришкендей, жаңжалдын чыгышына шылтоо болуп калган жолдун курулушу чек арадагы талаш-тартыш маселелер чечилип бүтмөйүнчө токтотулду. Ошондой эле Чек ара кызматы Баткен облусу боюнча аймактык жеке курам тарабынан чек ара күчөтүлгөн тартипте коргоого алынганын айтып кабар таратты.
Ошентип, сапарым аягына чыкты. Бирок кайтууда бир да кыргыз айдоочу чыкпай, кечээ эле кырылышып жаткан тажиктердин унааларынын бирине түшүп үйгө жөнөдүм.

Бегайым Тажибай кызы
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
nurbek_posol
2013-05-06 13:00:48
Айбалаев керек!!
0
inoplanetyanin
2013-05-06 14:21:46
nurbek_posol, tuura aitasyn, Aibalaev kerek,kerek jana kerek Batken eline!
Super-info,Mamat Aibalaevden da intervyu alyp koigula4y uwu jonundo!
0
admin_media
2013-05-06 14:26:17
inoplanetyanin,
Сунушуңузга рахмат! Тийиштүү бөлүмгө кабарлап койдук.
0
nurbek_posol
2013-05-06 15:19:23
inoplanetyanin, Сага рахмат! Супер инфого ушул маселени сунуштоо башыма келбептир :) чын эле Айбалаевден кенири маалымат алышса жакшы болмок. Айбалаевден интервью алганы менен бийлик конул кош карап жатпайбы... ошонусу окундурот. Партиялардын арасында орун талаш тымызын журуп жатат. Бизнес.
0
nurbek_posol
2013-05-06 15:20:39
А элдин койгойу айтылып, асманга учуп жатат...же жок дегенде ошол чек арага жакын жашаган уй-булолорго пенсия, пособиелерди эки эсе коп берип, оз жерлерин коргоп, чек араны ээлеп тургандары учун мамлекет тарабынан акчалай жардам кылса жакшы болот беле.Чек арада жашоо оной эмес.
0
egemberdievagulbara
2013-05-07 17:42:29
Айбалаев керек баткен елине егер ал болбосо бир жылда еки,уч жолу емес еле еки,уч жыл ичинде баткен жоголуп кетуу коркунучунда турат,
0
escape
2013-05-08 01:16:46
Batken bolynyp ozyncho mamileket boluw kerekta owondo onolboso biylik taraptan kechirip koi da jardamdy,biz ondoibuz batkendi kuda kalasa
0
temirlan85
2013-05-08 10:54:48
Биздин кыйын мушкер депутаттарыбыз парламентте урушуп тытышпай, Баткенге барып оздорунун жакшы жактарын коргозсо болотко!
0
aizish
2013-05-12 09:36:57
Айбалвев деген ким эле озу?
0
admin_media
2013-05-13 12:17:49
aizish,
Баткен облусунун экс-губернатору.
0
№ 548, 3-май-9-май, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан