Концерт өткөн жай – Спорт Ордосу
Башталышы – 20:10 (40 мүнөт кечикти)
Көрүүчүлөр – Спорт Ордосунун 60 пайызы
Алпаруучулар – Мирлан Жетигенов, Жанара Атабекова
Билет баасы – 300-400 сом 1-Май – Эмгекчилер күнүнө тушталып өткөн Фариданын концертине барбай койбосом болбос. Адат болгон кечигүүдөн эл тажаганбы, жети жарымда эле «ай, ачпайсыңарбы, Фарида эмне, майрамдап кеткенби? Андай болсо биз деле шашпай келмек экенбиз» деп эшикти каккылап жатып киришти. Мага жакканы, сахна гүлгө оролуп, жоогазын талаасында жүргөндөй сезим калтырат экен. Көпкө күттүрбөй чыккан Фарида адегенде эле кайгылуу ырларын созолонтуп, кыйкырып-ышкырып жаткандарды ойго салып койду. Ырчы айымдын чын эле күйөрманы көппү же тууганыбы, же колдоо катуубу, айтор, сахнага чыккан сайын жок дегенде 5тен гүлдесте алып, гүлгө оролуп эле калды. Анысы го ырчы үчүн жакшы дечи. Бирок айрымдар «концерт көрөбүзбү, жокпу?!» деп да нааразыланышты. Фариданы куттуктап Гүлнур Сатылганова, «Жетиген» куудулдар тобу, Азиза, Айнура Салахидинова, Малика Дина, Бактияр Токторов, Гүлжигит Сатыбеков, Азиз Жетигенов, Айгерим Расул кызы келишиптир. Айгерим ырдап жатканда кичинекей кыз гүл берсе, колундагы микрофонду унутуп калдыбы, кыздын бетинен өөп салып жатпайбы! А фонограмма болсо өз нугунда кетип жатты. Анан да Фаридага «жоргодой арышың кенен болсун, концерттен чыкканда минип кет» деп таластык акеси жорго белек кыларын айтты.
Карбосова карындашым жеке концертин бербей буулугуп калганбы же сахнадан кеткиси келбей койдубу, концертин 4 сааттан ашык убакытка созуп жиберди. Ошентип, түнкү 12 жарымда бүткөн концерттен карбаластап үйүмө кайттым.
Толик сынчы
star@super.kg