Ырчы Айбек Замирбек уулу менен Назгүл Токтакунованы түгөйлөр деп көп айтып калышат. А бирок бул сөздү экөө тең «жөн гана доспуз» деп четке кагып, өздөрүнө жакын жолотушпайт. Мейли, дос болсо достур, бирок жакында Назгүлдүн интернет баракчасындагы Айбектин белинен кыса кучактаган, бири-бирине ыктаган сүрөттү көрүп эч эле бул сөзгө ишене албай койдук. Балким, башында дос болуп жүрүп, кийин сүйүү жаралгандыр. Өткөндө бизге берген маегинде Айбектин атасы актёр Замир Сооронбаев баласынын жаңылыктарын гезиттен окуйбуз деп жатты эле. Андыктан, Замирбек агай, «уулум кандай кызга үйлөнөт экен?» деп эми баш катырбай эле койсоңуз болчудай.