«Супер сулуу-2012» сынагынын жеңүүчүсү Гузеля Келдибаева быйыл Индиянын Гоа штатына барып эс алып кайтканын билсеңиз керек. «Супер сулууга» эми дизайнерлердин көзү түшүп, моделдик агенттиктерден да иштешүү тууралуу сунуштар түшүп жатыптыр. Гузеля бул тууралуу: «Март айында өткөн «Мусулман кийимдер көргөзмөсүндө» белгилүү дизайнердин кийимдерин кийип чыктым. Бул менин чоң подиумга алгачкы жолу чыгышым болду. Жакында «Кыргызстан мода жумалыгына» да модель катары катышам. Ошондой эле бир моделдик агенттик келишим түзүп иштөө тууралуу сунуш киргизип жатат»,- дейт. Мына, багы ачылат деген ушул да. Ии, баса, жакынкы күндөрү «Супер сулуу-2013» сынагы старт алганы турганын кошумчалай кетели. Андыктан, сулуулар, чамдаңыздар!