«Соолуган карек», «Сен эмне кылмаксың?» деген тасмалардын жаратуучусу Сүйүн Откеев дагы бир жаңы кино тартканы турат. «Миллиондук мелдеш» деп аталган тасма тууралуу режиссёр: «Буюрса, аябай табышмактуу фильм болот. Себеби мелдештин аягында эмне болорун эч ким билбейт. Тасмада колунда бар адамдар карапайым калктын тагдыры менен каалагандай ойногондору баяндалмакчы. Азырынча тартуу боюнча казак туугандар менен сүйлөшүүлөр жүрүп, актёрлорду байкаштырып жатабыз. Кастингди май айына пландап койдук. Оюбуз ишке ашса, Казакстанда да көрсөтөбүз деген үмүт бар»,- дейт.