Учурда Курманжан датка тууралуу тасма тартылып жатканынан баары кабардар. 2014-жылы жарыкка чыкчу тасманын артында көп сөздөр болгонун угуп калганыбыз бар эле. Курманжан датканын жаш кезин ойногон актриса Элина Абай кызынан мурун бул ролго Гүлнур Асанова бекитилгенин баары эле биле бербесе керек. Бул тууралуу Гүлнурга байланышканыбызда, ал жайында сунуш түшүп, бир топ убакыт даярдык көрүп
жүргөндө тартуучу топтун планы өзгөрүп кеткенин айтты.
«Башында Курманжан датканын ролуна мен, Алымбек датканыкына Болот Тентимишов тандалып, даярдык көрүп көпкө жүрдүк. Мына-мына тартылат деп баштаганда Болот байке ролдон баш тартып койду. Андан кийин эле мага «сенин орто курактагы кезиңди ойногонго актриса таппай жатабыз» деп калышты. Мен пландардын өзгөрүп кеткенин кийин уктум. Көрсө, тартуучу топ менин ордума Элинаны бекитип, жыйын өткөрүшүп, жаңылыкты таратышкан экен.
Эмне демек элем, Элина курбум болгондон кийин ал үчүн кубанып койдум. Бул нерсеге көп деле капачылыгым жок, болгону ошол кезде Африкага фестивалга бармакмын. «Тасмага тартыласың, кал» деп суранышканынан калган болчумун. Эми болсо датканын уулу Камчыбектин жубайы Аселдин ролуна сунуш түштү, буюрса, ошол ролду жаратам го»,- дейт Гүлнур.